Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Журналист саясатчы Жириновскийди жыныстык асылуу үчүн айыптады


Владимир Жириновский.
Владимир Жириновский.

"Настоящее время" телеканалынын журналисти Ренат Давлетгилдеев ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновскийди жыныстык асылуу үчүн айыптады. Журналист башка эркектерди да саясатчылардын ушул өңдүү жоруктарын ачык айтууга чакырды.

Давлетгилдеевдин айтымында, Жириновский 2006-жылы «Орусия сулуусу» конкурсунун финалы маалында чакан интервью берип жатып өзүн адеп-ахлакка жатпаган түрдө алып барган. Журналист ал кезде өзүнүн кумсалыгын ачык айта элек болчу, аныктан уялып, окуя жөнүндө эч кимге айткан эмес.

Буга чейин бир нече журналист ЛДПРдин депутаты Леонид Слуцкийди сексуалдык асылуу үчүн күнөөлөшкөн. Мамлекеттик Думанын комиссиясы эл өкүлүнүн жүрүм-турумунда эч кандай эреже бузуу таппаганын билдирген. Ошондон кийин бир катар маалымат каражаттары парламенттин төмөнкү палатасы менен иштешүүдөн баш тартышты. Слуцкий болсо аял-журналисттерге асылбаганын айтууда.

"Настоящее время" – «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен «Америка добушу» медиакорпорацияларынын биргелешкен долбоору. Канал дүйнө жүзүндөгү орус тилдүү аудиторияга объективдүү маалыматтарды жеткирүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG