Обама: Демократия бир адамдан улук

Барак Обама Афиныда, 16-ноябрь, 2016-жыл.

АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Европадагы акыркы сапарынын алкагында Афиныда сөз сүйлөдү.

Барак Обаманын президент катары эски континенттеги акыркы сапары Дональд Трамптын шайлоодогу күтүүсүз жеңишинен кийин АКШнын Европадагы тарыхый өнөктөштөрүндө пайда болгон камтамачылыктарды басаңдатуу катары да каралууда.

АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Европадагы акыркы сапарынын алкагында кечээ-бүгүн Грецияда болду. Демократиянын байыркы бешиги саналган бул өлкөнүн борбору Афиныда кеңири сөз да сүйлөдү.

Обама Республикалык партиянын өкүлү Дональд Трамптын шайлоодогу жеңишине кайрылып, “көз караштарыбыз абдан айырмаланганына карабай, менин жана АКШнын кийинки президенти ортосунда чоң айырма болбойт, анткени АКШ демократиясы жалгыз адамдан улук", - деди.

- Адатта, партиясына карабай саясатчылар демократиялуу өлкөлөрдө популярдуу болбойт. Анткени, демократиянын аныктамасы көздөгөнүңүзгө жүз пайыз жетпей турганыңызды, мунасаны талап кылат. Кошмо Штаттар сыяктуу көп улуттуу, көп расалуу, көп маданияттуу коомдо демократия өзгөчө татаал болот.

Барак Обама, глобалдашууга каршы терс реакциялар анын өз мекенинде жана башка өлкөлөрдө популисттик кыймылдарды күчөткөнүн, улутчулдуктун өсүшү оң көрүнүш эместигин, бирок глобалдашуунун учурдагы багыты оңдолуп-түзөлүп, анын пайдасын адамзат бирдей көргүдөй болушу керектигин белгиледи.

АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президенти ошондой эле Европадагы өнөктөштөрдүн камтамачылыгын басууга багытталган да сөз айтты:

- Акыркы жылдары биз НАТОго тарыхый инвестицияларды жасадык, АКШнын Европадагы турумун кеңейттик. НАТО бүгүн дүйнөдө кубаттуулугу жана даярдыгы мурдагыдан чыңдалган эң ири альянс. Мен АКШнын республикалык же демократиялык администрация болобу Трансатлантикалык альянска акыркы жетимиш жылдан берки дилгирлиги жана анын ичинде биздин убадабыз, ар бир өнөктөштү коргоо боюнча милдетибиз дагы улана турганына ишенем.

Мурда саясатта жүрбөгөн, шайланма кызматты ээлебеген ишкер жана миллиардер Дональд Трамптын шайлоодогу күтүүсүз жеңиши, анын өнөктүк учурундагы билдирүүлөрүн, риторикасы Евробиримдиктин бийлик чөйрөлөрүндө тынчсыздануу жараткан эле.

Дональд Трамп Конгресске келген учур. 10-ноябрь, 2016-жыл.

Маселен, өнөктүк учурунда ал эгер НАТОнун европалык мүчөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтпөсө, АКШ аларды коргоо милдеттенмесинен баш тартып коюшу мүмкүндүгүн ишара кылган.

Трамптын шайлоодогу жеңиши билинген соң биримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер атүгүл АКШнын шайланган президентин болочок саясатына, багытына аныктыкты мүмкүн болушунча тезирээк киргизүүгө чакырган:

- Биз АКШнын шайланган президенти өз ниетин ачык айтат деп күтөбүз. Глобалдык соода саясаты кандай болорун, Трамп мырзанын Түндүк атлантикалык альянс боюнча ниети кандай экенин билгибиз келет. Ал климат чөйрөсүндө ишке ашырууну көздөгөн саясат кандай болорун билгибиз келет. Мунун баарына аныктык жакынкы айларда киргизилүүсү абзел. Бул биз, европалыктар Вашингтонго каалоолорунун тизмесин жөнөтөт дегенди билдирбейт, бирок бизге өтө маанилүү, глобалдык өнөктөшүбүздүн көздөгөндөрү боюнча аныктык керек. Биз мына ушул багытта иштейбиз.

Учурда болочок администрациясын куроо менен алектенип жаткан Дональд Трамп Европа лидерлери күткөн аныктыкты азырынча бере элек.

Президенттик кызматка келерки жылы, 20-январда расмий кирише турган Трамп шайлоодогу жеңишинен кийин чет өлкөлүк лидерлерден Германия канцлери, Франция, Кытай жана Орусия президенттери менен телефондон сүйлөшкөнү гана кабарланды.