Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Ванкувердеги олимпиадада Швейцария алдыга чыкты


Орусиялык спортчулар Вера Базарова менен Юрий Ларионов
Орусиялык спортчулар Вера Базарова менен Юрий Ларионов

Учурда жеңип алган медалдардын сапаты боюнча Швейцария алдыга чыкты. Алар учурда 3 алтын байгелүү болушту.

Учурда жеңип алган медалдардын сапаты боюнча Швейцария алдыга чыкты. Алар учурда 3 алтын байгелүү болушту.

Алгачкы күндөрү алдыда жүргөн Америка Кошмо Штаттары учурда 2 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеси менен экинчи орунда келүүдө.

Азия аймагынан Түштүк Корея таанылып, алар 2 алтын, 1 күмүш байгеси менен учурда үчүнчү орунду ээлеп турушат. Кечээ биринчи орунда турган Франция 2 алтын, 2 коло медалы менен учурда төртүнчү орунга жылып калды.

Германия бешинчи, оюн ээси Канада алтынчы орунда келатышат. Азия аймагынан Кытай мамлекети да 1 алтын жана 1 күмүш байгеси менен Канададан кийинки жетинчи орунда келүүдө. Жапония да 1 күмүш жана 1 коло байге утуп алууга жетишип, Италиядан кийинки 14-орунда келатат.

Орусия болсо азырынча жалгыз коло байгеси менен 19-орунда турганына күйөрмандары өкүнүп турушат.

Ванкувердеги кышкы олимпиаданын сноуборддун кросс ыкмасы боюнча эр-азаматтардын мелдештери жыйынтыкталды. Мында АКШнын өкүлү Сет Уэскотт Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталды.

Канадалык Майк Робертсон экинчи, франциялык Тони Рамуэн үчүнчү орунду ээледи.

Ванкуверден 165 км алыстыктагы Уистлер олимпиадалык паркында эр-азаматтар 15 км аралыкка лыжа менен жарышты. Жыйынтыгында швейцариялык Дарио Колоня марага биринчи келип, олимпиадалык алтын медал тагынды. Италиялык Петро Пиллер экинчи, чехиялык Лукаш Бауэр үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Кыз-келиндер арасында да 10 км аралыкка лыжа жарыштары соңуна чыкты.

Айыгышкан таймашууда швециялык Чарлотта Калла биринчи орунду камсыз кылып, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону болуп калды. Эстониялык Кристина Смигина-Вайэхи лидер болуп келатканы менен экинчи орунга жылып, күмүш байгелүү болду. Норвегиялык Марит Воурген үчүнчү орунду камсыз кылып, коло медал тагынды.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, кыргызстандык Ольга Решеткова белгисиз себептерге байланыштуу 10 км лыжа жарышына катышпай калды.

- Ольга эми 17-февралда бир жарым км спринт лыжа жарышына катышаары күтүлүүдө. Ошондой эле 27-февралда 30 км аралыкка лыжа жарышына да катышмакчы.

Ванкувер олимпиадасынын тоо лыжасынын алгачкы жеңүүчүлөрү да аныкталды.

Мында дагы швейцариялык Дефаго Диденин чеберчилигине калыстар жогору баа беришип, ал олимпиада чемпиону деп таанылды. Норвегиялык Аксел Свиндал күмүш байгелүү, америкалык Боде Миллер коло медалга ээ болушту.

Ванкувердеги Пасифик Колизиум спорт борборунда көркөм муз тебүүнүн чакан программасында кытайлык шериктер Сюз Шен менен Хунбо Чжаонун чеберчилигине калыстар жогору баа беришип, алар олимпиадалык алтын медал тагынды. Алардын кытайлык өнөктөштөрү Цин Пан жана Цзян Туну экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болушту.

Германиялык дүйнө чемпиондору Алена Савченко менен Робин Шолковы коло медалдын ээлери аталды.

Орусиялык бийчилер Юко Кавагути менен Александр Смирнов байгелүү орунга илинбей, төртүнчү болуп калышты.

Көркөм муз тебүү боюнча олимпиаданын үч жолку чемпиону, орусиялык Ирина Роднинанын пикиринде орусиялык бийчилердин чеберчилиги бир аз гана чийки болуп калган.

Ванкувер шаарына жакын жайгашкан Ричмонд олимпиадалык булуңундагы борбордо коньки спорт мелдештери өтүүдө.

500 метрге эр-азаматтар жарышып, финалда 21 жаштагы түштүк кореялык Тай Бум Мо марага биринчи келип, олимпиадалык бийиктикти багындырды. Экинчи жана үчүнчү орундарды жапондук Нагасима Кейитиро менен Дзодзи Като камсыз кылышты.

Кыз-келиндер да 3 миң метрге коньки менен жарышып, чехиялык Мартина Сабликова Ванкувер олимпиадасынын чемпиондук алтын медалына арзыды. Экинчи орун германиялык Штефани Бекертке ыйгарылды. Канадалык Кристина Гроувз коло байгелүү болду.

Ванкувер олимпиадасына Борбор Азиядан Түркмөнстандан башка төрт өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Алардын ичинде Тажикстандан бир, Кыргызстандан эки, Өзбекстандан үч спортчу мөрөй талашып жатышат. Олимпиадага Борбор Азиядан жалгыз гана Казакстан эң чоң делегация – 38 өкүлү менен катышууда. Алардын лыжачылары, биатлончулары жоон ортодо жүрүшөт.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөнбаевдин пикиринде, Ванкуверде Олимпиада башталганда эле кызытмага каршы текшерүүдө отуздай спортчу оюндан четтеттилди.

- Алардын канынан медиктер тыюу салынган дары-дармектердин жугун табышкан. Бирок "Чынчыл оюндун кызыкчылыгы үчүн" кызытмага каршы мекемеси алардын аты-жөнүн, кайсы өлкөнүн өкүлдөрү экенин жарыялаган жок. Айрым маалыматтарга караганда орусиялык спортчулардын кызытма текшерүүсүнөн өтпөй калгандары арбын.

Учурда Бүткүл дүйнөлүк кызытмага каршы агенттигинин кызматкерлери үчүн иш күчөп турган мезгили Алар ондогон спортчуларды текшерип, байгелүү орундарды ээлегендерди көзөмөлгө алып турган учуру. Айрым спортчулардын канындагы гемоглобини жогору болгондуктан мелдештерге катышпай да калып жатышат.
XS
SM
MD
LG