Таиланд: үңкүрдөгү төрт бала куткарылды

Таиланддык куткаруучулар

Таиландда үңкүрдө камалып калган балдардын төртөөнү куткаруучулар аман-эсен алып чыгышты.

Эки аптадан ашуун караңгы коңулда коргологон балдардын ден соолугу текшерилип, дароо ооруканага жаткырылды. Калган өспүрүмдөрдү жана алардын машыктыруучусун куткаруу иштери кийинки даярдыктан соң улантылат.

Караңгы, сыз үңкүрдөн чыккан балдарды ошол жерде турган талаа госпиталында дарыгерлер текшерип жатышат.

Куткаруучулар командасындагы дарыгерлердин башчысы Тоссатеп Бунтонг буларга токтолду.

Таиланддык куткаруучулар

- Алгачкы куткаруу иштеринде алты баланы аман-эсен алып чыктык. Азыр алар үңкүрдүн жанында атайын уюштурулган талаа госпиталында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатат. Андан соң алар Чианг Рай районундагы ооруканага жеткирилет. Буга чейин балдар суу алдында кийген жабдууну кантип колдонуу керектигин үйрөнүшкөн. План боюнча балдар куткаруучулардын базасы болгон үңкүрдүн бир жеринде тыным алат, андан кийинки жол бир аз жеңилирээк.

Чианг Райдын губернатору жана куткаруу иштеринин командири Наронгсак Осаттанакорн буларга токтолду.

- Бүгүн биз эң жогорку даярдыкта турабыз. Саат 10дон тартып балдарды алып чыкканы 13 суучул жана беш "деңиз мышыгы" үңкүргө кирди. Алар кантип өспүрүмдөрдү этият куткарып чыкканды үйрөнүштү.

Наронгсак балдардын ата-энелери менен да макулдашуу болгонун кошумчалады:

- Үңкүрдөгү 12 баланын жана машыктыруучунун сүзүп чыгууга күч-кубаты жетерин билгизгенин баса белгилей кетейин. Алар биздин куткаруу иштерибизден кабардар. Алардын ата-энелерине да кабар берилип, баары алдын ала макулдашылган, - деди Чианг Райдын губернатору жана куткаруу иштеринин командири Наронгсак Осаттанакорн.

Таиланддык куткаруучулар

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 9га чейин пландалган куткаруу иштери эми 10 сааттык даярдыктан соң кайрадан улантылат. Куткаруу операциясына жалпысынан үч-төрт күн кетет. Ага 13 чет элдик, беш жергиликтүү суучул жана беш “деңиз мышыгы” катышууда.

23-июнда Чианг Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон дайынсыз жоголгон.

Он күндөн кийин аларды британиялык суучулдар таап, видеокамерага тартып чыгышкан. Балдар ушул тапта үңкүрдүн оозунан үч чакырым ичкери жердеги коңулда турушат. Куткаруучулар камоодо калгандарды бир канча ай бою тамак-аш, кийим-кече, жылыткыч жана байланыш менен камсыз кылуу зарылдыгын эскертишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

.