Кытайлык пресса: "муз эрийби?"

"Түштүк жумалыгы": цензурага каршы демонстрация, 7-январ, 2013-ж.

Кытайда журналисттер, редакторлор жана таанымал гезиттин кызматкерлери өкмөттүк цензурага нааразы болуп иш ташташты. "Америка добушу" радиосунун Бээжиндеги кабарчысы Уилям Айддын билдиришинче, «Түштүк жумалыгы» гезитинин айланасындагы бул окуядан улам, Кытайда бийлик башчысы алмашкандан бери мамлекет тыкыр көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары тармагында «муз эрий» баштадыбы деген суроо туулууда.
Маалымат тыкыр көзөмөлдөнгөн Кытайда «Түштүк жумалыгы» окуяларды ачык жана көз карандысыз чагылдуруу аракеттери менен таанылган гезит. Мына ушул гезиттин кабарчылары жаңы жылдан кийин ишке кайтып келгенде гезиттин конституциялык реформага арналган бөлүгү бурмаланып калгандыгына күбө болушту. Бул окуя гезиттин редакторлору менен кабарчыларын иш таштоого мажбурлады. Ошол эле убакта социалдык тармактарда масштабдуу талкуу башталды.

3-январда ишке кайтып келгенден кийин кабарчылар өз материалдары бурмалангандыгын көрүп, гезиттин кеңсесинин сыртында акцияга чыгышты. Кийин алынып салынган интернеттеги сүрөттөрдө гезиттин кызматкерлери сөз эркиндигин, демократияны жана саясий реформаны талап кылган ураан, жазууларды көтөрүп турганын көрүүгө болот.

Бир катар илимпоздор жана редакторлор интернетте буга чейин да аталган гезиттин кеңсеси жайгашкан Гуандоң дубанындагы үгүт-насаат боюнча өкмөт өкүлүн кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Азыр эми Нанжиң университетинин студенттери жана башкалар өздөрүнүн «Кет- кет!» деген мазмундагы ураандарды кармап турган сүрөттөрүн социалдык сайттарга чыгарышты. Айрымдары алтургай Кытайда реформаларды тереңдетүүнүн мезгили келди деген үмүткө жетеленишүүдө.

Кытай компартиясынын жаңы лидери Си Цзинпин

Ноябрь айында Си Цзинпин компартиянын башчысы болуп келгенден бери сын-пикирди канчалык деңгээлде кабыл алаар экен деп журналисттер өлкөнүн жаңы жетекчилерин астейдил сынап жаткандыгы байкалат. Себеби Си Цзинпин өлкөнүн Конституциясын коргоого чакырып, ошол эле убакта анти-коррупциялык өнөктүгү жана ашыкча чыгымдарды азайтуу аракеттери үчүн макталууда.

Ренмин университетинин журналистика боюнча профессору Жоң Сиң өлкөдө мамлекет башчылары алмашкандан бери эл арасында үнүн мурдагыдан бийик чыгаргандардын катары көбөйүп жаткандыгын белгиледи:

– Сөзсүз өзгөрүү болду. Ар түрдүү деңгээлдеги өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз. Маалымат каражаттары курч маселелерди көтөрүп, цензорлор мурдагыдан сабырдуу болуп калгандыгын байкоого мүмкүн Белгилүү темаларда элдер мурдагыдан чечкиндүүрөөк сүйлөй баштагандай сезим бар.

Профессор ошол эле убакта Кытайда кескин өзгөрүү же кандайдыр бир төңкөрүштөр болуп кетиши күмөн экендигин белгилейт. Анын пикиринде, өзгөрүүлөр аста-астап өтөт.

"Түштүк жумалыгын" коргогон демонстранттар

Көз карашын ачык айтканы үчүн иштен айдалган белгилүү редактор Ли Датоң болсо «Түштүк жумалыгынын» айланасындагы кырдаал бийликтерди азыркыдай жаңылыктардын ар бир сөзүн электен өткөрүп, текшерүү таптакыр зарыл эмес экендигине ынандырат деп үмүттөнөт. Анын көз карашында, бирок сөз эркиндиги тармагында өзгөрүш жеңил болбойт:

- Өзгөрүш жана реформа оңой болбойт. Ал үчүн көп талкуу керек, анткени кеп пикир билдирүү жана фактыларды билүү укуктарында болуп жатат. Бул укуктарды кантип пайдаланабыз? Кеп ушунда, үгүт-насаат бөлүмдөрү бардык интернет төрлөрүн, бардык социалдык тармактарды көзөмөлдөгүсү келет. Алар күндө улам бир интернет сайтын жабат. Бул качанга чейин уланат?

Азырынча күрөш уланууда. «Түштүк жумалыгынын» жетекчилери Вейбо деп аталган социалдык тармактагы баракчасынын көзөмөлүн бийликтерге өткөрүп бергендигин бышыкташты.Бул сайтты мындан ары гезиттин кызматкерлери көзөмөлдөбөйт.