Куралдуу күчтөрдүн маалымат катчысы Володимир Полевойдун 1-февралда билдиргенине караганда, орусиячыл жикчилерге каршы кармаштарда дагы 20 чакты аскер жараат алды.
Донецк жана Луганск облустарындагы атышууда карапайым алты киши каза тапканы кабарланууда.
Ал тапта Минсктеги тынчтык сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктагады.
Ишемби күнкү сүйлөшүү төрт сааттан ашуун убакытка созулуп, ага Орусия, Украина, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, ошондой эле өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп атаган аймактардын өкүлдөрү катышты.
Учурда ЕККУга төрагалык кылган Сербиянын тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө жикчилердин сүйлөшүүлөрдү туңгуюкка такаганы, буга чейинки келишимди кайра карап чыгуу аракетин көрүшкөнү айтылат.
1-февралдагы билдирүүдө белгиленгендей, “алар ок атышууну токтотуу келишимин ишке ашыруу жана оор техниканы чыгаруу маселелерин талкуулоого даяр эмес болуп чыкты”.
Жикчилердин өкүлү Денис Пушилин бардык ультиматумдарды четке кагышаарын айтып, украин бийлигин тынчтык процессине жолтоо болуп жатат деп айыптады.
Киевдин сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү, мурдагы президент Леонид Кучманын айтымында, жикчилер шарт коюп, “ок атышууну тез токтотуу жана оор техниканы алып кетүү планын талкуулоодон баш тартышты”.
Кучма ошондой эле 5-сентябрда Минсктеги келишимге кол койгон жикчилердин өкүлдөрү Александр Захарченко менен Игорь Плотницкийдин бул жолку жолугушууга катышпаганын сындады.
Пушилиндин ырастоосунда, ал экөө ушу тапта украин армиясынын бомбалоосунун кесепеттерин жоюу иштери менен алектенүүдө, президент Петро Порошенко ок атышууну дароо токтотуу тууралуу жарыялап, куралдуу күчтөр чегингенде гана жикчилердин лидерлери тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышат, алар “акыркы келишимге” кол коюлганда керек болот.
- Карапайым эл жашаган чөлкөмдөрдү аткылоо токтотулууга тийиш. Донецк жана Луганск элдик жумурияттардын жетекчилери аткылоолордон коргонуу чараларын көрүү, кесепеттерин жоюу иштери менен алектенүүдө. Экинчи шартты айтсак, акыркы документтин долбоору ыйгарым-укуктуу өкүлдөр тарабынан түзүлүп, тараптар макулдашууга тийиш. Ошондо гана лидерлер Минск жолугушуусуна келишет.
"Кучманын Украинанын атынан тынчтык келишимине кол коюу ыйгарымы жок", - деп кошумчалады козголоңчулардын өкүлү.
ЕККУнун расмий өкүлдөрү салгылашуулардан жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашылат деп үмүттөнүп турушканын сүйлөшүүлөрдүн алдында билдиришкен.
Куралдуу жаңжал башталган былтыркы апрель айынан бери Украинанын чыгышында 5 миң 100дөн ашуун киши набыт кетти, жүз миңдегендер үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.
Украинанын бийлиги жикчилерден өз күчтөрүн Минск келишиминде көргөзүлгөн тилкеге жылдырууну талап кылууда. Бирок сентябрь айынан бери дагы 500 чарчы чакырым ичкериден ээлеп алууга жетишип, Мариуполь портуна жакындаган жикчилер Киевдин талабын четке кагышууда.
Акыркы бир нече күндө салгылашуулар Донецктен 50 километрдей алыс орун алган Дебальцево шаарында жана анын айланасында күчөдү. Козголоңчулар маанилүү транспорт түйүнү болуп эсептелген шаарда украин куралдуу күчтөрүнүн миңдеген жоокерин курчоого алышканын ырасташууда.
10 чакты күндөн бери электр энергиясыз, суусуз жана газсыз калган шаардан жүздөгөн киши чыгып кетүүдө.
Ок атышуулардан көптөгөн жайкын тургун жарадар болуп, армиянын көзөмөлүндөгү ооруканаларга жайгаштырылган.
Премьер-министр Арсений Яценюк 31-январда маалымдагандай, акыркы күндөрдө Дебальцеводон бир миңдей тургун көчүрүлдү.
Жикчилердин Донецк жана Лугансктагы лидерлери биргелешкен билдирүүдө Минск сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учураса, чабуул улантылаарын эскертишкен.
Соңку окуялар Киевдин Батыштагы өнөктөштөрүн камтама кылды. АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Порошенко жана Яценюк менен сүйлөшүү үчүн 5-февралда украин баш калаасына аттанаарын билирди.
Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, андан кийин Керри Мюнхендеги коопсуздук конференциясына катышып, ал жерден Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешмекчи.
Батыш жана Украин өкмөтү Москваны кошуна өлкөнүн чыгышындагы жикчилерди танк, ракета аткыч өңдүү заманбап курал-жарак менен камсыздап, машыктырууда деп айыптап келатышат.
Орусия бул дооматтарды четке кагууда.
АКШ жана Европа биримдиги Москва Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин экономикалык санкцияларды киргизген.
29-январда Еврошаркет Орусиянын жана жарым аралдын айрым жетекчилерин бутага алган жазалоочу чаралардын биринчи бөлүгүн сентябрга чейин калтыруу чечимин кабыл алды.
1-февралда СиЭнЭн каналына берген интервьюда АКШнын президенти Барак Обама санкциялар тууралуу буларды айтты:
Батыш Орусиянын Украинадагы саясатына байланыштуу кабыл алган чечимдер орус экономикасына залакасын тийгизди, бирок саясатын өзгөрттүргөн жок деп айтуу туура болот. Мунун бардыгы президент Владимир Путин өз өлкөсүнүн атынан кабыл алып жаткан туура эмес чечимдердин натыйжасы деп ойлойм.
Дебальцево шаары, 1-февраль, 2015-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.