"Визарандын" жоюлушу, түйшүк тарткан келиндер

Кыргыз-өзбек чек арасы. Архив.

“Визарандын” жоюлушу Кыргызстанга турмушка чыккан өзбекстандык келиндер үчүн кыйынчылыктарды жаратууда.

Алар эми узак мөөнөткө виза алуу зарылдыгын, бул үчүн жолдошунун эсебинде 50 миң сом болушу керектигин айтып сарсанаа болуп жатышат. Бирок Тышкы иштер министрлиги "банк эсепте каражат болушу керек" деген маалыматты четке кагып, визаны жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо менен алса болорун белгиледи.

"Баары акча издеп жатат"

Жалал-Абад облусунун тургуну Лүтсия Эралиеванын айтымында, ал жашаган айылга Өзбекстандан келин болуп келгендердин дээрлик баары акыркы күндөрү дүрбөлөңгө түшүп калган. Буга чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүү эрежелеринин өзгөргөнү себеп болгонун белгиледи:

"Биздин айылга Өзбекстандан түшкөн келиндер аябай көп. Алар бул жакта мыйзамдуу жүрүү үчүн бир жылдык виза алышы керек экен. Күйөөсүнүн картасында 50 миң сом акча болушу керек деп уктук. Албетте, ал акчаны мамлекет албайт, бирок бул сумма келиндин күйөөсүнүн "аны бага алганга каражатым жетет" деген кепилдиги болот экен. Бул маалыматтын чын-төгүнүн биле албагандар көп. Элеттиктер үчүн 50 миң сом - чоң акча. Кээ бирлери карызга акча издеп жүрүшөт. Айрымдар банктан насыя алганы аракет кылууда. Бирок насыяны пайыз менен төлөш керек, бул дагы ашыкча түйшүк. Мындай эреженин кандай зарылчылыгы бар? Чынында, мен бул жаңы эреженин чоо-жайын билбейм. Балким, маалыматтын жоктугунан адамдар ушундай дүрбөлөңгө түшүп жаткандыр. Так, расмий маалымат берилсе жакшы болмок".

Дагы караңыз "Визарандын" жокко чыкканы чет элдиктерге кандай таасир этет?


Лүтсиянын сөзүн облустун дагы бир тургуну тастыктады. Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген аял бир топ жыл мурун Кыргызстанга Өзбекстандан келин болуп түшкөнүн, кыргыз жарандыгын ала электигин айтты:

"Бул биз үчүн жаңылык болду. Өзбекстандын жарандары бир жылдык виза алыш керек экен. Бул үчүн да документ чогултуп, анын баарын электрондук түрдө тапшырыш керек дейт. Карапайым калк үчүн бул чоң эле түйшүк. Айрым үй-бүлөлөрдө Өзбекстандан келин болгон үч-төрт аял бар. Чек ара ачылып, нары-бери каттоо жеңилдеп калганда, "мындан ары эч кандай кыйынчылык болбойт" деп айтышкан. Ого бетер машакат болуп кетпедиби. Визанын эмне кереги бар? Буга чейин эки айлык каттоо менен визасыз эле жашап жүрбөдүкпү. Эки айга каттоого туруп, убакыт бүткөндө өлкөдөн чыгып, кайра кирип дагы эки айга каттоого турат элек. Бийликтен жаңы эрежени жөнөкөйлөтүүнү суранабыз".

Бирок 25-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эл арасында туура эмес сөз тарап жатканын билдирип, банк эсепте 50 мин сом же башка сумма болушу керек деген шарт жоктугун белгиледи.

Мекеме "Туугандар визасы" деген категория менен жеңилдетилген шартта виза алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады. Ал үчүн төмөнкү документтер керек:

- Өзбекстан жаранынын паспорту;

-Кыргыз жаранынын ID-картасы;

- туугандыгын тастыктаган документ (нике күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

- Кыргызстан жаранынын арызы;

- иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкат же Кыргызстандын жаранынын материалдык абалы жөнүндө башка документ.

Чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүн материалдык жактан камсыз кылууга кепилдик берүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн милдеттенме - жарандын материалдык абалы жөнүндө документ болуп саналат. Макаланын кийинки бөлүгүндө адис муну түшүндүрүп берет.

Жарандардын эки өлкөгө кирип-чыгышы тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга 60 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз, ID карт менен кирип чыга алышат. Беш күндөн ашык жүрө турган болсо, Кыргызстанда барган жеринде каттоого турушу керектигин ТИМдин Консулдук департаментинен "Азаттыкка" билдиришти.

Кошуна өлкөнүнүн жараны 60 күндөн ашкан учурда өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш жана жалпы жарандык паспорт менен жогоруда көрсөтүлгөн визаларды тариздөөсү керек. Андай болбогон учурда 120 күнгө чейин кайрадан Кыргызстанга кирүүгө укуксуз болот.

Дагы караңыз Кыргызстанга Кытай менен Индиянын кайсы жарандары визасыз кирет?

Былтыр октябрда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби боюнча жаңы эрежелер иштей баштаганын билдирген. Тагыраагы, визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн берген "Визаран" системасы жокко чыгарылган.

Мекеменин консулдук бөлүмүнүн кызматкери Азамат Калысбеков анын себебин чечмелеп берди:

"Кыргыз Республикасы жалпысынан абдан либералдуу виза системасын сактайт жана көптөгөн өлкөлөр, тагыраагы 62 мамлекет менен 60 күндүк визасыз режим эрежесинде алака-катыш кылат. Бирок өткөн жылдын октябрь айына чейин чет мамлекеттердин айрым жарандары бул либералдык виза режимин кыянаттык менен пайдаланып, өлкөгө кирип-чыгуу эрежелерин сакташкан эмес. Мисалы, Кыргызстанга келген Өзбекстандын жараны эки айга каттоого турат да, 59 күн болгондо чек арадан чыгып, кайра кирет. Натыйжада анын Кыргызстанда жүргөн буга чейинки эки айлык мөөнөтү эсепке алынбай калат да, дагы 60 күнгө каттоого турат. Ушундан улам Кыргызстанда эбегейсиз сандагы чет элдик жарандардын максатын аныктоо мүмкүн болбой калды. Мындан ары чет элдиктер Кыргызстанга белгилүү бир мөөнөткө визасыз кире алат. Бирок ал убакыт бүткөндөн кийин чек арадан "кирди-чыкты" кылуу жолу менен эле визасыз жүрүү убактысын узарта албайт. Эми узак мөөнөткө келгендер виза же иштегенге уруксат алышы керек. Былтыр октябрда Кыргызстанга киргендердин 60 күндүк визасыз журүү убактысы аяктап, бул маселе менен бизге кайрылгандар январда көбөйдү".

Калысбековдун айтымында, Өзбекстандан келин болуп түшкөн аялдар виза алуу үчүн жолдошунун паспортун, нике күбөлүгүн жана күйөөсүнүн кепилдик арызын көрсөтүшү керек. Келиндер "Туугандар визасы" менен Кыргызстандын аймагында узак мөөнөттө жүрөт алат:

"Эсепте 50 миң сом болушу керек деген талап жок. Жолдошу "мен жубайымды материалдык жактан камсыздай алам" деген кепилдик арыз жазып, аны нотариустан тастыктатып көрсөткөнү эле жетиштүү. Же айлыгы, пенсиясы тууралуу маалымат берсе болот. Визанын өзү 20 доллар турат. Бир жылдык виза алуунун жөнөкөйлөтүлгөн бул ыкмасы Кыргызстандагы туугандарына каттаган чет элдиктерге берилет. Андан кийин визанын мөөнөтүн узартып же үч жылга убактылуу жашоого уруксат алса болот, анан беш жылдык туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн арыз беришсе болот".

Дагы караңыз Кыргыз-өзбек мамилеси: суу, темир жол жана соода

Виза алуудагы кыйынчылыктар

Көп жылдан бери "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмеси виза жана жарандык маселесинде кыйынчылыкка туш болгондорго көмөк көрсөтөт. Уюмдун юристи Алмазбек Козубаев эрежелерди түшүнбөгөн кишилер аларга да көп кайрыла баштаганын билдирди. Ал "Туугандар визасы" деген категориянын жол-жобосун айтып берди:

"Эгер келиндин күйөөсүнүн жер үлүшү, мал-жандыктары болсо, ошону тастыктаган документтер менен да келинчегин материалдык жактан камсыздоого кепилдик бере алат. Ошол тактама менен виза ала алат. Же соода кылганга, такси айдаганга патенти болсо, ал да жарайт. Эч нерсеси жок болсо, анда виза алуу укугу чектелип калат. Бул маселени чечүү үчүн Тышкы иштер министрлиги демилге көтөрүп, тийиштүү мыйзамдарды өзгөртүшү керек. Виза алуунун категориялары көп. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, никеге тургандарга берилчү визанын эрежелерин жеңилдеткенде, бул көйгөй чечилет".

Юрист кошумчалагандай, тургундар каржылык маселеден тышкары, виза алуу үчүн арыз толтурууда да кыйынчылыктарга туш болушат.

"Визага арыз электрондук түрдө гана берилет. Ал үчүн адамдардын компьютери жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мындан тышкары, анкетаны толтуруу сабаттуу адамдар үчүн деле оңой эмес, ал эми айылдарда бардык эле адамдар муну өз алдынча жасай албайт. Анкетаны туура эмес толтурса, виза берилбейт. Анкетада көптөгөн керексиз пункттар бар. Мисалы, кайрылман макамын тастыктаган документти тиркөө керек. Бирок эгер адам кайрылман болбосо жана эч кандай документи жок болсо, эмнени тиркейт? Бул пункт милдеттүү болуп саналат. Виза алуу үчүн 20 доллар мамлекеттик алымды төлөөдө да маселе бар. Аны "Виза" карта аркылуу төлөө керек, бирок бизге кайрылган айыл тургундарынын дээрлик эч биринде андай карта жок. Электрондук капчык же терминал аркылуу төлөгөнгө болбойт. Мына ушул сыяктуу жагдайлар виза алууну ого бетер татаалдаштырат. Никени каттоо күбөлүгү барлар үчүн процедураны жөнөкөйлөштүрсө болмок", - деди Козубаев.

Чек арага жакын айыл-кыштактарда жашаган жубайлардын бири Кыргызстандын, экинчиси коңшу өлкөнүн жараны болгон үй-бүлөлөр көп. Ачык булактардан алардын саны тууралуу так статистиканы таба алган жокпуз. Көбүнчө мындай үй-бүлөлөр мамлекеттер ортосундагы чек аралардын жабылышынан же миграциялык эрежелердин өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөргө туш болот.

Өзбекстандык келиндер Кыргызстандагы никеси каттоого алынгандан кийин үч жыл туруктуу жашаса, жарандык алууга арыз тапшырса болот деген эреже 2023-жылы ишке кирген.