Вашингтон менен Бээжин ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү утур-утур өткөрүп жатканына карабай, дүйнөдөгү экономикалык жактан эң кубаттуу эки өлкөнүн ортосундагы “соода согушу” деп мүнөздөлгөн жараян уланууда.
Алар эми 23-августтан тартып бири-биринин наркы 16 миллиард доллардык товарына кошумча 25% салык алганы жатышат. Бул үчүн Кошмо Штаттар түзгөн товардык тизмеде Кытайдын 279 түрлүү товарлары, анын ичинде темир жол жабдуулары, пластик, химиялык өнүмдөр бар. Ал эми Кытай тараптын тизмесинде АКШнын 333 түрлүү өндүрүмү, анын ичинде медициналык жабдуулар, болот өндүрүмү, көмүр, жез, отун, автобустар бар.
АКШнын борборунда эки өлкөнүн орточо деңгээлдеги кызмат адамдары сүйлөшүп жатканына карабай, Вашингтон менен Бээжин ички өндүрүшү менен базарларын коргоону максат кылган жаңы тарифтерин күчкө киргизишти.
- Кытай жана АКШ бири-бири менен сүйлөшө баштагандыктан, биз бул сүйлөшүүлөр эки тарап үчүн тең алгылыктуу, эки жактын ишкер чөйрөлөрү жана керектөөчүлөрү үчүн пайдалуу жыйынтыкка алып барат деп үмүттөнөбүз. Баса белгилеп кетейин, эч кандай чайкооочулук кылгыбыз келбейт. Сүйлөшүүлөр уланууда. Менимче, эки тарап тең азыр анын чоо-жайын ачык айтканга ылайык учур деп эсептебейт, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лу Каң.
Ал эми Кытайдын Соода министрлиги АКШнын эң соңку тарифтерине байланыштуу Дүйнөлүк соода уюмуна даттануу жибергенин да жарыялады.
Ошентип, июль айынын башынан бери дүйнөнүн эң ири эки экономикасы бири-бирине тариф салган товардын акчалай наркы 100 миллиард долларга жетип калды. Мурда эки өлкө бири-бирине каршы 34 миллиард доллардык товарга тариф киргизишкен.
Президент Дональд Трамп эгер Кытай интеллектуалдык менчикти уурдоо практикасынан, өнөр жайын субсидиялоодон баш тартып, АКШдан көбүрөөк товар албаса, Вашингтон Кытайдын 500 миллиард доллардык өндүрүмүнө чейин тариф коё алаарын эскерткен.
Президент Трамп өзү, анын администрация өкүлдөрү Вашингтондун чечими соодада адилеттик орнотуу, АКШ үчүн “эбегейсиз таңкыстыкты” жоюу максатын гана көздөй тургандыгын айтып жатышат.
- Сөз бул жерде АКШ калыс жана эркин сооданы көздөп жатканы тууралуу жүрүп жатат. Кытайга келгенде биз технология маселеси жөнүндө да айтып жатабыз. Биз "соода глобалдык экономика үчүн маанилүү" деген идеяны колдойбуз, бирок ал калыс жана эки тараптуу болушу зарыл, - деген эле өткөн айда АКШнын финансы министри Стивен Мнучин.
Бээжин болсо, тескерисинче, Вашингтондун баштаган кадамдарын соодадагы протекционизм катары сынга алып, ага жооп кайтарууга аргасыз экенин билдирүүдө.
Дүйнөнүн биринчи экономикасы АКШ Кытай үчүн экинчи ири, ал эми экинчи экономика Кытай АКШ үчүн биринчи ири соода өнөктөш.
Кошмо Штаттардын эсебинде былтыр эки тараптуу сооданын көлөмү 635 миллиард доллардан ашып, бирок соода таңкыстыгы Кытайдын пайдасына 375 миллиард долларга жеткен. Башкача айтканда, Кытай АКШга ушунча акчага товарды көп саткан.
Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) соода согуштарынан улам глобалдык экономиканын өсүш ыргагы 2020-жылга барып кеминде жарым пайызга (0,5) кемиши мүмкүн экендигин өткөн айда эскерткен.
"Биздин моделдөөбүз боюнча эгер соода саясатындагы азыркы коркунучтар иш жүзүнө ашып, анын натыйжасында бизнестин ишеними азайса глобалдык өндүрүштүн көлөмү 2020-жылы азыркы божомолдорубуздан 0,5% ылдый болот”, - деген Вашингтондогу басма сөз жыйынында ЭВФтин башкы экономисти Морис Обстфельд.
ЭВФтин соңку божомолуна ылайык, быйыл глобалдык экономика 3,9% кеңейиши күтүлөт.
Ал эми былтыр дүйнөлүк экономика 3,7% арбыса, көлөмү 18 триллион доллардык АКШнын экономикасы 2,3%, 11 триллиондук Кытай экономикасынын өлчөмү 6,8% көбөйгөн.