Сандерстин жарыштан чыгышы Байденге жол ачты

Сенатор Берни Сандерс.

8-апрелде АКШда 78 жаштагы сенатор Берни Сандерс Демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоого катышуу жарышынан чыгып жатканын жарыялады.

Муну менен мурдагы вице-президент Жо Байден партиянын атынан республикачыл президент Дональд Трампка атаандаш болуп чыгышына жол ачылды. Сандерс Трампты жеңиш үчүн Байден менен иштешерин айтты. Шайлоо быйыл 3-ноябрда өтмөкчү.

Вермонт штатынан сенатор болуп шайланган ардагер саясатчы Сандерс өз чечими тууралуу шаршембидеги видео кайрылуусунда билдирди. Ал ички шайлоодо ийгиликке жетүү кыйын болорун түшүнгөнүн, өнөктүгүн токтотууну чечкенин айтты:

«Арабызда бул чечимге макул болбогон кишилер, Демократиялык партиянын ички шайлоосунда акыркы бюллетенге чейин күрөшүбүздү улантууну каалагандар бар экенин билем. Мен бул позицияны түшүнөм... Бирок утушка алып келбеген, ушундай кыйын кырдаалда, көп аракет талап кылган башка маанилүү иштерге жолтоо болчу өнөктүктү жүргүзө берүүгө абийирим жол бербейт».

Ак Үйдө саясий революция жүргүзүүгө убада берип келген социалист Сандерс «АКШнын азыркы тарыхындагы эң кооптуу президенти» - Трампты жеңиш үчүн Байден менен иштешерин билдирди.

Байден жана Сандерс акыркы дебат алдында.

Мурдагы вице-президент партиянын атынын президенттик жарышка чыгууну көздөгөн атаандашын кубаттап, анын идеяларын өз шайлоо өнөктүгүнө камтууга сөз берди.

«Бүгүн менин жакшы досум Берни Сандерс шайлоо өнөктүгүн токтотуп жатканын билдирди. Берни - ар дайым прогрессти жактаган, президенттик жарышта гана эмес, өмүр бою күрөшүп келаткан маанилүү маселелерге жана идеяларга жан-дили менен берилген саясатчы. Миллиондогон колдоочуларына, өзгөчө жаш шайлоочуларга прогрессивдүү көз караштарын алга сүрөөдө ага кошулуу дем берди».

Сандерс буга чейин өткөн октябрда жүрөгүнө операция жасалганда өнөктүгүн убактылуу токтотуп, кийин үгүт иштерин уланткан.

Сенатор калган штаттарда шайлоо бюллетендеринде аты кала берерин, делегаттарды чогултууну улантарын түшүндүрдү.

«Партиянын атынан талапкер болуп Байден көргөзүлөт, бирок биз ишибизди улантып, Демократиялык партиянын жыйынына көбүрөөк делегат чогултууга аракет кылышыбыз керек. Жыйында партиянын платформасын түзүүгө жана башка маселелерге чоң таасир этишибиз мүмкүн», - деди Сандерс.

Дагы караңыз Блумбергди партиялаштары катуу сындашты

7-апрелде чыккан маалыматтарга ылайык, Байден шайлоочулар коллегиясынын 1217 делегатынын колдоосуна ээ болгон, Сандерске 914 делегат ишеним көргөзгөн. Дагы 171 делегат башка талапкерлерди колдогон. Партиянын атынан президенттикке ат салышуу укугун утуш үчүн 1991 делегаттын колдоосу талап кылынат.

Сандерс жарыштан чыккандан кийин Байденге 774 добуш жетиштүү. Иш жүзүндө мурдагы вице-президент азыр демкраттардын жалгыз үмүткөрү болуп калды.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу талапкерлердин дебаттары, эл менен жолугушуулары токтогон.

Ал эми республикачыл президент Трамп соңку праймериздин (ички партиялык добуш берүү) жыйынтыгы боюнча 1301 добуш топтоду. Трамп республикачылардын атынан шайлоого кайра катышуу үчүн августтагы жыйында 2441 добуштун 1276сын алышы керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​