Франция: биринчи айымдын макамы талкууда

Франциянын президенти жубайы менен

Франция президентинин кеңсеси Эммануэл Макрондун жубайына “биринчи айым” деген статус ыйгарган жобо боюнча түшүндүрмө жасаганы жатат. Азырынча Елисей сарайынан расмий билдирүү жасала элек, бирок президенттин жубайына статус менен кошо өзүнчө бюджет бөлүү демилгесине каршы петицияга эки жуманын ичинде 300 миңге жакын киши кол койгондон кийин мамлекет башчынын жардамчыларына Брижит Макрондун ролу саясий эмес коомдук болот деп актанууга туура келди.

Шайлоо кампаниясында эле Эммануэл Макрон мамлекет башчынын жубайына мындан ары расмий макам берилерин убада кылып келген. Жакынкы күндөрү анын жол-жоболору такталмакчы.

Бир нече айдан бери документтин үстүнөн иштеп жаткан президенттин жардамчылары Баш мыйзамга эч кандай өзгөртүү киргизилбесин, бюджеттен кошумча акча бөлүнбөсүн белгилөөгө шашылышты.

Өкмөттүн маалымат катчысы Кристофер Кастанер “Брижит Макрондун өз ролу жана милдеттери бар, ага кетчү каражат тууралуу маалымат ачык болот” деп Твиттерге жазып, күнүгө 200 миңдей кат аларын, француз коомчулугу менен мыкты байланыштарды түзө алганын айта кетти. Ушу тапта Макрон айымдын кабинет жетекчиси, бир нече ассистенти, эки жансакчысы бар.

Елисей сарайындагылардын ушинтип тынымсыз түшүндүрүп, улам бир тактоо киргизишине Брижит Макронго “биринчи айым” деген статусту ыйгарууга каршы петициянын популярдуулугу түрткү берди.

Интернеттеги петициянын демилгечиси белгилүү актер жана активист Тьерри Поль Валет “мамлекет башчынын жубайына казынадан акча бөлүүнүн кереги жок” деп эсептейт.

Өлкө Конституциясында президенттин аялына расмий макам берилбегени менен, өз иш кеңсеси, жардамчы жана жансакчылар менен камсыздалат.

Биринчи айым адатта күйөсүн чет өлкөлөргө коштоп жүрөт жана ар кандай кайрымдуулук иштери менен алектенет.

Брижит Макрондун расмий макамына каршы болгондор президентти эки жүздүүлүк үчүн айыптап жатышат. Эмне дегенде июлдун этегинде эле саясий жана коомдук жашоону моралдаштыруу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Жаңы жобо парламентарийлерге аялдарын же күйөөлөрүн, башка үй-бүлө мүчөлөрүн ишке алууга тыюу салат.

Макрондун атаандаштарынын бири консерватор Франсуа Фийон депутат кезинде жубайы парламенттен мыйзамсыз маяна алып турган деп чуулгандуу ишке малынып, айрым байкоочулар ошол себептен президенттик жарышта утулду дешет.

Макрон ошол жаңжалды комментарийлеп, саясатчыларга жакындарын жумушка алууга тыюу саларын убада кылган.

- Мени тынчсызданткан жери - эми сенатор, депутаттарга жубайларын пайдаланууга тыюу салынат, алардын статусу жок болот, аларды мындай жылдырып коюу керек. Себеби бул моралга жатпайт. Бирок президенттин аялына артыкчылык берилет. Ушундай карама-каршылык бар, бул мага жакпайт, - дейт Тьерри Поль Валет.

Бул тема бир нече жумадан бери социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында да байма-бай талкууланып жатат.

Биринчи айым статусуна каршы чыккандардын дагы бир бөлүгү муну менен Франциянын саясий турмушун америкалаштыруу аракети көрүлүп жатат, Брижит Макрон өзгөчө Мишел Обаманы туурагысы бар деп сындашат.

Айрымдар болсо Макрон шайлоодон кийин кескин төмөндөп кеткен популярдуулугун жубайынын эсебинен көтөргүсү келет дешүүдө. Жакында өткөрүлгөн сурамжылоолорго караганда, шайлоочулардын 36 проценти гана мамлекет башчынын ишине канааттанаарын айтышкан.

Елисей сарайынын жаңы кожоюнунун түбөлүк жары башынан эле француз коомчулугунун көңүл чордонунда болуп келет. Анын кийинген стили, өзүн алып жүрүшүнөн баштап күйөөсүнөн 24 жаш улуу болгону кызуу талкууланган. Петиция авторлору Макрон айымга каршы эч кандай жеке антипатиянын жоктугун белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.