Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Абитуриент-2020: Документтин түп нускасы азыр талап кылынбайт


«Манас» университетине документ тапшырууга кезекте турган абитуриенттер. 2020-жылдын 25-июлу.
«Манас» университетине документ тапшырууга кезекте турган абитуриенттер. 2020-жылдын 25-июлу.

Быйыл жогорку окуу жайларына кабыл алуу жараяны аралыктан жүрүп жаткандыктан абитуриенттер документтеринин түп нускасын кийин, окуу жылы башталганда гана тапшырат. Бул тууралуу 27-июлда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайында билим ала турганын тастыкташы үчүн документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт.

Мындай эреже Кыргыз-Түрк «Манас» жана Кыргыз-Орус (Славян) университеттери үчүн милдеттүү эмес. Бул окуу жайларындагы гранттык орундарды Түркиянын жана Орусиянын өкмөттөрү каржылайт жана кабыл алуу шарттарын алар өз алдынча аныкташат.

Кошумча сынак талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн) боюнча гана кирүү экзамендери адаттагыдай шартта уюштурулат. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, кошумча сынак өткөргөн окуу жайлары тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоону милдеттүү түрдө камсыздап бериши зарыл.

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алуу толук бойдон онлайн форматта өтүүдө. Бул үчүн «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан. ​www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлары, факультеттер, адистиктер киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG