Днестр жумуриятында жаңы президент шайланды

Жикчил Днестр жумуриятында шайлоочулар Москва колдогон талапкерди четке кагып, Молдова менен алаканы жактаган талапкерди шайлашты.
Молдовадан бөлүнүп кеткен Днестр Жумуриятында жаш саясатчы-ишкердин шайланышы Европанын "быкшып турган" акыркы жаңжалын жөнгө салууга болгон үмүттү кайран жандандырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Петр Денисенко шайлоонун экинчи айлампасында Шевчук добуштардын басымдуу көпчүлүгү менен жеңип чыкканын бышыктады:

Ал добуш бергендердин дээрлик 74 пайызынын колдоосун алган Евгений Шевчукту Днестр Молдова жумуриятынын президенти болду деп жарыялады. Ал эми Шевчуктун атаандашы Анатолий Каминский 20 пайызга жетпеген добуш алды.

43 жаштагы Шевчук Днестр жумуриятынын Молдова менен алаканы жакшыртуу платформасы менен шайлоого катышкан. Ал 26-декабрда кабарчылар менен жолугуп, Европанын эң жарды аймагында экономикалык жана саясий өзгөрүшкө болгон умтулуу күч алып жатканын белгиледи:

Шайлоонун жыйынтыгы эл жакыр жашоодон, кыйынчылыктан чарчаганын айгинеледи. Алар экономикалык, социалдык жана саясий абалды өзгөртө турган реалдуу чечимдерди жана конкреттүү аракеттерди күтөт. Шайлоочулардын мага көрсөткөн ишеними алар өзгөрүштөрдүн тез арада болушун кааларын да көрсөттү.

Молдованын Украина менен чыгыш чек арасында жайгашкан Днестр жумурияты СССРдин тушунда 1990-жылы өз алдынчалык жарыялаган. Эки ортодо 1992-жылы согуш болуп, Орусия Днестрге аскер киргизген.

Днестр Жумуриятынын расмий кабар агенттиги болгон Олвиа Пресске Шевчук президент катары биринчи кезекте Днестр менен Молдованын ортосундагы чек араны кесип өтүү эрежелерин жеңилдетүү ишин көзөмөлгө алаарын билдирди.
Шайлоонун жыйынтыгы эл жакыр жашоодон, кыйынчылыктан чарчаганын айгинеледи.

Жумуриятты 20 жылдан ашык мезгил башкарган Игор Смирнов биринчи айлампадан өтпөй калган. Анын жеңилишин Москва менен мамилесинин начарлап кеткендигинен көрүшүүдө.

Орусиянын өкмөтү Днестр парламентинин учурдагы төрагасы Анатолий Каминскийге артыкчылык берээрин ишарат кылган, бирок Каминский жеңилип калса да, Шевчук менен кызматташууга даяр экендигин айтып чыкты.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Днестр жумуриятынын 500 миң калкы каржылык жана саясий колдоодо Орусияга көз каранды. Москва алиге чейин бул жумуриятта бир жарым миң аскерин кармап турат.