Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

АКШ-Кытай: соода согушунун карааны


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Доналд Трамп. Бээжин, 9-ноябрь, 2017-жыл.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Доналд Трамп. Бээжин, 9-ноябрь, 2017-жыл.

Кытай соода кызыкчылыктарын коргоого бекем убада берип, АКШны “жардын кырынан артка кайтууга” чакырды.

Мунун алдында кечээ АКШда президент Доналд Трамп Кытай өндүрүшүнөн чыккан товарлардын өз өлкөсүнө импорттолушун чектөөгө көрсөтмө берген жарлыкка кол койгон эле. АКШ тарап мындай чарасын "Кытай интеллектуалдык менчикти уурдап жатканы" менен да негиздеп жатат.

Президент Доналд Трамп 22-март күнү Ак үйдө администрация мүчөлөрүнүн катышуусунда кол койгон жарлыкка ылайык, АКШнын соода өкүлү алдыда жогорулатылган бажы тарифтери киргизилүүчү кытай товарлардын тизмесин эки жума ичинде даярдамакчы.

Америкалык лидер кытай импортун чектөө анын өлкөсү үчүн бул жараян көзөмөлдөн чыгып бара жатканы менен түшүндүрдү.

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

- Мен президент Сини абдан урматтайм. Мамилебиз абдан жакшы. Түндүк Корея боюнча алар бизге көп жардам берип жатышат. Бирок бизде соода балансынын 504 миллиард доллардык таңкыстыгы бар. Анын көлөмү кандай эсептелээрине көз каранды болот. Айрымдар "чынында соода таңкыстыгы 375 миллиард доллар" дешет. Бирок кай жагынан карабаңыз, бул бир өлкө үчүн дүйнөнүн тарыхындагы эң чоң таңкыстык. Бул көзөмөлдөн чыгып баратат. Бизде интеллектуалдык менчик эбейгесиз, жүздөгөн миллиард долларга уурдалган кырдаал уланууда. Бул жыл сайын болуп жатат.

АКШ президенти айткан сандар - соода таңкыстыгынын бир жылдагы көлөмү. АКШ үчүн Кытай эң ири, ал эми Кытай үчүн АКШ Евробиримдиктен кийинки экинчи ири соода өнөктөшү.

2017-жылы эки өлкөнүн бир жылдык соодасынын көлөмү, америкалык статистикага караганда, 636 миллиард долларга жакындаган.

Америка тарап Кытайга каршы соода чектөөлөрүнө даярданууда эки өлкө ортосундагы 1974-жылкы соода келишимдин 304-беренесин колдонуп жаткан кези.

Президент Трамп өз сөзүндө Кытайдын жетекчилиги менен буга чейинки сүйлөшүүлөрүндө соода таңкыстыгын тезинен 100 миллиард долларга азайтууну суранганын да кошумчалады.

Ак үйдүн эсебинде, жогорулатылган бажы тарифтери Кытайдын 60 миллиард долларлык товарына киргизилет.

АКШ президенти соңку буйругу менен каржы министри Стивен Мнученге алтымыш күн ичинде кытайлык инвестицияны чектөө, стратегиялык болуп эсептеген технологиялардын коопсуздугун сактоо боюнча сунуш киргизүүнү да тапшырды.

Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянты. 16-май, 2016-жыл.
Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянты. 16-май, 2016-жыл.

Соода чектөөсүнө каршы эскертүүлөрүн буга чейин эле айтып келе жаткан Кытай АКШга “чечкиндүү жооп кайтарылат” деген билдирүүсүн дагы бир жолу кайталады. Кытайдын АКШдагы элчилиги "Бээжин соода согушун баштабайт, бирок ага даяр жана аягына чейин барат" десе, Тышкы иштер министрлиги Вашингтонго өз чарасынын "кунун төлөөгө туура келет" деген билдирүү жасады:

- Кытай соода согушун каалабайт, ага шыкак да бербейт. Бирок биз соода согушунан коркпойбуз жана андан жашынып калбайбыз. Кытайдын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын бекем коргойбуз. Биз кырдаалдын өнүгүшүнө жакындан көз салып турабыз. АКШ өз чечимдерин аткара баштаганда ага чечкиндүү жооп беребиз, - деди Кытайдын Соода министрлигинин өкүлү Чен Фу Ли.

Дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын ортосунда чын эле соода согушу башталабы деген кооптонуулардан улам кечээ АКШнын өзүндө, бүгүн Кытайда, Азиянын калган ири өлкөлөрүндө, Европада биржалык көрсөткүчтөр төмөндөп, акциялар арзандап кетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG