АКШ-Кытай: “соода согушунун" кесепети

АКШ жана Кытайдын лидерлери Дональд Трамп менен Си Цзинпин Бээжиндеги бизнес форумда. 9-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ Кытайдын 200 миллиард доллардык товарына койгон кошумча бажы тарифтери 24-сентябрдан тарта күчүнө киргени турат. Дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын ортосундагы “соода согушунун” маңызы эмнеде?

Вашингтондун Бээжин менен “соода согушундагы” акыркы кадамдары кытай өндүрүмүнүн абдан кеңири чөйрөсүн: товардын 6 миңге жакын түрүн камтыды. Ак үй жарыялагандай, АКШ Кытайдын акчалай көлөмү 200 миллиард доллардык товарына бул ирет 10% тариф киргизди.

Кытай өз тарабынан АКШнын жарыясына чейин эле Дональд Трамптын аракеттерине жооп катары акчалай көлөмү 60 миллиард доллардык товарга тариф коё турганын билдирди.

18-сентябрдын кечинде Кытайдын Каржы министрлиги алардын жаңы тарифтери күчүнө кире турганын ырастады. Мындан кийинки кадам кайра АКШ тарапта калды. Анткени президент Дональд Трамп эгер Бээжин жооп чарага барса, алар Кытайдын дагы 267 миллиард доллардык товарына салык төлөмүн көтөрө турганын эскерткен.

АКШ менен Кытайдын ишкерлери соода келишимдерине кол койгон учур. Бээжин, 9-ноябрь, 2017-жыл.

Жалпысынан америкалык санкциялар Кытайдын наркы 500 миллиард долларга чейинки товарын камтып, ошол эле учурда АКШнын өзүнүн фермерлерин жана Кытайга продукция саткан компанияларын сокку астында калтырчудай.

“Соода согушунун” кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

АКШнын администрациясы Кытайдын 200 миллиард доллардык товарына 17-сентябрда жарыялаган тарифтер 24-сентябрдан тарта күчкө киргени турат. Бажы төлөмүнүн деңгээли азыр 10%, ал эми 2019-жылдан тарта 25% болот. Буга чейин да АКШ эки баскыч менен Кытайдын акчалай наркы 50 миллиард доллардык товарына 25% төлөм киргизген.

Анда Кытай импортунан АКШ аныктаган тизмеге товардын 800дөй түрү, анын ичинде стратегиялык жактан маанилүүлөрү, автоунаалар кирген. Кытай дагы буга теңме-тең жооп чарага барган. АКШнын наркы 50 миллиард доллардык, 659 түр товарына 25% салык салган.

Жаңы төлөмдөрдү эске алганда АКШ Кытайдан алган импорттун жарымына тариф коюлду, экинчи бөлүгү болсо мына ушундай коркунуч астында турат.

Эмне үчүн тариф?

Вашингтон Кытай АКШ менен соодада “чынчыл жана адилет” болбой жатканына узактан бери даттанып келет.

Америкалык тарап Бээжиндин “Кытайда жасалды - 2025” деген планын да эске алууда. Ал план боюнча 2025-жылга карата Кытайда маалымат технологиялары, робототехника, аэрокосмос жабдуулары, биофармацевтикада өзүнүн өндүрүшү калыптанышы зарыл.

Америкалык жана башка чет элдик компаниялар Бээжин аларды ички базарына киргизбей, атүгүл сүрүп чыгарып жатканын да айтып жүрүшөт.

АКШнын Соода өкүлүнүн буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, Кытай чет элдик компаниялардан алардын базарына кирүү шарты катары “технологиялар менен бөлүшүүнү” талап кылат, ал эми кээде ачык эле киберуурулуктан да кайра тартпайт.

Шанхайдагы Эркин соода зонасынын бир бөлүгү. 13-февраль, 2017-жыл.

Тарифтер Кытайга сокку уруудабы?

Эксперттердин көз карашында, тарифтер Бээжин менен Вашингтондун соода согушунда чектелүү гана таасир бере турган курал. Мунун жөнөкөй эле себеби – Кытай АКШдан импорттогонго караганда, ага товарды көп экспорттой турганы.

Америкалык статистика боюнча 2017-жылы АКШ Кытайдан 505,5 миллиард долларга товар импорттосо, кайра 129,8 миллиард долларга гана товар экспорттогон. Натыйжада Кытай соодада 375, 5 миллиард доллар утушка ээ болгон.

Мэриленд университетинин экономика боюнча профессору Питер Морисинин пикиринде, Трамптын тарифтери Кытайга азырынча сезилерлик зыянын тийгизе элек.

“Кытайдыкы өңдүү режимде Трамптын тарифина жооп берүү үчүн басым көргөзүү рычагдары бар. Бээжин өзүнүн валюта курсун тууралап же чыгымдарды өндүрүшчүлөргө жүктөп коё алат. Санкциялардын биринчи пакети - 25% тариф Кытайга өтө деле сокку урган жок. Жаңы пакетте 10% тарифтер, Бээжин бул үчүн камтамага деле түшпөйт”, - дейт профессор Мориси “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде.

Ким зыян тартууда?

Азырынча “соода согушунан” эң көп жоготууга соянын америкалык өндүрүүчүлөрү туш болду, жоготууга айрым өнөр жай компаниялары да кабылды. АКШнын компонент өндүрүүчүлөрү да соода тирешинин терс таасирин сезиши мүмкүн.

Кытайдын Нантонг портунда импорттолгон соя буурчактарын түшүрүү. 9-апрель, 2018-жыл.

"Bank of America Merrill Lynch" каржы уюмундагы экономисттердин эсебинде, АКШ менен Кытай ортосундагы “соода согушу” канчалык узакка созулса, америкалык экономика үчүн ошончолук жаман болот. Алардын көз карашында “соода согушу” товар жеткирүү каналдарын бузуп, экономикалык ишенимге көлөкө түшүрүп, “экономиканы толук кандуу рецессияга” түртүүдө.

Мындан да жаманы, бул “соода согуштун” таасири Кытай менен АКШнын сыртына да тарап жатат. Маселен, Евробиримдиктин Соода палатасынын 18-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, бул жаңжал европалык компанияларга да зыян алып келип, бүткүл дүйнө боюнча товар жеткирүү каналдарын бузууда.

Германиянын Гамбург портундагы жүк терминал. 1-август, 2018-жыл.

Евробиримдиктин Соода палатасы өткөргөн сурамжылоого тартылгандардын 44% АКШнын жаңы тарифтерине, 43% Кытайдын тарифтерине терс мамиледе экенин айтышкан.

“АКШ менен Кытай ортосундагы соода согушу Кытайдагы европалык компанияларга олуттуу таасирин тийгизүүдө жана алар үчүн абдан терс кесепеттери бар”, - дейт Евробиримдиктин Соода палатасынын төрагасы Мэтс Харборн.

Эми эмне болот?

“South China Morning” басылмасынын 18-сентябрда кытай өкмөтүндөгү булактарга шилтеме жасап жазганына караганда, Бээжин сүйлөшүүлөргө кайра башынан киришүү үчүн Вашингтонго делегация жөнөтүүнү мерчемдеген. Бирок президент Дональд Трамптын эгер Кытай жооп чарага барса, алардын дагы 267 миллиар доллардык товарына пошлина киргизүүсүн эскерткени Бээжинди мурдагы ниеттеринен баш тартууга мажбурлады.

Кытайдын чегинүүгө барышына ишенгендер аз. Америка соода палатасынын Кытайдагы бөлүмү 18-сентябрда Бээжин каршылык көргөзөрүн белгилөө менен талашты сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырды.

Палатанын төрагасы Уильям Зариттин көз карашында, “Вашингтондо эмне дешпесин, Кытай каршылык жасай алат жана жасайт. Биз жакынкы келчекте кырдаалдан чыгуу мүмкүнчүлүгү табыларына анчалык оптимизм менен караган жокпуз”, - дейт Зарит.

Кытайдын Баалуу кагаздар комиссия жетекчилигинин өкүлү болсо “соода согушу” өз жемишин бербей турганына, анткени Бээжиндин фискалдык жана монетардык аспаптары жетиштүү экенине көңүл бурат.

“Президент Трамп артка тартпаган ишкер, ал Кытайга басым жасап, сүйлөшүүлөрдө ал чегинүүгө барышына жетишүүнү көздөөдө. Бирок, биз менен мындай тактика иштейт деп ойлобойм”,- деди комиссия төрагасынын орун басары Фан Хинкай.

АКШнын Миссури штатында соя эгилген талааны көрүү үчүн кытайлык делегация барган учур. 28-август, 2018-жыл.

Мэриленд унверситетинин профессору Питер Морис Трамп киргизген тарифтер Бээжиндин экономикалык жана соода саясатын өзгөртө албайт деген пикирде.

“Трамптын бир артыкчылыгы бар, анын эмне жасарын күн мурунтан боолгоп билүү мүмкүн эмес. Бирок тариф маселесинде Трамп Кытайга өз пландарын айтып койду, Бээжинде даярдык көргүдөй убакыт бар”, - деген профессор бажы төлөмүн (пошлинаны) ырааттуу көтөрө берүү жардам бербесин да белгилейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.