ФБР Орусиянын шайлоого таасирин иликтөөдө

Жеймс Коми жана Майк Рожерс

АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун директору Жеймс Коми Орусиянын расмий адамдары менен президент Дональд Трамптын жардамчыларынын байланыштары иликтенип жатканын бышыктады. Бирок иликтөө качан аяктарын так айткан жок. Бул тууралуу ал 20-мартта Өкүлдөр палатасындагы чалгындоо комитетинде Орусиянын Кошмо Штаттардагы былтыркы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча алгачкы угуулар учурунда билдирди.

Конгрессмендердин суроолоруна ФБРдин директору менен кошо Улуттук коопсуздук агенттигинин жетекчиси Майк Рожерс жооп беришти.

Президент Дональд Трамптын администрациясы иштей баштаган эки айдан бери Орусиянын шайлоого ыктымал аралашуусу жана ФБРдин муну иликтеп жатышы тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып келатат.

Январда америкалык атайын кызматтар жарыялаган докладда Орусия АКШдагы шайлоого таасир этүү аракетинде хакердик чабуулдарды, интернеттеги жалданма адамдарды, пропаганда ресурстарын пайдаланган деп айтылган.

15-март, 2017-жыл

Угууларды ачып жатып Коми анын мекемеси адатта мындай иликтөөлөрдү бышыктабасын, бирок бул өзгөчө учур экенин белгиледи. Коми иликтөөнүн чоо-жайы купуя сакталарын, ага ким катышарын ачыкка чыгарбасын эскертти. ФБР Конгресстин лидерлерин гана иликтөөнүн жүрүшү тууралуу жашыруун түрдө кабардар кылып турмакчы.

- Иликтөөлөр жүрүп жаткан чакта Конгресс жана Америка эли менен маалымат бөлүшүү мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Бул албетте түшүнүктүү. Биз адамдардын жеке купуялуулугун сакташыбыз керек. Иликтөө кайсы багытта жүрүп жатканын жашыруун кармоо зарыл. Чет өлкөлүк каршылаштарыбызга кандай маалыматтарыбыз бар, кайсылары жок экенин ачыкка чыгарбоо өтө маанилүү. Сүйлөй берсек, өз ишибизди мыкты жана адилет аткара албайбыз.

Республикачыл конгрессмен Девин Нунес Орусияга сыр маалыматты ким өткөрүп берип турганын аныктоо керектигин белгиледи.

Демократ-конгрессмен Адам Шифф чет мамлекет – Орусия компьютерлерди бузуп кирүү, сырдуу маалыматтарды тымызын алуу аркылуу 2016-жылы АКШдагы шайлоо кампаниясына кийлигишкен жана аны Дональд Трамптын пайдасына, Хиллари Клинтонго зыян келтирүү үчүн колдонушкан, - деди.

- Орустар биздин демократияга аралашууга ийгиликтүү жетишти. Атайын кызматтарыбыз алар келечекте дагы ошондой кылышы мүмкүн деп эскертишүүдө. Бул биринчи жолу болгон жок. Жылдардан бери Орусиянын чалгындоо органдары европалык жана башка өнөктөштөрүбүздүн ички жана саясий иштерине кийлигишип келген.

Барак Обама жана Жеймс Коми

ФБРдин директору ошондой эле аларда да, Юстиция департаментинде да Трамптын Нью-Йорктогу кеңсеси жана үйү мурдагы президент Барак Обаманын тапшырмасы менен тыңшалып турган деген маалыматты бышыктаган далилдер жок деди. Трамп анын сүйлөшүүлөрү жазылып турганын 4-мартта Твиттерге жазган.

Президент Орусия 8-ноябрдагы шайлоого таасир тийгизүүгө аракеттенген деген ырастоолорду четке кагууда. “Демократтар начар жүргүзүлгөн кампаниясы үчүн актануу максатында Орусия жөнүндөгү кептерди өздөрү ойлоп таап, сүрөөнгө алып келатышат”, - деп жазды президент 20-мартта Твиттерге.

Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер угууларды комментарийлеп жатып, ФБРдин иликтөөсү Трамптын айланасындагы адамдардын Орусия менен байланыштары болгон деген божомолдор калп экенин көргөзөт деп ишенээрин билдирди. Москва болсо шайлоого кийлигишкен деген дооматтарды абсурд деп атап келатат.

АКШ Конгрессиндеги угуулар боюнча Дума спикеринин орун басары Сергей Бабурин мындай оюн ортого салды:

- Менимче, Вашингтондо айрым саясий күчтөр Орусияны кайрадан мокочо кылып көрсөтүүгө караганда президент Трамптын легитимдүүлүгүнөн күмөн саноону пайда кылууну көздөшөт. Айрым бир хакерлер Трамптын шайланышын камсыздашты деген калпты таратууну улантуу өзгөрүүлөр керек деп чечкен америкалык жарандардын тандоосун урматтабоого тете.

Буга чейин президент Трамптын Улуттук коопсуздк кеңешчиси шайлоо кампаниясы маалында Орусиянын элчиси менен жолугушканы ачыкка чыккандан киийн кызматынан кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.