Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Илдеттин илеби жана Батыштагы башчылар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска каршы күрөштө жакшы жылыштар бар экенин белгилеп, «туңгуюктан шоола көрүнө баштады» деп билдирди.

Дональд Трамп жекшембидеги билдирүүсүндө оорунун очогуна айланган Нью-Йорк штатында коронавирус жугузуп алгандар жана бул оорудан көз жумган адамдар азая баштаганын жакшы жышаан катары сыпаттады. Бирок алдыда эң оор күндөр турганын дагы бир жолу эскертип, жарандарды ошого даяр турууга үндөдү:

«Бирок биз туңгуюктун түбүнөн шооола көрө баштадык. Биз жакшы белгилерди байкай баштадык. Азыркы жасап жаткан иш-аракеттерибиз менен жакынкы күндөрү абдан сыймыктанабыз деп ишенем».

Бирок саламаттык сактоо тармагынын жогорку даражалуу өкүлдөрү сүйүнүүгө эрте экенин айтып жатышат.

Соңку маалыматка ылайык, Кошмо Штаттарда коронавирус 325 миңден ашуун адамдан табылды. Илдеттен 9200дөн ашык киши көз жумду. Нью-Йорк шаарында абал оор болуп турат.

АКШда адистер эң катаал карантин шарттары сакталган шартта деле 240 миңдей адам көз жумушу ыктымал экенин эскертишкен эле.

Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Ал арада британ премьер-министри Борис Жонсон жекшембиде ооруканага жаткырылды. Ал өткөн айдын аягында коронавирус жугузуп алган болчу жана ошондон бери карантин шартында үйүндө иштеп аткан.

Борис Жонсон соңку жума күнү дене табы көтөрүлүп, оорунун белгилеринен арылбай жатканын билдирген эле. Дарыгерлер Борис Жонсон тесттен өткөрүлөрүн, жакынкы убакта ооруканадан чыгарыларын билдиришти. Аңгыча Борис Жонсондун кош бойлуу колуктусу Керри Саймондс да оорунун белгилери менен бир жумадан бери төшөктө жатканы белгилүү болду.

5-апрелде кечинде британ ханышасы Елизавета II телеканал аркылуу атайын элге кайрылды. Ал оор күндөр келгенин белгилеп, жакын адамдар, жоро-жолдош менен чогуу боло турган да маал келерин айтып, элин алдыдагы жакшы күндөрдөн үмүт үзбөөгө чакырды. Ошондой эле мындай учурда тартип маанилүү экенин айтып, үйлөрүнөн чыкпай отурган жарандарга, катаал шартта иштеп жаткан дарыгерлерге алкыш айтты:

Елизавета II.
Елизавета II.

«Мен сиздерге өзгөчө татаал учурда кайрылып жатам. Биздин өлкөбүздөгү кадимки жай турмуш бузулду. Бул кимдир-бирөөлөргө азап-кайгы алып келди. Көп адамдар каражаттан каржалып турат. Баарыбыздын кадимки жашоо-турмушубуз түп-тамырынан бери өзгөрдү».

93 жаштагы британ ханышасы тактыда отурган 68 жылдын ичинде ушуну менен 5-жолу элге атайын кайрылды. Бирок үйдөн чыкпоо тууралуу бир канча жолку эскертүүлөргө карабай, бир топ британ жарандары дем алыш күндөрү аба ырайы жакшы болгондуктан көчө-көйгө чыгып алды. Мындан улам британ бийлиги карантин шарттарын дагы катаалдатышы ыктымал экенин эскертти.

Британияда соңку бир күндүн ичинде 700дөн ашык адам ажал тапты жана алардын бири беш жаштагы бала экени белгилүү болду. Оору беш миңдей адамдын өмүрүн кыйып, илдет жугузуп алгандардын саны 42 миң адамдан ашты.

Европадагы оорунун очогуна айланган Италия менен Испанияда да ооруну жугузуп алгандар жана анда көз жумгандар азая баштады.

Италияда 5-мартта 525 киши ажал тапты жана бул 19-марттан берки эң төмөн көрсөткүч болуп калды. Бул өлкөдө коронавирус жалпысынан 16 миңге чукул адамдын өмүрүн алды. Италия өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөн адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

Испанияда да оорунун жайылышы жана кесепети азая баштады. Бул оору 13 миңдей кишинин өмүрүн алды. Коронавирус 135 миңден ашык адамдан аныкталды.

Премьер-министр Педро Санчес 15-мартта жарыяланган карантиндин мөөнөтүн 25-апрелге чейин узартты.

Ушул тушта коронавирус дүйнөнүн 182 өлкөсүндө катталып, оору жугузуп алгандардын саны 1 миллион 285 миңден ашты. Бул илдет 70 миңден ашык адамдын өмүрүн алды жана 271 миңге жакын адам айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG