Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Алжирде президенттин дымагы элди көтөрдү


Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика. 28-апрель, 2014-жыл.
Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика. 28-апрель, 2014-жыл.

Алжирде мамлекет башчы, 82 жаштагы Абделазиз Бутефликанын бешинчи президенттик мөөнөткө ат салышуу ниети элди көчөгө чыгарды. Президент 2014-жылы мээсине кан куюлгандан кийин эл алдына дээрлик чыкпайт.

5-мартта Алжирдин бир катар шаарларында миңдеген киши президент Бутефликаны кызматтан кетүүгө үндөп, апрелдеги шайлоодон талапкерлигин алууну дагы бир жолу талап кылышты. Демонстранттардын алдыңкы катарына чогулган жаштар, студенттер өлкө башында жаңы муун өкүлдөрүн көргүсү келишет.

1991-2002-жылдары жарандык согушту башынан өткөргөн Алжир калкынын 70 пайызын 30 жашка толо элек улан-кыздар түзөт. Африкадагы эң ири мунай өндүрүүчү өлкөдө коррупция кеңири жайылган, жумушсуздуктун деңгээли жогору, калктын калың катмары жакырчылыкта жашайт.

Ашынган исламчылар менен күрөш учурунда тынчтыкты, туруктуулукту эңсеген эл Бутефликанын башкаруу ыкмасына сабырдуу мамиле кылып келсе, эми эски системаны жоюуну, паракор аткаминерлердин кетишин талап кылгандар көбөйдү.

4-мартта 82 жаштагы Бутефлика президенттик жарышка катышууга арыз тапшыргандын эртеси өлкөнүн булуң-бурчунда нааразылык акциялары жанданган. Оппозициялык партиялар шайлоону кийинкиге жылдырууну талап кылышууда.

Мурдагы өкмөт башчы Али Бенфис, эң ири исламчыл партиянын жетекчиси Абдераззак Макри жана башка аттуу-баштуу саясатчылар Конституциянын тиешелүү беренесин пайдаланып, «бийлик вакансиясын» жарыялоого чакырышты. Баш мыйзамга ылайык, андай абал президент саламаттыгынан улам ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда киргизилет.

3-мартта мамлекеттик телеканалдан окулган билдирүүдө Бутефлика 18-апрелде эл ага ишеним көргөзсө, мөөнөтсүз президенттик шайлоону дайындай турганын, ал жолу талапкерлигин койбой тургандыгын айтты. Президент Баш мыйзам өзгөртүлүп, референдум аркылуу бекитилерине убада берди. Бирок Бутефликанын 5-мандат үчүн ат салышуусуна каршы чыккан демонстранттардын негизги талабына жооп берилген жок.

Жергиликтүү талдоочулардын көбү мамлекет башчынын кайрылуусу нааразылык маанайын басаңдатпайт деген ойго ыктап турушат.

Бутефликанын шайлоого катышуу жөнүндө арызын анын шайлоо штабынын жетекчиси тапшырган. Президент өзү кайда экени жана анын ден соолугунун абалы калың элге айтылбай жатат. 21-февралда анын администрациясы президент Швейцарияга кезектеги медициналык текшерүүгө кеткенин билдирген.

«La Tribune de Geneve» гезити бир нече булакка таянып, Бутефлика 24-февралда Швейцарияга келгенин, Женева университетинин клиникасында дарыланып жатканын жазды. Оорукананын жетекчилиги медициналык сырга шылтап Алжир президенти тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

1999-жылдан бери бийликте турган Бутефлика мындан алты жыл мурун инсульт болгон. Ошондон бери майыптар арабасында жүргөн президент эл алдына саналуу жолу гана чыккан.

Ушундай карама каршылыктуу жагдайга карабай, кээ бир талдоочулар Бутефликага атаандаш чыкчу салмактуу саясатчылардын жоктугун белгилешет. Оппозициянын таанымал жетекчилери шайлоого катышуудан баш тартышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG