Дональд Трамп президенттик жарышка жаңы аттанганда бир күнү минтип Ак үйгө кадам таштарын көпчүлүк элестете алган эмес. Президент Барак Обама демократтардын талапкери Хиллари Клинтон үчүн канчалык үгүт жүргүзбөсүн, Дональд Трамп президенттик кызматка ылайыксыз деп канча жолу эскертпесин шайлоочулар өз чечимин чыгарды. Салтка айлангандай кызматтан кете турган президент шайлоонун жеңүүчүсү менен жолукту.
АКШнын алгачкы ындыкара президенти Барак Обама кайчы пикирлерге карабастан, бийликтин тынч жол менен алмашуусу демократиянын негизи экенин шайлоодон кийин эскертти:
- Шайланган президент менен менин ортомдо өтө маанилүү айырмачылык бар экени жашыруун эмес. Бирок сегиз жыл мурда президент Буш экөөбүздүн ортобузда да чоң айырмачылык бар болчу.
Бирок президент Обама кескин билдирүүлөрү менен таанымал Трампты эмес, азыркы саясатты улантып кете турган Хиллари Клинтонду Ак үйдө тосуп алууну каалаган. Ал шайлоо өнөктүгү созулган соңку бир жарым жылда бир нече жолу Трамп сынга алган:
- Анда президентке керектүү мүнөз, билим, чынчылдык жок. Андай билимди алууга да дилгир эместей.
Президенттин жубайы Мишел Обама да Трамптын билдирүүлөрүн сындап, Клинтон үчүн катуу үгүт жүргүзгөн. Батыштын айрым басылмалары кызматтагы президенттин өнөктүккө мынчалык активдүү аралашканы буга чейин болуп көрбөгөнүн жазышты. Алар Обаманын бул кадамын мурдагы мамлекеттик катчыны колдоо гана эмес, өз мурасын да коргоо аракети деп түшүндүрүшүүдө.
Себеби Дональд Трамп Обаманы ишинен майнап чыгарбаган жетекчи деп атап, анын тушунда кабыл алынган чечимдерди жана келишимдерди жокко чыгарам деген. Маселен, ал Обаманын саламаттыкты сактоо системасын реформалоону көздөгөн Obamacare деген атка конгон долбоорун бутага алган:
- Биз шайлоону утканда жана Конгресске республикачыларды шайлаганда бул долбоорду дароо жокко чыгарабыз жана алмаштырабыз. Ал үчүн Конгресстен атайын жыйынга чогулуусун суранам. Бул мен үчүн сыймык болот.
Миллиардер Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы июль айында жетишилген келишимди да сынга алган. Иран менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылыкты соңуна чыгарууну көздөгөн бул келишим Конгресстеги республикачылардын каршылыгына карабай президент Обаманын колдоосуна ээ болгон эле.
Трамп Обама администрациясынын салымы менен кабыл алынган дагы бир ири келишимге – климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж макулдашуусуна каршы чыккан:
- Биз Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча программаларына кете турган миллиарддаган төлөмдөрдү токтотобуз. Ал каражатты Американын суу жана айлана-чөйрө тармагындагы инфраструктурасын оңдоого жумшайбыз.
Буга кошумча Дональд Трамп Обаманын иммигранттарды депортациядан коргогон жардыгына, Куба менен алаканы жакшыртуу жана Гуантанома абагын жабуу чечимине да каршы турат.
Трамптын бийликке келиши менен Обаманын курал-жарактарды чектөө аракети да майнапсыз аяктай турган болду. Жаңы президент курал колдонууну жактагандыктан шайлоонун жыйынтыгы чыгары менен курал-жарак компанияларынын акциялары дароо көтөрүлө түштү.
Ошентсе да Обаманын кайсы мурасы кандай өзгөрөрүн азыр так айтуу мүмкүн эмес. Жаңы президент эл аралык келишимдерди өзгөртөм десе узакка созулган сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керек болот. 60 сенатордун добушун талап кылган чечимдерде да маселеге туш болушу мүмкүн.
Себеби Сенатта республикачылар көпчүлүккө ээ болгону менен алардын саны 51ди гана түздү. Бирок Америка президенти жеке жардыгы менен көп өзгөрүүлөрдү ишке ашыра алат. Маселен Трамптын биринчи иш күнү - 20-январда кол коюла турган 25тей жарлык даяр турат.