Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Дүйнө калкын ойлондурган коркунучтар


Пью изилдөө борборунун (Pew Research Center) сурамжылоосуна караганда, глобалдык коопсуздукка эң чоң коркунучту “Ислам мамлекети” радикал уюму жана климаттагы өзгөрүүлөр жаратат.

Андан тышкары изилдөөгө катышкан респонденттер дүйнөлүк экономикадагы кырдаалдан, киберчабуулдардан, кубаттуу мамлекеттердин таасиринен чочулашаарын айтышкан.

Борбордун изилдөөсү үстүбүздөгү жылдын февраль-май айларында 38 өлкөдө жүргүзүлүп, сурамжылоого 42 миңдей киши тартылган. Анда эң негизги 8 коркунуч тууралуу суроо берилип, басымдуу көпчүлүк “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмду жана климаттагы өзгөрүүлөрдү аташкан. Жооптор регион же өлкөгө жараша айырмаланганы менен, көпчүлүк эл дал ушул эки көрүнүш тигил же бул деңгээлде кооп жаратаарын айткан.

“Ислам мамлекети” радикал уюму 18 өлкөдө, негизинен Европа, Жакынкы Чыгыш, Азия жана АКШда коркунучтар тизмесинде биринчи сапка коюлган. Ошол өлкөлөрдүн көбү, мисалы Франция же Британия акыркы кездерде экстремисттик топтун кол салууларынан жабыркашкан.

Муну май айында чукул кырдаалды узартуу чечимин жарыялап жатып, француз премьер-министри Эдуар Филипп да белгилеген:

- Даиш (“Ислам мамлекети” радикал уюму) жана "Ал-Каида" Европага, өзгөчө Франция менен Британияга өтө чоң коркунуч жаратууда. Алар өз ишин ар бир өлкөдө жашаган мүчөлөрүн теракттарды уюштурууга шыкактоо жана Франция же Европага өз желдеттерин жөнөтүп террордук уюмдарды түзүү аркылуу жүргүзүп келишет.

Эдуар Филипп.
Эдуар Филипп.

Айтмакчы, изилдөө авторлору радикал уюм боюнча сурамжылоону коопсуздук себептеринен улам Түркияда өткөрүү мүмкүн болбогонун белгилешти.

Ал эми 13 өлкөдө, өзгөчө Латын Америкасы менен Африкада климаттагы өзгөрүүлөрдү эң чоң көйгөй катары баалашат. Бир топ башка өлкөлөрдө да бул маселе экинчи орунга коюлган.

Жердин глобалдуу ысышынан келип чыккан көйгөйлөр – суу каптоолор, мөңгүлөрдүн эриши, кургакчылык бир топ жылдардан бери дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда болуп келатат. 2015-жылдын этегинде Сирия жана Никарагуадан тышкары бардык мамлекеттер Парижде глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү чаралары каралган документке кол коюшкан. Бирок жакында АКШ президенти Трамп анын өлкөсү Париж келишиминен чыгаарын жарыялап, бир топ сынга кабылды.

- Биз бүгүн Париж келишимин жактаарыбызды ырастадык. Бул - өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн да маанилүү ишара болмокчу. Германия АКШнын Париж макулдашуусунан чыкканына катуу өкүнөт. Албетте, маселени саммитте талкуулайбыз, - деген июлдун башында "Чоң жыйырманын" Гамбургдагы саммити алдында немис канцлери Ангела Меркел.

Ангела Меркел "Чоң жыйырманын" жыйынында.
Ангела Меркел "Чоң жыйырманын" жыйынында.

Пью борборунун изилдөөсүнө караганда, элди андан тышкары кибер чабуулдар жана глобалдуу экономиканын абалы тынчсыздантат.

Алсак, Жапониядагы респонденттерди эң көп киберчабуулдар кооптонтсо, АКШ, Германия жана Британияда андай чабуулдардын коркунучу экинчи сапка жайгаштырылган.

Грецияда жана Венесуэлада болсо сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү дүйнөлүк экономиканын абалына камтамасын билдиришкен. Бул эки өлкө тең экономикалык кризиске туш болгону белгилүү. Экономикадагы олку-солкудан Жакынкы Чыгышта жана Латын Америкасынын башка бөлүктөрүндө да чочулашат экен.

Былтыр Европага качкындардын агылышы өзгөчө коркунуч туудуруп келсе, быйыл бул проблеманы эң көп түйшөлткөн маселе деп суралгандардын 39 проценти гана атаган. Бирок бул Венгрияда дагы деле биринчи орунда кала берүүдө.

Согуш жүрүп жаткан Ооганстан, Ирак, Сирия сыяктуу өлкөлөрдөн Евроапага качып келген качкындар.
Согуш жүрүп жаткан Ооганстан, Ирак, Сирия сыяктуу өлкөлөрдөн Евроапага качып келген качкындар.

Ошондой эле айрым өлкөлөрдөгү элди дүйнөлүк ири державалар - АКШ, Орусия жана Кытайдын таасири кооптондурат. Американын таасири түркиялыктарды чочулатса, Кытайдан Түштүк Кореяда жана Вьетнамда, Орусиядан болсо Польшада коркушат.

Изилдөөнүн авторлору глобалдуу коркунучтарды аныктоо негизинен буга чейинкидей эле калганын белгилөө менен АКШдан, анын таасиринен чочулоо Дональд Трамп президент болуп шайлангандан бери Европанын көп өлкөлөрүндө жана башка жерлерде өскөнүн айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG