Кремл "Слуцкий чатагына" кийлигишпейт

Москва.

Депутат Леонид Слуцкийге журналисттер жарыялаган бойкот акыркы жылдардагы Орусиядагы журналисттик тилектештиктин массалык акциясына айланды.

Журналисттерге сексуалдык асылуу үчүн айыпталып жаткан депутат Леонид Слуцкийге эч кандай чара көрүлбөгөндөн кийин 22-мартта РБК медиахолдинги, «Дождь» телеканалы жана «Эхо Москвы» радиостанциясы Мамдуманын ишин чагылдырган кабарчыларын чакыртып алышарын жарыялашкан.

ЛДПРдин депутаты Леонид Слуцкийди Би-Би-Си радиосунун орус кызматынын кабарчысы Фарида Рустамова, RTVI каналынын башкы редакторунун орун басары Екатерина Котрикадзе жана «Дождь» каналынын продюсери Дарья Жук айыптап чыгышкан.

Би-Би-Си кызматы 6-мартта кабарчысы Фарида Рустамова менен Леонид Слуцкийдин жолугушуусунда болгон сүйлөшүүнү жарыялаган. Анда депутат Слуцкий кабинетине интервью алганы барган журналистке асылып, аны «көңүлдөш» болууну сунуштаганы баяндалат.

Журналисттердин айыптоосу боюнча Мамдуманын төмөнкү палатасынын Этика боюнча комиссиясы жыйын уюштуруп, «депутат Слуцкийдин жүрүм-турумунда эч кандай жат көрүнүш жок» деген тыянак чыгарган. Слуцкий болсо аял журналисттерге асылбаганын айтып келет.

Бойкотту алгач бир катар гезит-журналы жана интернет басылмалары бар РБК медиахолдинги жарыялаган. РБК редакциясынын жетекчилеринин бири Елизавета Голикова:

- Мамдуманын этика боюнча комиссиясы мындай чечим менен журналисттерге сексуалдык асылууну нормалдуу көрүнүш катары баалады. Биз буга макул эмеспиз, Думанын бул маселе боюнча мындай позициясын кабыл албайбыз, - деп маалымдады.

«Дождь» телеканалынын башкы редактору Александра Перепелова:

- Биз биргеликте гана кырдаалды өзгөртө алабыз, бизге башка маалымат каражаттарындагы кесиптештер колдоо көрсөтсө, кубанычта болобуз, - десе;

«Эхо Москвы» радиостанциясынын башкы редактору Алексей Венедиктов:

- «Эхо Москвы» эми Мамдуманы ар жыныстагы журналисттердин иши үчүн кооптуу жай катары эсептейт. Спикер Владимир Володиндин сунушу боюнча кабарчыларды Думадан чакырып алабыз, - деди.

«Ведомости» гезитинин жамааты Мамдуманы укукту сактоого чакырды:

- «Ведомости» редакциясы өзүнүн журналисттеринин сезимдерин жана ар-намысын маалыматка алмашууну туура көрбөйт. Сый жана коопсуздук - артыкчылык эмес, бул укук, биз Мамдума тарабынан алардын сакталышын талап кылабыз.

«КоммерсантЪ», «Новая газета» баш болгон бир катар басылмалар депутат Слуцкий жана парламенттеги Этика боюнча комиссия менен кызматташуудан баш тартып, «Лента.ру» жана «Znak.com» интернет-басылмалары Слуцкий жөнүндөгү материалдарын алып салышарын, бирок анын жыныстык асылуусу жөнүндө макалалар каларын билдиришкен.

Депутат Леонид Слуцкийге жарыяланган бойкотко Republic, Право.ру, Медуза, The Insider, Такие дела, Медиазона, The Village ж.б. бир катар маалымат каражаттары менен көз карандысыз журналисттер кошулушту.

Леонид Слуцкий

RTVI телеканалы Слуцкий мандатын тапшырмайынча, Мамдума менен кызматташуудан баш тарткан.

«Говорит Москва» радиосу Слуцкий менен Этика боюнча комиссиясы жөнүндө жазарда бул сексуалдык асылуу тууралуу дайыма эскертип турарын билдирген. Republic басылмасы болсо Мамдума жөнүндө кабарлаганда, «сексуалдык асылууну актаган мамлекеттик орган» деп сүрөттөөнү убада кылган.

Бул убакта Москвадагы журналисттер Леонид Слуцкийдин депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылып, Мамдуманын алдына пикетке чыгышууда. Акцияны Журналисттердин профсоюзу уюштурду.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Путин бул окуяга кийлигишпей турганын айтты.

- Мында президенттик кийлигишүүгө жол жок. Менин оюм боюнча биздин мыйзам чыгаруучулар маалымат каражаттары менен өз алдынча мамиле түзүп кете алат деп ойлойм.

Мамлекеттик Дума болсо бойкотту кысым көрсөтүү аракети катары мүнөздөөдө. Думанын спикери Вячеслав Володин Мамдуманын ишин чагылдыруудан баш тарткан маалымат каражаттары менен журналисттер аккредитациясынан ажыратыларын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.