АКШ-Кытай: биржаны элеңдеткен тиреш

Шанхайдагы супермаркет. 3-апрель, 2018-жыл.

Кытай АКШнын 50 миллиард доллардык товарына кошумча бажы тарифтерин киргизерин жарыялады.

Мунун алдында АКШда Вашингтон жаңы бажы тарифтерин кое турган кытайлык 1300дөй товардын тизмеси белгилүү болгон.

Дүйнөнүн кубаттуу мамлекеттеринин ортосундагы соода тирештин арты алдыда глобалдык экономикалык өсүшкө зыянын тийгизүүчү соода согушка алып барбайбы деген кооптонуулар жок эмес.

АКШ администрациясынын кытайлык товарлардын импортун чектөөнү көздөгөн чараларына расмий Бээжин буга чейин айтып келгениндей эле ыкчам жооп кайтарган.

Каржы министрлиги шаршемби күнү жарыялагандай, алар эми 25% кошумча бажы тарифин киргизе турган америкалык товарлардын жүздөн ашуун түрү аныкталды.

Арасында, автоунаалар, учактардын кээ бир тиби, химиялык жана айыл чарба продукциялары, алкоголдук ичимдик, тамеки бар.

Кытайдын Соода министрлигинин эсебинде, алар тарифти көтөрө турган америкалык товарлардын былтыркы импортунун акчалай көлөмү 50 миллиард долларды түзгөн.

Мамлекеттик “Синьхуа” агенттигинин жазганына караганда, Кытайдын жаңы тарифтер боюнча чечиминин күчкө кирүүчү мөөнөтү АКШнын мына ушундай эле чечими иштей баштаган учурга көз каранды.

Кытай АКШда өндүрүлгөн соя буурчагын да бажы тарифи көтөрүлө турган товарлардын катарына кошту.

Мунун алдында Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Бээжин АКШнын кытайлык импортту чектөөсүнө теңме-тең чара көрүүгө даяр экенин эскерткен:

- Мен баса көрсөтүп кетейин, АКШда тарифтер боюнча тизменин жарыялануусу бир жактуу протекционисттик кадам. Кытай тарап муну чечкиндүү түрдө айыптап, ага каршы чыгат. АКШ жасаган нерсе, АКШ менен Кытай ортосунда акыркы кырк жылдагы соодада эч ким утпаган, эки жак үчүн пайдалуу кызмматташтыктын маңызын толугу менен билбегендик. Бул АКШ менен Кытайдын улуттук кызыкчылыктары, глобалдык экономиканын кызыкчылыктары үчүн жагымсыз. АКШ Дүйнөлүк соода уюмунун духун жана негизги принциптерин одоно бузду ,- деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лю Кан ССТV телеканалы менен маегинде.

АКШда ал 25% жаңы бажы тарифтерин киргизе турган 1300дөй товардын тизмеси шейшеби күнү жарыяланган.

Алардын арасында технология, аэрокосмос, транспорт, коммуникация жана медицина продукциялары бар.

Мурдараак Вашингтон бажы тарифин кое турган кытайлык товарлардын жылдык импорту да 50-60 миллиард долларга барабар экени айтылган.

Президенттер Дональд Трамп жана Си Цзиньпин Бээжиндеги бизнес форумда. 9-ноябрь, 2017-жыл.

Президент Дональд Трамп мындан эки апта мурда ошол тизмени аныктоого көрсөтмө берген жардыкка кол койгондо мунун жүйөсүн соодагы “эбегейсиз” таңсыктык жана интеллектуалдык менчик уурдалып жатканы менен түшүндүргөн:

- Мен президент Сини абдан урматтайм. Мамилебиз абдан жакшы. Бирок бизде соода балансынын 504 миллиард доллардык таңсыктыгы бар. Анын көлөмү кандай эсептелерине көз каранды болот. Айрымдар "чынында соода таңсыктыгы 375 миллиард доллар" дешет. Бирок кай жагынан карабаңыз, бул бир өлкө үчүн дүйнөнүн тарыхындагы эң чоң таңсыктык. Бул көзөмөлдөн чыгып баратат. Бизде интеллектуалдык менчик эбегейсиз, жүздөгөн миллиард долларга уурдалган кырдаал уланууда. Бул жыл сайын болуп жатат, - деген эле президент Дональд Трамп 22-марттагы сөзүндө.

Ал айткан сандар - соода таңсыктыгынын бир жылдагы көлөмү. АКШ үчүн Кытай эң ири, ал эми Кытай үчүн АКШ Евробиримдиктен кийинки экинчи ири соода өнөктөшү.

2017-жылы эки өлкөнүн бир жылдык соодасынын көлөмү, америкалык статистикага караганда, 636 миллиард долларга жакындаган.

Америкалык расмийлер Кытайга каршы соода чектөөлөрүнө даярданып жатып эки өлкө ортосундагы 1974-жылкы соода келишимдин 304-беренесин колдонуп жатканын белгилешкен.

Шанхайдагы эркин экономикалык зона. 2016-жылкы сүрөт.

Дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикаларынын соңку жарыяларынан улам Азия менен Европада биржалык көрсөткүчтөр менен акциялар 4-апрель күнү да кайрадан ылдыйлады.

Буга соода тирештин арты "соода согушуна" айланып, андан глобалдык экономикалык өсүшкө зыяны тийбейби деген кооптонуулар түрткү берүүдө.

Былтыр дүйнөлүк экономика 3,7% жогорулса, көлөмү 18 триллион доллардык АКШ экономикасы 2,3%, 11 триллиондук Кытай экономикасы 6,8% өскөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.