Конгресстеги бир жарым саатка созулган кайрылуусунда Трамп ички жана тышкы саясаттагы урунттуу маселелерге токтолду. Анын ичинде президентти оппозиция менен тирештирип, мамлекеттик кызматкерлерди 35 күн айлыксыз калтырган чек арага дубал куруу маселеси, терроризмге, куралга байланыштуу мамилелер бар.
“Туулган күнүң менен” деген америкалыктардын көпчүлүккө таанымал куттук ыры президенттин сөзүн бөлдү. Конгресске мейман катары чакырылган каармандардын арасындагы Жуда Самет бул күнү 81ге чыккан экен. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиядагы Дахау концлагерин бошотууга катышкан. Андан башка да ардагерлер, өспүрүмдөр отурушту. Алардын бирин президент "ата-энесин мыйзамсыз мигрант өлтүргөн" деп тааныштырды. Ал мыйзамсыз миграциянын айынан кылмыштуулук күч алганына дагы бир сыйра басым жасады:
- Ал арада массалык мыйзамсыз миграциянын акысын Америкадагы жумушчу катмар төлөөгө аргасыз болуп жатат. Жумуш орундарынын кыскарышы, айлыктын азайышы, мектептер менен ооруканалардын толуп-ташып жатканы, кылмыштуулуктун күчөшү жана социалдык коргоонун алсырашы. Мыйзамсыз миграцияга жол берүү - кайрымдуулук эмес, катаалдык.
Буга байланыштуу ал "АКШ-Мексика чегине жөн эле бетон эмес, болоттон дубал тургузулат" деп, баштагы максатын дагы кайталады. Деген менен Конгресстеги демократтар дубал курууга караманча каршы. Алар мындай иш өз мекениндеги зомбулук менен ачарчылыктан качып, жакшы турмуш издеп Кошмо Штаттарга жөнөгөндөрдүн укугун чындап бузарын айтып жатышат. Ушул тапта АКШ-Мексика чегинде миңдеген мигрант Америкага кире албай күтүп турат. Чек арада аскерлер көбөйтүлүп жатканы белгилүү.
Аскер демекчи, Кошмо Штаттардын Сирия менен Ооганстандагы күчтөрү тууралуу да кеп болду. Президенттин эсебинде Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттердин 17 жылында жети миң америкалык аскер курман болуп, түмөндөгөн жоокерлер жаракат алып, 7 триллион доллар ушул чөлкөмдө терроризмди жок кылууга сарпталыптыр.
- Мен жаңыдан кызматка келгенде “Ислам мамлекети” тобу Ирактын 20 миң чарчы чакырым миль аймагын көзөмөлдөп турчу, - деди ал. - Бүгүн биз анын дээрлик бүт аймагын ошол канкорлордон бошоттук. Азыр “Ислам мамлекети” тобунун башка калдыктарын жоготуш үчүн өнөктөштөр менен иштеп жаткан учурда Сириядагы кайратман аскерлерибизди жылуу тосуп алууга убакыт келди. Мындан тышкары, Ооганстандагы маселени саясий жол аркылуу жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү тездеттим.
Терроризм темасына келгенде президент Трамп Иранды кошо айыптап, аны Жакынкы Чыгышка, анын ичинде Арабия жарым аралына коркунуч жараткан “террорчулардын демөөрчүсү” деп мүнөздөп жүрөт. Ага байланыштуу өзөктүк келишимден чыгып, Иранга кайрадан санкцияларды киргизген. Бул жолу ал өз сөзүндө Тегеранды дагы бир сыйра айыптап, "эч качан анын өзөктүк куралдуу болушуна жол бербейбиз" деди.
Дагы караңыз Путин: "АКШ кандай кылса, биз да ошентебиз"Курал маселеси АКШ менен Орусиянын мамилесин чыңалткан темалардын бири болуп турат. Эки тарап "кансыз согуштун" соңунда кол коюлган, кыска жана орто аралыкка атылчу ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден февралдын башында чыгып кетти. Бул эки ири өлкө кайра жарыша куралданып баштайбы деп чочулоого негиз түздү. Трамп ушундай эле башка келишимге кол коюуга даяр экенин, бирок ага өзөктүк куралы бар Кытай же башка өлкөлөр дагы кошулушун каалай турганын белгиледи. Ал "ракета жасабоо тууралуу келишимди биз сактап жатканда башкалар, анын ичинде макулдашууга кол койгон Орусия да ракета жасап жатат" деп жүйө келтирген.
Ал арада АКШ Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан баш тарттырууга аракеттенип жатканы маалым. Бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ын менен Трамп экинчи ирет 27-28-февралда Вьетнамда жолукмай болду. “Мен президенттикке шайланып калбасам азыр Түндүк Корея менен чоң согушта болмокпуз” деп, АКШнын президенти диалогго барып жатканын чоң жетишкендик катары баса белгиледи.
Ички саясатка, анын ичинде экономикага кенен токтолуп, Трамп "1,5 триллион долларлык салыктык төмөндөтүүгө барып, мунун эсебинен жумушсуздук 4% кыскарды" деди. Ал “экономикалык керемет” болуп жатканын айтып, буга “дүйнөнүн көзү күйүп жатат" деп өзүнүн эки жылдык саясатын мактады. Бир катар эксперттер АКШда чын эле экономикалык жетишкендиктер бар экенин, бирок анын баарын жалаң Трамптын бийлигине байлап коюу осолдук болорун белгилеп жатышат.