АКШнын Конгрессинин төмөнкү үйүнүн – Өкүлдөр үйүнүн спикери, демократ Нэнси Пелоси айым 3-январда бул кызмат ордуна кайрадан шайланды. Анын кызматы АКШда президент менен вице-президенттен кийинки үчүнчү ири кызмат болуп саналат (вице-президент бир эле учурда Сенаттын төрагасы болуп саналат).
Жекшембиде (3-январда) АКШ Когрессинин жаңы курамынын алгачкы иш күнүндө өткөрүлгөн шайлоодо Пелоси айымды жактап 216 конгрессмен добуш берди. Анын атаандашы – республикачы Кевин Маккарти 208 добуш алды.
Өкүлдөр үйүндөгү бир катар орундарынан кол жууганы менен, демократтар мурдагыдай эле көпчүлүктү түзгөн турумун сактап калды.
2020-жылы ноябрда өткөрүлгөн шайлоодо АКШнын мыйзам чыгаруу бийлигинин (Когресстин) төмөнкү үйүнө демократиялык партиянын 222 өкүлү, ал эми республикачылардын 211 өкүлү шайланды. (Буга чейинки курамда демократтар 232 орунду, республикачылар 197 орунду ээлешкен болчу).
АКШнын Конгрессинин жаңы курамы үчүн бүгүнкү күнгө карата белгисиздик жагдайы жаралды, анткени Сенатты ким көзөмөлдөй тургандыгы азырынча так эмес, деп “Америка доошу” билдирди.
5-январда (шейшембиде) Жоржия штатында Сенаттагы орундарга шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Ага чейинки кырдаалда Сенатты республикачылар көзөмөлдөп келет.
2021-жылдын 5-январына белгиленген Жоржия штатындагы Сенатка шайлоонун экинчи айлампасына чыккан республикачы сенаторлор Келли Лёффлер менен Дэвид Пердьюнун сенаторлукка талапкерлигине каршы атаандаш талапкерлер болуп демократ саясатчылар, диниятчы Рафаэл Уорнок менен жаш сыналгы продюсери Жон Оссофф чыгууда.
Президент Доналд Трамп да, шайланган президент Жо Байден да Жоржия штатында сенаторлукка атаандаш талапкер болуп жаткан өз партиялаштарын сүрөөнгө алуу иш-чараларына катышты.
Ал арада АКШ Сенатынын 11 республикачыл сенаторлору менен сенаторлукка жаңы шайланган бир мүчөсү жана Өкүлдөр Палатасынын айрым конгрессмендери Демократиялык партиянын өкүлү Жо Байдендин президенттик шайлоодо жеңгенинен күмөн санап турганын билдиришүүдө.
АКШнын жаңы курамдагы Сенатынын 12 республикачы сенатору 6-январда АКШ Конгрессинин жалпы отурумунда Шайлоочулар коллегиясынын баяндамасы парламентке расмий тааныштырылган кезде, Жо Байдендин президенттик шайлоодо жеңгенин тастыктаган күбөлөндүрмө берүүгө каршы чыгып сүйлөөгө беленденишүүдө.
Бирок алардын азганактай тобу Шайлоочулар коллегиясынын Байдединн 2020-жылы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңгендиги тууралуу баяндамасын биротоло тастыктоодо олуттуу бөгөт боло албастыгы алдын-ала айтылууда.
Шаршембидеги ушул расмий жөрөлгөдөн соң, 20-январда Жо Байден президенттик кызматка расмий түрдө киришээри күтүлүүдө.
Ал эми Сенаттагы күчтөрдүн тең салмагы АКШнын жакынкы болочоктогу саясатына өз таасирин тийгизбей койбойт.
Эгерде 5-январда Жоржия штатында Келли Лёффлер менен Дэвид Пердью сенаторлук кызматтарын сактап калчу болсо, анда республикачылар 52 орунга ээ болуп, анча-мынча көбүрөөк добуш менен Сенатты мурдагыдай көзөмөлдөп калышат. Учурда Сенаттагы 100 орундун 50сү республикачыларга, 46сы демократтарга жана 2 орун – маанайы демократтарга жакыныраак болгон көз каранды эмес 2 сенаторго таандык.
Эгерде демократтар Рафаэл Уорнок менен Жон Оссофф Жоржия штатындагы шайлоонун бул экинчи айлампасында жеңип чыгышса, анда Сенатта демократтар 48 орунга ээ болмокчу. Мындай шартта өздөрүн колдогон көз карандысыз сенаторлор менен чогуу демократтар 50 орунга ээ болот, ал эми республикачылар азыркыдай 50 орунду сактап кала беришет.
Шахматтагы пат кырдаалына окшогон мындай учурда АКШнын болочокку вице-президенти демократ Камала Харрис айым (кызмат абалына байланыштуу Сенаттын болочокку башчысы) тийешелүү маселе боюнча добуштар теңме-тең чыкканда өзү да добуш берип, Сенаттагы тараза ташын кайсы бир жагына оодарышы күтүлөт.
Ал эми АКШ Конгресси ар дайым эле өлкө президентинин жана жалпы Ак Үйдүн чечимдерин колдоого ала бербейт. Маселен, буга азыркы президент Трамптын айрым мыйзам долбоорлоруна койгон соңку ветосун АКШ Конресси басымдуу көпчүлүк добуш менен жеңип чыккандыгын эле өрнөк катары эскертсек болот. Трамптын турумуна республикачы конгрессмендердин кыйла бөлүгү да каршы чыккандыгы үчүн анын ветосу четке кагылган.
Демек, шайланган президент Байден 20-январда кызматка киришкен соң да парламенттеги күчтөр менен эсептешүүгө аргасыз болот.
Трамптын Жогорку сотко тиши өтпөгөндүгү сыяктуу эле, Байден да өлкөдөгү сот бийлигин эч укуруктай албайт.
Ошондуктан АКШда күчтүү президенттик бийлик бар деп саналганы менен, анын авторитардык өкүм жүргүзгөн айрым өлкөлөрдөгү президенттерден айырмасы – Кошмо Штаттардагы бийлик бутактарынын диктатурага жол койбой турган иш жүзүндөгү ажырымы менен байланыштуу.