Талкуусу көп саммит: эки лидер жолугушат

7-июль, 2017-жыл, Гамбург.

Бүгүн Хельсинки шаарында АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин жолугушат. Трамп кечээ Финляндиянын баш калаасына барды. Ал саммитти утурлай бир нече басылмага маек куруп, алардын биринде бул жолугушуудан олуттуу эч нерсе күтпөгөнүн, АКШдагы 2016-жылы өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкени үчүн айыпталган 12 орус чалгынчысы тууралуу Путинден сураарын айткан.

15-июлда "CBS News" каналына курган маекте Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Путин менен жолугушуудан көп нерсе күтпөгөнүн ишара кылды.

- Мен жолугушуу зарыл деп эсептейм, мындай жолугушууларга ишенем. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен да туура жолугушуу болду деп эсептейм. Кытайдын лидери менен да жолукканыбыз жакшы болду. Мындан жаман нерсе болбойт, балким жакшы бир жыйынтык чыгышы мүмкүн.

АКШ президенти 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнө кийгилишкен деп айыпталып жаткан 12 орус чалгынчысы тууралуу маселени көтөрөрүн билдирди. Ал ошондой эле "Путинден аларды Америкага өткөрүп берүү жөнүндө суроону" ойлонбогонун кошумчалады.

- Мен бул тууралуу ойлонбоптурмун. Бирок мен бул боюнча сурайм. Ошентсе да бул Обаманын администрациясынын учурунда болгон иш. Хакерлер Обаманын маалында Республикачылардын да улуттук комитетине чабуул жасаганга аракет кылышкан. Бирок биздин коргообуз күчтүү болгон. Менимче демократтар өздөрүнүн системасын буздуруп жибергени үчүн уялышы керек.

АКШ президенти Доналд Трамп.

13-июлда АКШнын Башкы прокуратурасы Орусиянын негизги аскерий чалгын кызматы - ГРУнун 12 офицерине расмий айып коюлганын жарыялаган. Алар 2016-жылы, президенттик шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютердик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашканы үчүн айыпталып жатышат. Кремль мындай дооматтарды четке кагып, АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө тиешеси болбогонун билдирип келет.

Америкалык көз карандысыз журналист Браян Медведи бул маалыматтын саммитти утурлай жарыяланышы сүйлөшүүлөрдү бир аз оорлотот деген пикирде. Ал мындай ою менен Кытайдын CGTN каналына курган маегинде бөлүшкөн.

- Анткени Башкы прокуратуранын айыптоолору абдан конкреттүү, маселен ким, эмне жана качан кылган так жазылган. Ошол себептен кийлигишүүнүн далилдери жок деп айтыш кыйын. Ошол эле маалда Трамп Путин менен жеке бекем байланыштарды түзүш керек. Андыктан мына ушундай эки оор нерсени ортосунда кыйналып калышы ыктымал.

Трамп "Daily Mail" басылмасында 14-июлда жарык көргөн маегинде "Путин балким ырайымсыз адам болушу мүмкүн" деген пикири менен бөлүшкөн. Журналисттин "Путин таш боорбу?" деген суроосуна ал "Мен ошондой деп ойлойм. Мен андай деп башкаларды да айта алам. Биз Орусия менен алакабызды оңоп алсак сонун болмок. Мен аны тааныбайм. Мен аны менен болгону эки ирет жолуккам, аны менен "Чоң жыйырманын" саммитинде кездешкем",-деп айткан.

Ал тапта саммит өтө турган Финляндиянын баш калаасы Хельсинкиде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жекшембиде миңдей адам көчөлөргө чыгышып Путин менен Трампка каршы позициясын билдиришти. Алар "Хельсинки чындык үчүн!", "Хельсинки тынчтык үчүн!" деген ураандарды чакырып жатышты.

Хельсинкиде миңдеген адамдар Трамп жана Путиндин саясатына каршы демонстрацияга чыгышты. 15-июль, 2018-жыл.

АКШ менен Орусиянын үчүнчү, бейтарап өлкөдө саммит өткөрүшү - эки тараптуу мамиленин азыркы абалына карата чечилген салттуу эле көрүнүш. Маселен, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш менен Владимир Путиндин алгачкы саммити 2001-жылы Словенияда болгон. Ал эми 2009-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама Орусия менен мамилени “кайра жандандыруу” үчүн Москвага келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.