Ооганстан: америкалык база чабуулга кабылды

Жалал-Абад шаарынын сыртындагы АКШнын аскерий базасы чабуулдан кийин, 02.12.2012

Жекшембиде талиптердин чабуулунда Ооганстандын Жалал-Абад шаарынын сыртындагы АКШнын аскерий базасында ондон ашык киши набыт болду, алардын көпчүлүгү талип согушкерлери экени кабарланды.
Талиптердин чабуулунда үч кароолчу жана эки карапайым тургун набыт болгону кабарланууда. Кол салууда тогуз талип да жок болду. Нангархар полициясынын маалымат кызматы "Азаттыктын" Машаал кызматына жарадарлардын саны 20га чукул экендигин бышыктады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талибдер АКШ базасына чабуул койду

НАТО баштаган Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн маалымат катчысы Гүнтер Кац чет элдик аскерлердин арасында да жараат алгандар бардыгын кабарлады, бирок санын келтирген жок.

- Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн айрымдары жараат алды, бизге келип түшкөн маалымат боюнча мындан тышкары кол салууда ооган улуттук коопсуздук күчтөрүнүн бир мүчөсү каза тапты.

НАТОнун өкүлү ошондой эле талиптер аскердик базанын ичине кире албагандыгын кошумчалады:

- Биздеги алдын ала кабарлар Жалал-Абаддын аба бекетине кол салуу болгондугун көрсөтүүдө. Алгачкы сааттарда биз үч жан кечти машина менен базага кол салганын аныктадык. Базанын периметри бузулган эмес, ошондуктан базанын ичине эч ким кире алган эмес.

Кол салгандар таң атып келатканда бомба жардырып, ракетадан аткылап киришкен. Кийин белине бомба байлаган жан кечтилер чабуулга өткөн. Такталбаган маалыматка караганда, айрымдары ооган армиясынын формасын кийип жүрүшкөн..

Ооганстандагы "Толо" телеканалынын саясий бөлүмүнүн жетекчиси Лотфулла Нажафизаде базага уюшкан топтор ар тараптан кол салышкандыгын бышыктады. Нажафизада "Азаттыкка" телефондон кол салгандар ооган армиясынын аскерлери болушу мүмкүн деген божомолду четке какты:

- Кол салгандар Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрүнүн, тартип коргоочулардын жана армиянын формасын кийип алышыптыр. Бирок алар ооган армиясынан эмес. Алар базага кириштин айласынан аскер формасын кийип алышкан. Ооган армиясы алардын жолун тороп, үч жарым саат атышты.

Чабуулдан кийин базанын үстүндө америкалык тик учма айланып жүргөндүгү, "тез жардам" кызматкерлери жараат алгандарга жардам көрсөтүп, ооган коопсуздук күчтөрү чукул кырдаалга даяр тургандыгы кабарланууда.