Капитолийдеги тополоңдон улам Вашингтондо коменданттык саат киргизилди

Капитолийге кирип баргандар. Вашингтон, АКШ. 6-январь, 2021-жыл.

Вашингтондо шаршембиде бейшембидеги таңкы саат 6.00га чейин коменданттык саат жарыяланды. Мындай чечимди Колумбия округунун мэри Мюриэл Баузер жарыялады.

АКШнын борбору Вашингтондо 6-январда бейшембидеги (7-январдагы) таңкы саат 6.00га чейин коменданттык саат жарыяланды. Президент Трамптын жактоочуларынын бир даары нааразылык жыйыны маалында полицияны четке сүрүп, АКШнын Конгресси жайгашкан Капитолий имаратынын бир өңүрүнө кирип барган соң, Колумбия округунун мэри Мюриэл Баузер дал ушундай чукул чечимге келди.

Президент Трампты колдогон жана АКШ Конгрессинин имаратынын ичине күч менен кирип алган демонстранттардын бир тобу. 2021-жылдын 6-январы.

АКШнын президенти Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийдин имаратына кирип барган чакта имаратта Конгресстин кош үйү Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодогу жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өткөрүп жаткан. Жыйын күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү шашылыш эвуакацияланды. Алардын айрымдары залдагы столдорго жашынган сүрөттөр жарыяланды.

Ал эми имараттын сыртында болсо миңдеген киши чогулуп турат. Алардын айрымдары Трампты колдогон ураандарды чакырып, полиция менен кагылышты.

Доналд Трамп «Твиттердеги» баракчасында тарапкерлерине кайрылып, полиция менен кагылышпоого, тынчтыкты жана мыйзамды сактоого чакырды.

Жыйынды алып барып жаткан вице-президент, республикачы Майк Пенсти коопсуздук кызматкерлери алып кетишти. Ал өзүнүн 6-январдагы жарыяланган билдирүүсүндө Шайлоочулар коллегиясынын жыйынтыгын жана жалпы эле шайлоонун жыйынтыгын таануу керектигин жактаган.

Бул жолу 14 республикачы сенатор былтыр ноябрда өткөн «шайлоодо бурмалоо болду» деп талаштуу штаттардагы добуш берүүнү иликтеш үчүн комиссия түзүүнү сунуш кылышкан.

АКШнын учурдагы президенти Доналд Трамп шайлоодо жеңилгенин расмий тааный элек.

Жыйын башталган учурда республикачы сенаторлор Аризона штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгына расмий түрдө нааразылык билдиришти.

Биргелешкен жыйынды вице-президент Майк Пенс алып барып жаткан. Ал Трамптын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга багытталган кадамдарды жасоо сунушуна көнгөн жок.

Дагы караңыз Трамптын тарапташтары Капитолийге кирип барышты

Тополоңго карата пикирлер. Кыргыз элчилигинин үндөөсү

Вашингтондогу дүрбөлөңдүү окуялар боюнча шайланган президент Жо Байден билдирүү таратты. Өзү жашаган Уилмингтон шаарынан тараткан видео кайрылуусунда Байден АКШдагы демократияга болуп көрбөгөндөй чабуул коюлганын билдирди.

Дагы караңыз Капитолийдеги окуя боюнча Байден билдирүү жасады


Шайланган президент Байден: «Бул жөн эле макул болбой коюу эмес, бул - башаламандык, хаос», - деди.

Ал ошондой эле президент Доналд Трампка кайрылып, сыналгы аркылуу өз тарапташтарын тынчытууга чакырды.

Ал эми окуялар учурунда Капитолийде Конгресстин эки үйүнүн кошмо отурумуна төрагалык кылган вице-президент Майк Пенс болсо «Твиттердеги» баракчасында мыйзамсыз жосунсуз көрүнүштү тезинен токтотууга чакырып, ага катышкандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат деп убада берди.

Ал эми Кыргызстандын АКШдагы элчилиги «Твиттердеги» баракчасында Кошмо Штаттардагы кыргызстандыктарды өзгөчө этият болууга чакырды. Элчилик Вашингтондогу массалык нааразылык чараларына байланыштуу АКШдагы кыргызстандыктарга кайрылып, калайык котолоп чогулган жайлардан алыс болууга, жеке коопсуздугун эске алууга орус тилинде үндөдү.

Президент Д.Трамп Ак Үйдүн жанында өзүн колдогон миңдеген демонстранттардын алдында чыгып сүйлөдү. Ураандарда "Американы сактап кал!" деп жазылган. Ак Үй, Вашингтон, АКШ. 2021-жылдын 6-январы.

6-январда митингчилер тарабынан Капитолийге чабуул жасалаардан кыйла мурдараак Ак Үйдүн жанында да президент Доналд Трамптын тарапташтарынын нааразылык митинги өттү. Жыйында президент Трамп да сөз сүйлөп, өзү "эч качан багынбай тургандыгын" айтты.

Бул нааразылык чарасына бир нече миң адам катышып, алар былтыр 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы кайрадан каралышы керек деген талабын билдиришти.

(Ред.: Окуянын кийинки өнүгүшүн "Жаңылыктар" бөлүмүндө чагылдырып турмакчыбыз).