Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Мадуро кол салуу үчүн коңшуларын айыптады


Николас Мадуро.
Николас Мадуро.

Ишембиде Венесуэланын президентине кол салуу болгону кабарланды. Николас Мадуро аскердик парадды кабыл алып, сүйлөп жаткан. Аз өтпөй эле ал "мени өлтүрүүгө аракет кылышты" деп дароо коңшу өлкөнүн президентин жана башкаларды айыптады. Алты киши кармалды.

Капыстан чыккан бүдөмүк добуш президенттин сөзүн чорт бөлдү. Николас Мадуро селт эте түшүп, микрофонду кармай калды. Парадды көрүп жаткан төрдөгүлөрдүн баары жогору карашты. Камера андан аркысын көрсөткөн жок.

Жарылуу болгон учур. 4-август, 2018-жыл.
Жарылуу болгон учур. 4-август, 2018-жыл.

Кийинки кадрда алдастаган үндөр, адамдардын дүбүртү угулуп, аянттагы ширеңкенин талындай тизилген аскерлер чакчалекей түштү.

Андан кийинки кадрда жансакчылары Мадурону чопкут калкан менен курчап калышканы көрүнөт.

Кийинчерээк ички иштер министри Нестор Реверол эки бомба орнотулган дрондор менен чабуул коюлуп, андан жети жоокер жарадар болгонун билдирди. Министр дрондун бири башкаруусун жоготуп көп кабаттуу үйгө тийип жарылганын, экинчиси да бутага жетпей абада жарылганын билдирүүдө.

Окуядан бир сааттан кийин президент Николас Мадуро мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуу менен чыгып, дароо өзү күнөөлүү деп эсептегендердин атын атады:

- Мени өлтүрүү аракети болду. Күмөнүм жок, жиптин учугу Венесуэладагы ашынган оңчулдарга, алардын Колумбиядагы оңчул өнөктөштөрүнө алып барат. Мунун артында Хуан Мануэль Сантос турат. Мен мындан күмөн санабайм.

Хуан Мануэль Сантос коңшу Колумбиянын президенти. Андан аркы сөзүн Мадуро алдын-ала "шектүүлөр аныкталды" деп, ал түгүл кол салууну каржылагандардын дайын-дарегин атады:

- Баштапкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, мага кол салууга аракеттенгендерди каржылаган түрдүү тараптар бар. Алар Кошмо Штаттардын Флорида штатында жашайт. Дональд Трамптын өкмөтү биздин континентте, ушу тапта Венесуэлада ири чабуулдарды уюштурууну көздөгөн ошол террордук топтор менен күрөшүүгө даяр деп үмүттөнөм.

Жекшембиде Ички иштер министрлиги алты киши кармалганын билдирди. Бирөө былтыр аскер базасына кол салуу үчүн айыпталган, дагы бирөө 2014-жылы антиөкмөттүк көчө жүрүштөрүнө катышканы үчүн кармалган адам болуп чыкты. Калгандары тууралуу азырынча маалымат жок.

Мадурого кол салууга ким кызыкдар?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

Колумбиянын Тышкы иштер министрлиги айыптоону "абсурд" деп атап, "Мадуро бардык кесепеттер үчүн бизди күнөөлөй берип көнүп калган" деп билдирүү таратты.

Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "АКШ өкмөтүнүн бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин так кесе айта алам" деди. Ал ошондой эле кеп төркүнү Мадуронун режими коррупцияга батканында жана оппоненттерин куугунтуктаганында болуп жатканын белгиледи.

Венесуэла борбору Каракас шаарынын көрүнүшү. 31-январь, 2018-жыл.
Венесуэла борбору Каракас шаарынын көрүнүшү. 31-январь, 2018-жыл.

Оппозиция Мадуронун өкмөтү демейде мындай окуяларды режимди сындагандарды жазалоону күчөтүш үчүн колдонуп келгенин билдирүүдө.

“Өкмөт бул окуяны мыйзамдуу жана демократиялуу жол менен өзүнө каршы чыккандарды жазалап, репрессияны жана адам укуктарын такай тебелөөнү күчөтүш үчүн колдонорун эскертебиз” - деп айтылат оппозициялык Кеңири фронт коалициясынын “Твиттердеги” билдирүүсүндө.

Ансыз да алдыңкы оппозиция лидерлери камакта.

Жарылуудан аз өтпөй эле президенттин дароо бир нече тарапка кине койгону да атаандаштарынын ишенбестигин жаратууда.

Чабуул үчүн өлкөдө анча таанымал болбогон, өздөрүн “Майкечен жоокерлер” улуттук кыймылы деп атаган топ жоокерчилик алды.

“Биз Конституция менен демократияны калыбына келтирүүгө жетишмейинче күрөштү токтотпойбуз” деп айтылат алардын билдирүүсүндө.

Алар ошондой эле бул чабуул аркылуу Венесуэладагы экономикалык каатчылыкка каршылыгын билдиришкенин да кошумчалашкан.

Каракастын көчөсүндөгү демонстранттар. 19-апрель, 2017-жыл.
Каракастын көчөсүндөгү демонстранттар. 19-апрель, 2017-жыл.

Түштүк Америкадагы бул мамлекет мунайга бай жана көз каранды. Ошондуктан мунайдын баасы түшкөндөн бери оор экономикалык кризистен чыга албай келет. Мунун арты элдик толкундоолорго алып келген. Былтыр айлап созулган жүрүш-митингдер учурунда күч түзүмдөрү менен кагылышууда ондогон адам өлгөн.

Негизи эле, 2013-жылы бийликке келген Мадуро башынан эле мурдагы президент Уго Чавестей кадыр-баркка ээ боло алган жок. Өлкөдө ири каршылык акциялары 2014-жылдан тартып башталган.

Каракастагы кагылыш. 3-май, 2017-жыл.
Каракастагы кагылыш. 3-май, 2017-жыл.

Түндүк жана Түштүк Америка континентиндеги бир далай өлкөлөр “авторитардык, диктатуралык бийлик орнотту” деп Николас Мадурону сындап келатышат.

Мадуро Орусиянын жана Ирандын лидерлери менен ымалалаш. Ал президент Путин менен жолугушуп, АКШдан келүүчү болжолдуу коркунучтан коргонуш үчүн жардам сураган да жайы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG