Путиндин устатынын өлүмү табышмак бойдон

Анатолий Собчак менен Владимир Путин. Maй 1994-жыл

Орусияда президент Путиндин саясаттагы устаты саналган Питердин мурдагы мэри Анатолий Собчактын жүрөгү кармаган деген диагноз менен көзү өткөнүнө 15 жыл толууда. Айрымдар бүгүнкү күнгө чейин Собчактын өлүмүнө Путин да аралашкан деп шектенишет.

Орусиянын интеллектуалдык байтактысы саналган Санкт-Петербургдун маркум реформист мэри жана Владимир Путиндин саясий устаты Анатолик Собчак Горбачевдун кайра куруусу мезгилинде таанылган. Шаардын Ленинград деген советтик аталышын алдырып, демократиялык өзгөрүштөрдү сүрөөнгө алган Собчакты, бирок анын ошол кездеги орун басары, азыркы президент Путиндин алгачкы колдоочусу катары көбүрөөк билишет.

Ал Путинди ошол кезде "өз кара жанын эмес, элдин камын ойлогон киши" деп мүнөздөгөн эле.

Собчактын жесири Людмила Нарусова күйөөсүнүн 15 жылдан бери бийликте кала берип жаткан Путинге ал жаш кезде берген баасы бүгүн да түпкүлүгүндө туура эле деп эсептейт. Бирок ал Путинди бийлик бузду деген көз карашын да жашырбайт:

- Владимир Путин өзүн атайын милдет тагылган мамлекеттик ишмер деп ойлойт. Ушул көз караштан алганда ага берилген ошол баа туура эле. Путин чынында да мамлекеттин кызыктылыктарын түшүнөм, ошого жараша иштеп жатам деп ойлойт. Бирок Вольтер айткандай, "саясат адамды бузат", ал эми чексиз бийлик адамды чексиз бузат. 15 жыл узак убакыт.

Анатолий Собчак менен коштошуу.

Собчактын өлүмүнө байланышкан окуялардын түйүнү чийеленишкен бойдон калып келет. Ал 1997-жылы коррупциялык кинеден улам Францияда эки жыл жашынып жүрүп кайра келгенден кийин, ошол кезде Ельциндин ордун басканы калган Владимир Путиндин шайлоо өнөктүгүн колдоп чыккан. 2000-жылдын 19-февралында Калининграддагы шайлоо өнөктүгүндө жүргөндө 62 жаштагы Собчак мейманканада көз жумган.

Дарыгерлер ага жүрөгү кармады деген диагноз койгону менен, маалымат каражаттарында анын ууланганын жазып чыгышкан.

Ошондой эле аны менен кошо жүргөн КГБнын мурдагы эки тыңчысы тең кийин атып өлтүрүлгөн.

Собчакты жерге берүү тажиясында Путин менен ал кездеги өспүрүм кызы Ксениянын ортосунда отурган Нарусова күйөөсүнүн өлүмү тууралуу "чындыкты айтууга али убакыт келе элек" деп айтканы бар.

Бүгүн да Собчактын жесири күйөөсүнүн өлүмүн сүйлөшкүсү келбейт. "Азаттыктын" кабарчылары менен жолукканда ал чындык бекем жерде катылуу деген менен чектелди.

Кесиби тарыхчы, убагында парламенттин жогорку палатасынын депутаты болгон Нарусова ошол эле мезгилде анын күйөөсү Путиндин башка шериктерин, айрыкча КГБ аркылуу келгендерди кооптондурган деп эсептээрин жашырган жок. Кесиби адвокат болгон Собчак мурда СССРдин тушунда жогорку кызматтарда иштегендерди кийинки бийликке жолотпоону көздөгөн люстрация мыйзамынын кызуу жактоочусу болгондугу да айрымдарга жакпаган болушу мүмкүн.

Анатолий Собчак жана Владимир Путин. Санк-Петербург. 29-сентябрь, 1992-жыл

Нарусованын сөзү боюнча, алар болочоктогу президентке Собчактын таасири мыйзамдуулукту жактагандыгы менен өтө эле күчтүү экендигин түшүнүшкөн.

Ал Путиндин бийликке келгенден кийинки алгачкы жылдарында дайым "мыйзамдын диктатурасын" жана мыйзам менен башкарылган өлкө тууралуу көп сүйлөгөнүн эскерет. Путин, бирок биринчи мөөнөтү бүткөндөн кийин бул сөздөрдү көп оозанбай калган. "Ал эми бүгүн саясий оппозицияга каршы кылмыш иштери козголуп, менин кызым Ксения Собчакка таптакыр мыйзамсыз жол менен тинтүү буйругу чыккан. Башкача айтканда Собчак сак болгула деп эскерткендин баары азыр чындап орун алып жатат", деди Нарусова "Азаттык" менен маегинде.

Ал арада Собчактын өлүмү тууралуу бүдөмүк божомолдор таркабаган ушул күндөрү анын чала бүткөн, Сталинди жана тоталитардык коомдорду сынга алган китеби жарык көрдү.