Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

Кыргызстанга Кытай менен Индиянын кайсы жарандары визасыз кирет?


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Кыргызстандын Министрлер кабинети Индиянын жана Кытайдын айрым жарандарына жети күнгө визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти. Кыргызстанга визасыз кире тургандардын Шенген зонасына, АКШга, Британияга визасы болушу шарт.

Өкмөт мындай жол менен өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууну көздөөдө. Бирок мындай чечимдерди бардык жактан таразалап кабыл алуу керек деген пикирди кармангандар да бар.

Жеңилдик шарттары

Тышкы иштер министрлиги 16-октябрда тараткан маалыматта Индиянын жана Кытайдын жарандарына белгилүү шарт менен жети күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берген чечимди Министрлер кабинети кабыл алганын кабарлады.

Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көп жолу жана узак мөөнөткө виза ачтырган индиялык жана кытайлык жарандар Кыргызстанга бир жумалык мөөнөткө визасыз кире алары жазылган.

"Атап айтканда, АКШ, Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү көп жолку визаларын алган Индия жана Кытай Эл Республикасынын жарандары үчүн өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу менен жети күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим каралган.

Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайра кеткенге авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Мында Кыргыз Республикасынан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик мындай чечим туристтик агымды көбөйтүү жана Кыргызстандын инвестициялык, ишкердик багытын жакшыртуу максатында кабыл алынды деп түшүндүрдү.

"Туризмге пайдасы бар"

Негизи Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы быйыл майдын башында маалым болгон.

Бул демилге көтөрүлгөндөн бери коомчулукта ар түркүн пикирлер айтылууда.

Саясат жана экономика боюнча талдоочу Сейтек Качкынбай аталган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү киреше катары кабыл алыш керек деген пикирде.

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

"Негизи АКШнын, Евробиримдиктин визасын алуу оңой эмес. Ошол өлкөлөрдүн визасын алып, ишенимине кирип татыктуу мамиле түзө алган Кытай менен Индиянын атуулдарынын акчасы бар, жакшы жашаган жарандар. Булардын туризмге пайдасы бар, туристтер көбөйөт. Катардагы эле турист эмес, акчасы көп, потенциалдуу деп карашыбыз керек".

"Катуу көзөмөл керек"

Жергиликтүү айрым серепчилер кытай жарандарынын Кыргызстанга визасыз киришине шарт түзүүнүн тобокелдиктерине тынчсызданууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков дүйнөдө радикал күчтөр оожалып жаткан маалда виза берүүдө ар бир жаранды тыкыр көзөмөлдөө керек деп эсептейт:

Бейшенбек Абдразаков
Бейшенбек Абдразаков

"Кытай менен Индиянын 1,5 млрд калкы бар, биз болгону 7 млн элбиз. Бизге андай миллиард деген элдердин келиши коркунучтуу . Ошон үчүн буларга виза бергенде жакшылап караш керек. Эгер илим, билим, туризм тармагында болсо, уруксат берсек болот. Ал эми артында криминал турса, соттолгон болсо, радикал менен байланышы болсо, аларга уруксат бербеш керек".

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыкка" курган маегинде Кытайдын айрым жарандарына виза берүү коопсуз экенин, тиешелүү органдар ар бирин көзөмөлгө алып турарын билдирген.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 24 миңден ашуун чет өлкөлүк студенттер окуйт. Алардын көпчүлүгү медициналык билим алгандар, басымдуу бөлүгүн Пакистан, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары түзөт.

Эркин журналист Замир Казакбаев Индиянын жарандарына визасыз жүрүүгө уруксат берүү менен чет элдик студенттердин санын дагы көбөйтсө болорун айтууда. Ал муну Кыргызстанда билим алуу арзан болгону менен байланыштырды.

Замир Казакбаев
Замир Казакбаев

"Ар бир чет элдик студент - Кыргызстанга акча ташып келген адам. Алар бекер окубайт, ар бири жылына 3 миң доллардан ашык контракт төлөйт. Андан сырткары канча деген чыгымдары бар. Ошонун баары тең чоң киреше. Алар бул жакта калбайт, окуп кайра кетет. Кытайдан деле Кыргызстанга келип билим алгысы келгендер өтө көп".

Кыргыз жарандары Кытай менен Индияга визасыз кире албайт

Азырынча бул эреже бир тараптуу негизде, жогорудагы эки өлкөнүн жарандары үчүн иштейт. Тагыраагы, кыргыз жарандары Кытай менен Индияга визасыз кире албайт. Бирок кыргыз өкмөтү бул өлкөлөргө кыргыз жарандарына виза алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрү үчүн иштеп жатканы белгилүү болду.

Саясат таануучу Кубанычбек Таабалдиев бул кадамды сынак мөөнөтү катары баалады:

"Кыргызстандын жарандарына сынак мөөнөтү берилгенге окшошуп жатат. Эгерде Кытай менен Индиянын атуулдары Кыргызстанга келип, эч кандай чыр-чатагы жок жүрө турган болсо, анда кыргызстандыктарга да мүмкүнчүлүк ачылат. Ошондуктан бир тараптуу мамиле болуп атат. Бирок бул кадамдар кийинки этапта чечилет деп ойлойм".

Кытай менен Кыргызстандын виза маселеси акыркы он жыл ичинде кыйла татаалдашып калган. 2020-2021-жылдары пандемияда жабылган чек ара 2022-жылдан кийин гана ачылып, учурда соода жана башка алаканы жандантуу аракети жүрүп жатат. Парламенттин бир нече депутаты Кытайга жүк ташыган айдоочулар виза ала албай жатканын айтып, Бишкектеги Бээжиндин элчилигин сындашкан.

Март айында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жыл башынан бери кыргызстандык 1,5 миңдей айдоочуга виза берилгенин билдирген. Элчи Бээжин чет өлкөлүктөргө, анын ичинен кыргыз жарандарына виза берүүдөгү чектөөлөрдү жойгонун, мындан улам виза алуу үчүн суроо-талап жогорулаганын айткан.

Май айында коңшу Казакстан менен Кытай лидерлери эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Келишимге ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан киргенден тартып отуз күнгө чейин, 180 күндүк аралыкта жалпы 90 күн визасы жок жүрө алат. Казакстанда буга нааразы болгондор акцияга чыгышкан.

Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунду ээлеген. 2023-жылга карата 18-июлда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.

XS
SM
MD
LG