Чавестин саламаттыгы начарлоодо

Венесуэла президенти Уго Чавес кыздары Мария жана Роза менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Венесуэла президенти Чавестин абалы өтө оор экенин анын жакын ымалашы, Боливия президенти Эво Моралес билдирди.
Моралес 11-декабрдагы рак операциясынан кийин Кубадагы ооруканада кала берип жаткан Чавестин өмүрүн «кудайдан тилеп жаткандыгын» кошумчалады. Анын аралыгында, Венесуэлада оппозиция өкмөттөн Чавестин саламаттыгы тууралуу чындыкты айтууну талап кылды.

Бийликтердин маалыматы боюнча, 2011-жылдын кап ортосунан берки төртүнчү операциядан кийин Чавестин оорусу өтүшүп кетти. Акыркы маалымат боюнча, анын дем алуу органдары инфекцияга дуушар болду.

Ошол эле убакта президенттин саламаттыгы, анын ичинде ал рактын кайсы түрү менен ооруганы тууралуу дээрлик эч нерсе белгисиз. 58 жаштагы социалист президент акыркы операциясынан кийин эл алдына чыга элек.

Моралес Чавестин жакындары менен сүйлөшкөнүн кабарчыларга шаршемби күнү бышыктады:

- Биздин агайын президент Уго Чавестин абалы өтө тынчсыздандырат. Ал арабызга кайтып келет деп үмүттөнөм. Бирок абалы өтө татаал, жакындары менен сүйлөштүм, вице-президент менен да кабарлаштым. Биздин батабыз, каалоо-тилегибиз агайын президент Уго Чавестин өмүрүн сактап калат деп үмүттөнөлү.

Чавестин кезектеги кызмат мөөнөтүнүн башталышы 10-январга белгиленген, бирок өкмөт өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, ал салтанатка катыша албайт.

Ал арада оппозиция Чавестин саламаттыгы тууралуу кеңири маалымат талап кылууда. Баш калаа Каракаста шаршемби күнү башкы оппозиция кыймылы вице-президент Николас Мадуродан президенттин абалы тууралуу ачык айтууну талап кылды.

Демократиялык Биримдик коалициясынын жетекчиси Рамон Авеледо өкмөттү жетиштүү маалымат бербейт деп күнөөлөдү:

- Өкмөт айта турган маалыматты айтышы керек, вице-президент Мадуро өзү кандай ачуу болсо да, чындыкты айтам деген. Президенттин саламаттыгы тууралуу чындыкты айтсын. Азыр элге ишеним керек.

Ушул аптада Кубада болуп, Чавестен кабар алып келген Мадуро анын абалы «татаал» экендигин айтуу менен чектелди.

Кезектеги операция үчүн Кубага кетээрдин алдында Чавес Венесуэла элине "эгер мамлекетти башкара албай калсам, ордумда Мадуро калсын" деп керээзин айткан эле. Ал ошондой эле "жаңы шайлоо болсо, Мадурону шайлагыла" деп тапшырган.

Эгер дарыгерлер Чавестин өмүрүн сактап кала албаса, же ал кызматынан кетсе, жаңы шайлоо 30 күн ичинде өткөрүлүшү керек.

Венесуэланын Конституциясына ылайык, президенттик кызмат мөөнөтү 10-январда башталышы керек. Бирок эгер бул күнү президент болуп шайланган адам кызматка чыкпаса, эмне болоору анык эмес.

Мунай чыгаруучу ири мамлекеттердин ОПЕК уюмуна мүчө болгон Венесуэланы 14 жылдан бери башкарып келген Чавес октябрь айында алты жылга кайра шайланган эле.

Кезегинде Венесуэла армиясынын полковниги болгон Чавес Венесуэлада кедей-кембагалдардын сүймөнчүгү саналат. Мунун бир себеби - өкмөт Венесуэланын мунайдан түшкөн кирешесин саламаттыкты сактоо, билим берүү программаларына берешендик менен сарптап келет.

АКШны көп сындаган Чавести Кубанын мурдагы коммунист лидери Фидел Кастрого ык тарткан адам катары билишет.

Ал Батыш өкмөттөрү шектенүү менен караган Иран, Беларус сыяктуу мамлекеттер менен ымала түзгөн. Анын өкмөтү Орусиядан ири көлөмдө курал сатып алгандыгы да маалым.