Карантинден кийин өзбек жаштары «Бакыт үйүн» каптады

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбек бийлиги 15-августтан баштап карантиндик чектөөлөрдү жеңилдеткенден кийин расмий каттоого тургусу келген жаш жубайлар кескин көбөйдү.

Самарканд облусунун Кушрабад районундагы каттоо бөлүмүнө арыз менен кайрылган болочок жубайлардын бири чөнтөк телефонуна видео тартып жатып, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына видео менен кайрылып, 18-августта 112-кезекке катталганын, бирок бир күн өтсө да кезек жетпегенин айтып берген.

«Cаат 9дан өтүп кетти, бирок каттоо бөлүмү дагы эле ачыла элек. Бул жерге чогулган адамдар карантин чараларын таптакыр сактабай жатышат».

Ушундай эле көрүнүштөрдү «Азаттыктын» өзбек кызматына келген видеолордо байма-бай көрсө болот. Алардын бири - Самарканд облусунун Каттакурган районунан жөнөтүлгөн видео. Анда жарандар аймактык каттоо мекемесинин имаратынын жанына чогулган ондогон адамдардын социалдык аралыкты сактабаганын айтып чыгышкан.

Дагы караңыз Өзбек медиктери президентке даттанышты

«Коронавирус бүт жерде күчөп жатканда каттоо бөлүмүнүн жанына көп адамдар чогулуп жатышат. Эмне үчүн Жарандык абалдын актылар залынын (ЖААЗ) кызматкерлери арыздарды кабыл алуу жол-жобосун уюштура алышпайт?» - дейт алардын бири.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчылары Өзбекстандын аймактарындагы ЖААЗдардын кызматкерлери менен сүйлөшкөндө, алар акыркы жумаларда расмий никеге турууну каалаган жарандар кескин көбөйгөнүн тастыкташкан. Ташкент шаарынын Үчтепе районунун ЖААЗ кызматкери 19-августта түшкө чейин эле үйлөнүүгө 50гө жакын арыз келип түшкөнүн айтты:

«Жарандарга 15-августтан баштап 30дан ашпаган адамдын катышуусу менен үйлөнүү тоюн өткөрүүгө уруксат берилгенден кийин биздин бөлүмгө никени каттоого арыздар көп келе баштады. Мисалы, бүгүн биз 50гө жакын арызды кабыл алдык. Бул абдан көп. Биз адатта күнүнө эң көп дегенде он арыз кабыл алчубуз».

Дагы караңыз Борбор Азия вирусту ооздуктай албай жатат

Ал эми Ташкент шаарынын Шайхантахур районундагы №3 Бакыт үйүнүн кызматкери никеге туруш үчүн арыз электрондук түрдө берилерин эскертти:

«Биз карантинде деле нике арызын кабыл алчубуз. Жарандар саламаттыгын тобокелге салып ЖААЗдын жанына чогулушунун кажети жок. Элдин топтолушуна жана каттоо органдарынын жанында кезектердин пайда болушуна жол бербеш үчүн арыздарды электрондук түрдө берүүнүн тартиби киргизилген. Толук көрсөтмөлөрдү Юстиция министрлигинин сайтынан тапса болот».

Анткен менен ташкенттик Хумоюн никени каттоо кызматы онлайн арыздарды узак убакыт бою иштеп чыккандыктан, ал кадимкидей эле кезекке туруп каттоодон өтүүнү туура көргөнүн айтты:

«ЖААЗ кызматкерлери онлайн арыздарды кароону кечиктирип жатышат. Онлайн арыздын каралышын күтүп отуруп дагы бир жолу карантинге кирип калышыбыз мүмкүн. Ошентип дагы бир жолу үйлөнүү тоюн кийинкиге калтырууга аргасыз болобуз».

Ташкенттик Маруфа карантинден улам уулунун апрелге белгиленген тоюн эки жолу кийинкиге калтырууга аргасыз болгон. Ал өзбек бийлиги 30дан ашпаган адамга үйлөнүү тоюн өткөрүүгө уруксат бергенден кийин 25-августта уулунун тоюн өткөрүүнү чечкен.

«Апрель айында карантин башталып уулумдун үйлөнүү тоюн кийинкиге жылдырууга туура келди. «30 кишиге той болмок беле?» деп чоң той бермекчи болдук. Ал эми июнга жылган той болсо өлкөдөгү кырдаалга жараша болбой калды. Ал убакта бийлик 30 кишилик тойго да уруксат берген эмес. Эми эки жаш үйлөнүү жөнүндө ой-пикирин өзгөртө электе биз келинди тойсуз эле алалы дегенбиз. ЖААЗга онлайн арыз менен кайрылсак деле ал көпкө созулуп жатат. Келин тарап болсо «тойсуз кыз бербейбиз» деди. Кудай жалгап 15-августтан бери карантин чаралары жеңилдей баштады. Эми өлкөдө дагы бир карантин болгончо биз 25-августта 30 кишинин катышуусунда той өткөрүүнү чечтик», - деди Маруфа.

Дагы караңыз Карантинде чыгымсыз үйлөнгөн жаштар

Атайын республикалык комиссиянын чечимине ылайык, 15-августтан баштап Өзбекстанда жарандар өз үйлөрүндө же короолорунда 30дан ашпаган киши менен той-топур өткөрүшүнө уруксат берилген. Тойго келген жакын туугандары жана достору санитария жана гигиена эрежелерин так сактоого милдеттүү.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык агенттигинин өкүлү эгер бул талаптар аткарылбаса кырдаал курчуп, өлкөдө катуу карантиндик чаралар киргизилерин баса белгиледи:

«Карантинди жеңилдетүү аны жокко чыгаруу деген сөз эмес. Республикалык комиссиянын чечиминде жарандарга 15-августтан баштап эмнеге уруксат берилгени так көрсөтүлгөн. Комиссиянын чечиминде «тойлор 30дан ашпаган кишинин катышуусунда жана текшерүү кызматкерлеринин катуу көзөмөлү астында өткөрүлүшү керек» деп жазылган. Эгерде жарандар катуу карантиндик чараларды киргизүүнү каалабаса, бул эрежелерди сакташы керек».

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 24-августка карата өлкөдө коронавирусту жуккандардын саны 39 миң кишиге жетти. Жалпысынан 275 адам коронавирус инфекциясынан көз жумган.

Бирок өлкөдөгү ооруканалардын абалы менен таанышкан серепчилердин айтымында, коронавирус жуккан адамдардын саны расмий статистикада айтылгандан кыйла көп.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​