Аткаминерлер семирген өлкөдө коррупция күчөйт

Коррупция күч алган өлкөлөрдө чиновниктер семиз болору аныкталды, вирус Борбор Азиядагы адамдардын интеллектуалдык өнүгүүсүн бир топко кечеңдетет, Британияда пандемиядан улам мусулмандарды кодулоо күч алды.

“Eurasinet” басылмасы Франциядагы Монпелье университетинин окумуштуусу Павло Блаватскийдин изилдөөсүн жарыялады. Анда мурдагы советтик өлкөлөрдүн 299 министринин портретин алышып, алардын салмагынын индексине жараша жашаган өлкөсүндөгү коррупциянын деңгээлин эсептеп чыгышкан.

Натыйжада, чиновник канча семиз болсо, ал жашаган өлкөдө коррупция күч экени аныкталды. Окумуштуу “компьютердик көздү” колдонуу менен министрлердин салмагынын эл аралык “Transparency International”, Дүйнөлүк банк сыяктуу абройлуу уюмдар изилдеген коррупциялык индикаторлорго болгон катышын салыштырган.

Маселен, коррупцияга каршы иштер жүргөн Латвия, Литва, Эстониянын министрлери арык, ал эми жемкорлук күчөгөн Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстанда аткаминерлер эткел экени аныкталган.

Өзбек министрлеринин 54%, тажиктердин 44%, украиндердин 42%, Казакстандын аткаминерлеринин 15% семирип кеткени аныкталды.

Блаватский: “Саясатчылардын салмагы менен саясаттагы коррупциянын өлчөмүн аныктоо мүмкүн экен”, - деген комментарий берген. Арменияда 2018-жылы болгон “баркыт ыңкылабынан” кийин министрлер “арыктап кеткени” да белгиленди.

Изилдөөдөгү дагы бир маанилүү жагдай - саясатчылар жашаган өлкөнүн калкынын жалпы саламаттыгы эске алынган эмес. Ушундан улам өлкөдөгү эл семиз болуп жүрбөсүн деген суроо жаралган.

Дагы караңыз Улуттун убалына калган туура эмес тамактануу

Бирок окумуштуу “Министрлери жана башкаруучулары семиз өлкөнүн элинин жалпы салмак көрсөткүчү нормалдуу, арык да болуп чыкты. Коррупция күч алган, жакыр өлкөлөрдүн эли тамак-аш тартыштыгынан жабыркайт эмеспи. Балтика жээгиндеги башкаруучуларынын көбү арык өлкөлөрдүн калкы үчүн семиздик азыр башкы проблема болуп жатат” деп жооп берген.

COVID-19 Борбор Азияны караңгылыкка сүйрөп жатат

“Emerging Europe” басылмасы Дүйнөлүк банктын пандемиядан улам Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдин билими, экономикасы, социалдык өнүгүүсү, адам ресурстары улам начарлай берет деген божомолун жарыялады.

“Студенттер менен окуучулардын билими коркунучка кептелди. Пандемияга чейин эле аймактагы билим берүү системасы чабал, жаштардын сабаттуулугу Европадагы өзү теңдүүлөрдөн 1,5 жыл артта эле.

Дагы караңыз Абитуриент-2020: Документтин түп нускасы азыр талап кылынбайт

Эл аралык билимди сыноо программасы (PISA) социалдык теңсиздиктен улам билим алуу жабыркап, Казакстандагы жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары курбалдаштарынан бир жыл, Кыргызстандагы жеткинчектер 2,5 жыл артта калып жатканын аныктаган.

Бул көрсөткүч пандемиядан улам дагы өрчүдү. Чөлкөмдүн калкынын жарымы мектеп жашында болгондуктан, коронавирус адамдык ресурстун өнүгүүсүн бир топ жыл артка сүрүп салды”, - деп баяндалат макалада.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы билим берүү боюнча адиси Айша Вауда: “COVID-19дун билим берүүнү талкалаганы жакынкы 10 жылда көрүнөт. Борбор Азиядагы экономикалык чыгаша 44 миллиард долларга жетти. Мындан ары да абал курчуй берет. Аралыктан окутуунун жаңы үлгүлөрү аймактагы балдардын баарына жетпейт. Билим берүү системасындагы кемчиликтер барган сайын тереңдейт”, - деди.

Дүйнөлүк банк Борбор Азия өлкөлөрү билим берүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражатты сактап, мугалимдердин сапатын арттырып, тең укуктуу билим алууга шарт түзүү зарыл экенин белгилеген. Мурдараак Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын, Тажикстандын экономикасы Орусиядагы мигранттардан түшкөн каражат азайгандан бери оор абалга кептелгенин эскерткен.

Кытайдын кубулма дипломатиясы

“The Diplomat” басылмасына талдоочу Умида Хашимованын Өзбекстан менен Казакстандагы Кытай элчилигинин кубулма дипломатиясына байланыштуу макаласы жарыяланды. Анда: “Акыркы бир нече аптада Кытай өзбек, казак социалдык тармактары жана коомчулук талкуулаган темаларга өзгөчө көңүл бурууда. "Пандемиянын очогу Кытай болушу керек" деген аңыздарга элчилик адаттан тыш реакция жасап жатат.

Маселен, Өзбекстанда 17-июлда "YouTube" платформасына өзүн “пайгамбармын” деп атап алган 58 жаштагы адам аппак кийинип алып чыгып, Кытайдагы вирус башталган жерди тапса, бул ооруну токтото аларын жар салган.

Видеону жергиликтүү эл катуу талкуулап, акыры "пайгамбардын" ооган согушуна катышып, жарадар болгону, психикалык жактан жабыркаганы аныкталды. Бирок ага карабай Кытай элчилиги реакция жасап, “коронавирус Кытайдан чыкпаганын, ал мурда башка өлкөлөрдө болуп келгенин” расмий билдирди.

Ал эми Казакстанда июлдун башында өпкө кагындан өлгөндөр көбөйгөндө Нур-Султандагы Кытай элчилиги өз атуулдарын “коронавирустан да коркунучтуу оору чыкты” деп сак болууга чакырган.

Пневмонияны коронавирус козгоп жатканын казак бийлиги кеч моюнга алып, 1-августтан тарта эсепке кошо баштады. Оору башталгандан бери эле Бээжин "вирустун очогу Кытай" деген көз карашты четке кагып келет.

Казакстан менен Өзбекстанда Кытай пандемия маалында мамлекет ичиндеги окуяларга чейин кийлигишти. Мындай билдирүүлөрдү жасоо менен Бээжин Борбор Азиядагы дипломатиясынын багытын өзгөрткөндөй", - деген басылма.

Мусулмандарды кодулоо күч алды

“Newsweek” журналы пандемия “5G мунаралары вирус таратат”, “Билл Гейтс адамзатты чиптештирет” деген имиштерден тарта мусулмандарды кодулоого чейин жол ачканын жазды.

Британияда ашынган оңчулдар диний, расисттик маанайдагы бөлүнүү жосундарын баштады. Айрыкча, социалдык тармакта мусулмандарды каралоо күчөдү. Британияда пандемия башталгандан бери исламофобия 40% жогорулаган. Социалдык медиада мусулмандардын чогулуп окуган намазын сындашып, "ооруну жайылтууда" деген жек көрүүнү козгогон, зомбулукка чакырган посттор жазылууда.

Дагы караңыз Эт жебеген мусулман илимпоз

Британиянын мусулмандар жамааты исламофобиянын күчөшүнө бийликтин чабалдыгы себеп экенин билдирди. Аталган жамааттын жетекчиси Харун Хан: “Британияда исламды жектегендер буга чейин деле болуп келген, бирок пандемия маалында “вирусту мусулмандар жайылтууда” деген имиштерден улам абал оорлоп кетти”, - деди. Ал эми “Фейсбук” платформасы динге байланыштуу жек көрүү, зомбулукту жайылткан постторду чектеген технология иштеп чыгууда.

Аталган платформанын басма сөз кызматы: “Европа Биримдигиндеги биздин колдонуучулардын диний жаатташуу, зомбулукка чакырган постторунун 90% өчүрүп жатабыз. “Твиттер” менен “Ютубда” мындай маанай улам күчөп баратат. Колдонуучулар ар бир комментарий жана постту талдап, бизге арыз жиберсе болот”, - деген билдирүү таратты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​