Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:57

АКШ-Кытай: соода тиреши тереңдегени турат


АКШ менен Кытайдын желектери. Бээжин, 8-ноябрь, 2017-жыл.
АКШ менен Кытайдын желектери. Бээжин, 8-ноябрь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттар менен Кытайдын соода тиреши дагы тереңдегени турат. АКШ президенти Дональд Трамп эми Кытайдын 200 миллиард доллардык товарына кошумча бажы тарифтери коюлганын жарыялайт деп күтүлүүдө. Өз кезегинде Бээжин жооп чарага барарын билдирип жатат. Буга чейин дүйнөнүн эң ири экономикасы бири бирине каршы киргизген тариф колдонулган товардын акчалай көлөмү 100 миллиард долларга жеткен.

АКШ президенти Дональд Трамптын Кытай боюнча жаңы тарифтик планы качан жарыяланып, качан күчүнө кире турганы расмий айтыла элек. Бирок америкалык медиа 200 миллиард доллардык товарга жаңы тарифтер эң эрте дегенде 17-сентябрда билине турганын кабарлоодо.

"Wall Street Journal" басылмасынын бул ишке тиешеси бар булактарга шилтеме берип жазганына караганда, бул ирет бирок Кытай өндүрүшүндөгү товарларга киргизилүүчү тариф деңгээли башында мерчемделгендей 25% эмес, 10% болот.

Эки өлкө ортосунда соода тиреши жана согушу деп мүнөздөлгөн жараян мурдагыдан да тереңдейт деп күтүлгөн шартта АКШнын бийликтери сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдирүүдө:

Ларри Кудлоу.
Ларри Кудлоу.

- Эгер кытайлар оң жыйынтыктар үчүн сүйлөшүү столуна олуттуу маани берүү менен келишсе, албетте биз даярбыз. Муну биз да, президент да бир нече айдан бери суранып жатпайбы, - деген эле өткөн аптада Ак үйдүн башкы экономикалык кеңешчиси Ларри Кудлоу.

Вашингтон Бээжинге сүйлөшүүлөр үчүн жаңы чакырык жолдогону да өткөн аптада маалым болгон.

Соода тиреши курчугандан бери тараптар сүйлөшүүлөрдү бир нече айлампадан өткөрүштү, бирок азырынча мунаса табыша элек.

- Менимче, Кытайдын АКШ менен соода тирешке байланышкан маселелердеги туруму түшүнүктүү жана ырааттуу. Биз соода согушу эч нерсени чечпей турганын, тескерисинче, баары үчүн зыяндуу экенин такай айтып келебиз. Бул 1000 душманды жеңүү үчүн 800 аскерди жоготуу дегенди билдирет. Менимче азыр ким миңди, ким 800дү жоготконун талкуулоонун өзү маңызсыз, - дейт Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Генг Шуанг.

АКШ менен Кытай буга чейин бири бирине каршы тариф койгон товардын акчалай көлөмү 100 миллиард долларга жеткен. Вашингтондун жаңы чарасына даярдык катары Бээжин АКШнын наркы 60 миллиард доллардык өндүрүмүнүн тизмесин да аныктаган. Эки мамлекет буга чейин бири бирине каршы Дүйнөлүк соода уюмуна да даттанышкан болчу.

Президент Дональд Трамп, анын администрация өкүлдөрү Вашингтондун аракети соодада адилеттик орнотуу, АКШ үчүн “эбегейсиз таңсыктыкты” жоюу, Кытайды интеллектуалдык менчикти уурдоодон баш тарттыруу максатын гана көздөй турганын айтып жүрүшөт. Бээжин болсо, тескерисинче, АКШнын кадамдарын соодадагы протекционизм катары сынга алып, ага жооп кайтарууга аргасыз экенин билдирүүдө.

Ал эми Компартияга караштуу “Global Times” басылмасы 17-сентябрдагы санында “Cүйлөшүү столунда утушка ээ болуу үчүн чыңалууну күчөтүүгө аракеттенүү АКШ үчүн жаңылык эмес. Биз кооз контрчабуулду чыдамсыздык менен күтөбүз”, - деп жазды.

Кытайдын Шэнчжэн шаарындагы порттун контейнер терминалы. 12-июль, 2018-жыл.
Кытайдын Шэнчжэн шаарындагы порттун контейнер терминалы. 12-июль, 2018-жыл.

Дүйнөнүн биринчи экономикасы болгон АКШ Кытай үчүн экинчи ири, ал эми экинчи экономика Кытай АКШ үчүн биринчи ири соода өнөктөш.

Кошмо Штаттардын эсебинде былтыр эки тараптуу сооданын көлөмү 635 миллиард доллардан ашып, бирок соода таңсыктыгы Кытайдын пайдасына 375 миллиард долларга жеткен. Башкача айтканда, Кытай АКШга ушунча акчага товарды көп саткан.

Эл аралык валюта фонду соода согуштарынан улам глобалдык экономиканын өсүш ыргагы 2020-жылга барып бери дегенде жарым пайызга (0,5) азайышы мүмкүн экенин июль айындагы баяндамасында эскерткен. Валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард жакында соода чектөөлөрүн глобалдык экономиканын өсүү ыргагына коркунуч жараткан факторлордун бири катары атаган.

"Вашингтон менен Бээжиндин соода согушу дагы күчөйбү?" деген кооптонуулардан улам Азия менен Европанын баалуу кагаздар базарында 17-сентябрдагы соодада биржалык көрсөткүчтөр төмөндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG