Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Мамдума бойкот кылган ЖМКларды аккредитациядан ажыратты


Леонид Слуцкий Мамлекеттик Думада. 6-декабрь, 2017-жыл.
Леонид Слуцкий Мамлекеттик Думада. 6-декабрь, 2017-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Эл аралык иштер боюнча комитеттин жетекчиси Леонид Слуцкийдин айланасындагы чырдан улам парламенттин төмөнкү палатасы менен иштешүүдөн баш тарткан журналисттер иштеген басылмалардын аккредитациясын токтотту. Бул тууралуу бейшембиде Мамдуманын спикери Вячеслав Володин билдирди.

«Дождь» телеканалы Мамдумада ошондой эле журналисттерди текшерген тизме түзүлгөнүн, аны Федералдык күзөт кызматынын офицерлери текшерип жатканын маалымады.

«Дождь» телеканалы, РБК, «Эхо Москвы» жана RTVI Мамдуманын Этика боюнча комиссиясы "Слуцкий өз жүрүм-туруму менен эч кандай эрежени бузган эмес" деген тыянакка келгенден кийин бойкот жарыялашкан. "Ведомости" басылмасы депутаттар жана Этика комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Кремлдин басма сөз кызматы комментарий берүүдөн баш тартты.

Слуцкийдин журналист аялдарга тийишкенин Би-Би-Синин, "Дождь" жана RTVI телеканалдарынын аял кызматкерлери айтып чыгышкан. Би-Би-Синин журналисти кантип саясатчынын зомбулугуна кабылганы тууралуу аудио жарыялаган.

XS
SM
MD
LG