Европа Биримдиги Швейцариядагы референдумдун жыйынтыктарына өкүнүчүн билдирди. Добуш бергендердин 50,32% иммиграцияны чектөөнү колдошту. Өткөн жылы Швейцарияга 70 миңден көп иммигрант көчүп келген.
Жарандардын ээн-эркин каттоо боюнча Евробиримдик менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу демилгесин ашынган улутчулдардын Элдик партиясы көтөргөн. Алар иммиграция улуттук салттарга, нарк-насилдерге шек келтирет деп санашат. Референдумдун жыйынтыгы көргөзгөндөй, калк арасында да социалдык проблемалар, кылмыштуулуктун өсүшү үчүн келгиндерди күнөөлөгөндөр аз эмес.
Иммиграциялык квоталарды киргизүү сунушун шайлоочулардын 50,3% колдошту. "Бир топ жаш швейцариялыктар жумуш таппай жүрүшөт. Алардын ордун жаш француздар ээлеп алышууда. Мен ал швейцариялыктарды түшүнөм. Бирок “жок” деп добуш бердим. Себеби биз Европанын так чордонунда орун алганбыз. Швейцария Европа үчүн чакан лабораторияга окшойт. Балким, азыр бизде болуп аткан окуялар бир нече жылдан кийин Европада болот", - дейт Саити аттуу шайлоочу.
Швейцариянын калкы 8 миллиондой киши болсо, дээрлик чейреги – чет өлкөлүктөр. 2007-жылдан бери Евробиримдиктин көпчүлүк мамлекеттеринин жарандары ишке орношууда швейцариялыктар менен бирдей укукка ээ.
Европа комиссиясы референдумдун жыйынтыктарына өкүнүчүн билдирип, анын Швейцария менен мамилелерге кандай таасир тийгизээрин карап чыгаарын айтууда. Конфедерация шаркетке кирбегени менен тараптар активдүү кызматташып келатышат.
Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц көпчүлүк ал сунушту четке кагат деп күткөнүн айтты:
- Биз муну эске алышыбыз керек. Европа биримдиги Швейцария менен бир катар макулдашууларга кол койгон. Документтерде шаркет жарандарынын эркин каттоо укугу кепилденет. Эми бул референдумдан кийин Швейцария мыйзамдарын өзгөртүп, биримдик жарандарынын ал укугун чектеши керек. Анда биз келишимдерди кайра карап чыгышыбыз зарыл болот.
Өнөктөштөр ортосундагы мындай чыңалууну басаңдатуу максатында Швейцариянын тышкы иштер министри Дидье Буркхалтер Европанын бир катар борборлоруна аттанууда.
Берн өкмөтү референдумдун катышуучуларын улутчулдардын сунушун четке кагууга үндөп келди. Өкмөт жана алдыңкы ишкерлер жумушчу күчтүн эркин каттоосу экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келатканын ырасташууда. Ал эми иммиграциялык квоталар киргизилсе, швейцариялык продукцияны Европа рыногуна чыгаруу чектелип калышы мүмкүн. Өлкө экспортунун дээрлик жарымы кошуналарга жөнөтүлөт. 2013-жылы Евробиримдик Швейцариядан 120 миллиард долларга товар сатып алган.
Айткандай эле Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн ар бир үчүнчү Швейцария франкы Евробиримдик менен соодадан түшөөрүн, эки тараптуу алакалардагы өзгөрүүлөр Швейцариянын ички рыногуна да таасир этээрин эскертти.
Белгилей кетчү нерсе, ушу тапта Швейцариянын экономикасы гүлдөп турган кез, жумушсуздуктун деңгээли да өтө төмөн.
Бирок сөз болгон өзгөрүүлөр эртең эле киргизилбейт. Мыйзамга ылайык, өкмөт үч жылдын ичинде тиешелүү жоболорду иштеп чыгууга тийиш. Швейцарияда ушу маалда жашап жана иштеген чет өлкөлүктөр, чек ара аймактарынын тургундары үчүн эч нерсе өзгөзрбөйт. Чектөөлөр болочок келгиндер үчүн киргизилмекчи.
Айрым аналитиктер добуш берүү конфедерациянын ичиндеги салттуу бөлүнүп-жарылууну кайрадан айкын көргөзүп койгонун айтышат. Француз тилдүү чөлкөмдөрдө көпчүлүк элдер чектөөлөргө каршы болсо, немис тилдүү аймактарда эки жака оогондор көп, ал эми италян тилдүү Тичино кантону дээрлик толугу менен сунушту колдоп чыкты.
Улутчулдар бул референдум дүйнөдө сейрек кездешчү тикелей демократиянын үлгүсү экенин белгилешет. Себеби акыркы сөз Швейцария элине берилди.
Байкоочулар болсо улутчул партия популисттик идеяларын өткөрүү үчүн акыркы кезде элге жамынып жатканын белгилешет.