26-мартта аскерлерге жасаган кайрылуусунда генерал-лейтенант Ахмед Гаед Салах кризистен чыгуу жолдорун табууга чакырды.
Генерал өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактап калуунун бирден бир кепилдиги - Баш мыйзам экенин белгиледи жана анын 102-беренесин колдонууну сунуш кылды.
Ал берене мамлекет башчынын саламаттыгы начарлап, кызматтык милдетин аткара албай калганда Конституциялык кеңешке президенттик орун бош деп жарыялоо укук берет.
Конституциялык кеңеш андай кадамга барса, чечимди парламенттин эки палатасы тең жактырууга тийиш. Сунуш колдоо тапса, мамлекет башчынын милдетин парламенттин жогорку палатасынын спикери Абделкадер Бансалах кеминде 45 күн аткарып турмакчы.
Алжирдин баш калаасынын жашоочулары генерал Гаеддин сунушун оң баалашканы менен, айрымдары куралдуу күчтөрдүн саясий процесстерге кийлигишкенинен чочулашат.
Дагы караңыз Алжирде президенттин дымагы элди көтөрдүАрмиянын таасирдүү жетекчилиги адатта саясатка көшөгө артынан аралашып турат.
2013-жылы мээсине кан куюлгандан бери 82 жаштагы Бутефлика эл алдына өтө сейрек чыгат, улам-улам дарыланып жатканы тууралуу кабарлар пайда болот. Кайрылууларын жардамчылары окушат, жада калса бул жолку президенттик шайлоого катышары мамлекеттик телеканалдын диктору аркылуу жарыяланган.
Мунай менен газга бай Түндүк Африкадагы бул өлкөдө бир нече аптадан бери 20 жыл бийликте турган президенттин отставкасын талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат.
Бир нече күн мурда Бутефлика 9-апрелге белгиленген президенттик шайлоодо 5-мөөнөт үчүн ат салышпай турганын, добуш берүү башка күнгө которуларын билдирген. Бирок демонстранттар президентти "бийликте калуунун амалын издеп жатат" деп айыпташууда.
Нааразылык акциялары февралдын башында, Бутефлика дагы бир жолу мамлекет башчылыкка аттанаары белгилүү болгондон кийин тутанган.
Армия жетекчилиги демонстранттарды колдогону менен башаламандыкка жол берилбейт деп эскертүүдө.
Франциянын оторчулугуна каршы согуштун ардагери Бутефлика өзү армиянын жогорку катмарынын өкүлү.
Өткөн кылымдын 90-жылдарындагы жарандык согуштан кийин бийликке келген президент өлкөнү бириктирген фигура катары каралып келген. Бирок барган сайын бийликти өз колуна топтогону сынга кабылууда. Анын үстүнө өлкөдө коррупция кеңири жайылган, жумушсуздуктун деңгээли жогору, калктын калың катмары жакырчылыкта жашайт.