Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн расмий бийлиги медицина кызматкерлерин ар тараптан камсыздоого жалпысынан 89 миллион доллар бөлүнгөнүн маалымдап келатат.
Ташкент облусундагы Ташкент райондук "Тез жардам" кызматында иштеген Диларам Абдувахабова президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин абалына көңүл бурууну суранды:
«Бир жолу колдонулган кийимдерди кайра-кайра жууп кийүүгө мажбурлап жатышат. Аны жууп, кургатып, анан хлор менен зыянсыздандырып жатабыз. Биз ал кийимдер жараксыз экенин, аны кайра-кайра колдонууга болбой турганын башкы дарыгерге бир нече жолу айттык. «Бизге коргоочу кийимдердин жаңысын бериңиз, биз деле жашагыбыз келет «деп бир нече жолу айттык. Ал маселени чечкендин ордуна эски кийимдерди кийүүдөн баш тарткандарга чалып, тилдеп, коркутуп атат».
Мамлекет башчыга даттанган дарыгер санитардык талаптар сакталбагандыктан өзүнүн бир нече кесиптеши азыр ооруп жатканын да билдирди:
«Бир санитарыбызга коронавирус жугуп, азыр оор абалда. Анын кызынын жана неберелеринин да дене табы көтөрүлүп жатат. Көк-Теректеги поликлиникада гинеколог каза болду. Невропатологдордун бири оор абалда жатат. Ага карабай поликлиника жабылган жок. Дезинфекция да кылынган эмес. Биз мына ушул маселеге президенттин көңүлүн бургубуз келет».
Ал арада «Азаттыктын» өзбек кызматына Ташкент облусунун Ангрен шаардык ооруканасынын медайымдарынан да кайрылуу келип түштү. Алар азыр шаардын «Орто-Сарай» деп аталган карантин лагеринде иштеп жатышканын жазышкан. Катта медицина кызматкерлери коргоочу кийимдер менен камсыз болбогондуктан, көбү илдет жугузуп алганы айтылат.
«Бизге беткап, мээлей жана коргоочу кийимдер берилген жок. Бир кесиптешибиз азыр оор абалда ооруканада жатат. Кызматкерлер четинен ооруй баштады. Баарыбыз тест тапшырдык. Бирок «тесттин жыйынтыгы жоголуп кетти» деп бизге маалымат бербей коюшту. Биз өз ыктыярыбыз менен келип иштеп жатканбыз. Маянага кошумча убада берилген 6% акы да бериле элек. Биз бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигине жана Юстиция министрлигине кайрылдык. Бирок эч кандай натыйжа болгон жок», деп айтылат катта.
Ал эми Бухара шаарынын медиктери коргоочу кийимдерди өз каражаттарына сатып алып жатканын кабарлашты.
«Биз бир-эки миллион сумдан айлык алабыз. Бул 100-200 доллар болот. Бизге коргоочу кийимдер берилбейт. Пандемия башталгандан бери коргоочу кийимдерди өз чөнтөгүбүздөн беш доллардан сатып алып келатабыз. Эгер биз маянанын баарын кийимге коротсок, үй-бүлөбүздү кантип багабыз? Биз бул тууралуу жетекчибизга айта берип чарчадык», - деп дарыгерлер президентке даттанышты.
Дарыгерлер ушундай эле маселени Каракалпакстандан да айтып чыгышты. Нукус шаардык "Тез жардам" кызматынын Мухаммед аттуу дарыгери коргоочу кийим менен камсыздалбаган дарыгерлер бейтаптардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатышканын айтты.
«Нөөмөткө чыккан күнү ар бир дарыгерге бир даанадан гана коргоочу кийим берилет. Ал кийим менен коронавирустун очогуна барып, ошол эле кийимди чечпей башка жерлерди кыдырып жүрөбүз. Ушинтип жүрүп, мен өзүмдүн эле эмес, башкалардын өмүрүн да тобокелге салып жатам. Нукус шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы өз кызматкерлерине кандай кам көрүп жатканына көз салыңыздар» - деди «Тез жардамдын» айдоочусу.
Ташкент шаардык №2 инфекциялык-клиникалык оорукананын кызматкери Севара «Азаттыкка» жиберген видеосунда коронавируска каршы күрөшкөн дарыгерлер кандай оор шартта иштеп жатышканын баяндайт. Севара кечке кийип жүргөн бутундагы өтүктү чечип, ичиндеги терден чогулган сууну төгүп көрсөтөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү мындай ушундай көптөгөн арыз-даттанууларга жооп кылып, медицина кызматкерлерин коргоочу каражаттар менен камсыздоо милдети Санитардык-эпидемиологиялык агенттикке жүктөлгөнүн билдирди.
«Мамлекеттик казынадан жана эл аралык булактардан келген каражаттар Финансы министрлигине караштуу Антикризистик фондго, андан Санитардык-эпидемиологиялык агенттиктин эсебине которулуп жатат. Агенттик мына ошол каражаттардын бир бөлүгүнө коргонуучу кийимдерди сатып алууга милдеттүү», деп айтылат мекеменин жообунда.
Бирок журналисттер агенттиктен комментарий ала алышкан жок. Агенттиктин жетекчиси «Азаттыктын» суроолоруна жооп берүүнү каалаган жок.
Расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери бул Антикризистик фонддун эсебине 89 миллион доллар каражат бөлүнгөн. Бирок бул каражаттын канчасы медицина кызматкерлеринин коргоочу каражаттарын алууга коротулганы тууралуу так маалымат жок.
Өзбекстан 10-июлдан тартып 1-августка чейин кайрадан карантин киргизген. Жума күнү өкмөттүн жыйынында президент Шавкат Миризёев карантиндин мөөнөтүн дагы узартууга макул болду, азырынча эми канчага чейин узарары белгисиз.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.