АКШ: ИМ тобунун анабашы өлтүрүлдү

Абу Бакр аль-Багдадинин апрель айында тараган видеосунан алынган сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун карматпай жүргөн лидери Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун лидери өлтүрүлгөнүн 27-октябрда, Ак үйдөн жасаган кайрылуусунда ырастады.

Анын айтымында, жекшембиге караган түнү АКШнын атайын күчтөрү Сириянын түндүк-батышында атайын операция өткөрүшкөн. Анын алкагында америкалык аскерлер Багдади болжол менен эки сааттан бери чыкпай отурган жайга кирип барышкан. Багдади үч баласы менен туннел аркылуу качууга аракет кылып, акыры өзү менен кошо балдарын да жардырып жиберген.

Президент Трамп бул операцияга катышкан америкалык аскерлердин баары аман-эсен экенин белгилеп, «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун лидерин «коркок», «жолу болбогон адам» деп мүнөздөдү.

Дональд Трамп.

- Ал дүйнөдөгү эң ырайымсыз жана эң мыкаачы террордук уюмдун негиздөөчүсү жана лидери болгон. Динди мажбурлап кабыл алдыруу; көптөгөн адамдарга башын алардан мурда саргылт кемсел кийгизүү; ушунун баары дүйнөгө ачык көрсөтүлүп турган. Мунун баарын Абу Бакр аль-Багдади каалаган. Ал ушуну менен сыймыктанып келген. Ал оорулуу, адеп-ахлаксыз адам болчу. Эми ал жок, - деди Трамп.

Ал операция маалында Багдадинин «көп сандагы» тилектештери да жок кылынганын белгиледи. Ошондой эле рейдден кийинки ДНК анализдери өлтүрүлгөн адам Багдади болгонун ырастаганын кошумчалады.

Дональд Трамп: «Абдан кооптуу операция болду»

Багдади өлтүрүлгөнү тууралуу кабар 2014-жылдан бери бир нече жолу тараганы менен ал маалыматтар тастыкталган эмес. Кезинде ашкере ырайымсыздыгы менен дүйнө коомчулугунун үрөйүн учурган «Ислам мамлекети» тобунун лидери соңку мезгилде Сирия менен Ирактын чек арасына жакын аймакта из жашырып жүргөнү кабарланып келген. Бирок Кошмо Штаттардын Багдадини жок кылуу боюнча соңку операциясы Ирактын чек арасына жакын жерде эмес, Сириянын түндүк-батышындагы, Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясында өткөнү белгилүү болду.

Теги ирактык Багдади «дүйнөнүн эң катуу издөөгө алынган адамы» атыгып, Кошмо Штаттар аны кармоого көмөктөшкөндөргө 25 миллион доллар убада кылган. АКШ президенти Дональд Трамп Багдадини жок кылууга бир нече өлкө жардам бергенин айтты:

- Бул рейд кынтыксыз болду. Ал тиешелүү өлкөлөрдүн жана тиешелүү элдин жардамы менен гана ишке ашмак. Мен бизге тиешелүү жардамын көрсөтө алганы үчүн Орусияга, Түркияга, Сирияга жана Иракка, ошондой эле сириялык күрддөргө рахмат айткым келет. Бул абдан, абдан кооптуу операция болду.

Орусия күмөн санап жатат

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Багдадинин өлтүрүлүшүн «террорчулукка каршы күрөштүн маанилүү баскычы» катары баалады.

Борис Жонсон.

«Бирок «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөш аяктай элек», деп жазды Жонсон «Твиттердеги» барагына.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков АКШ президентинин Багдади өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Ал америкалык аскерлер ал-Багдадини жок кылуу үчүн Идлибде операция жүргүзгөнү тууралуу маалымат орус тарапта жок экенин «Интерфакс» жаңылыктар агенттигине айтты. Ошондой эле Конашенков ишемби күнү Идлибде "Американын же эл аралык коалициянын аба соккулары" катталбаганын да кошумчалады.

47 жашта экени айтылып жүргөн Багдадинин акыркы видео кайрылуусу быйыл апрель айында чыккан. «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун «Ал-Фуркан» аттуу сайты жарыялаган ал видеодо Багдади Шри-Ланкадагы жазгы теракттарды Сириянын Багхуз шаарындагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун жоготууларына жооп катары мүнөздөгөн.

Күрд күчтөрүнө багынып берген «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү. Сириянын Багхуз аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Багдадинин ага чейинки видеосу беш жыл мурда же 2014-жылы тараган. Анда ал Ирактын Мосул шаарындагы «Ал-Нури» мечитинде сүйлөп, Ирак менен Сириянын аймактарында «халифат» түзүлгөнүн жарыялаган. Дал ушул билдирүүсүнөн кийин Багдади террордук топтун анабашы катары дүйнөгө таанылган. Анын биринчи аялынан төрт баласы, экинчи аялынан бир уулу бар экени айтылып жүрөт.

Сириядагы жарандык согуштан жана Ирактагы туруксуз кырдаалдан улам баш көтөргөн «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу 2013-2014-жылдардан бери Ирак менен Сириянын бир катар аймактарын басып алып, үрөй учурган ырайымсыз кылмыштарга барып, миңдеген адамдардын өлүмүнө түз-түздөн себепкер болгон. Бул топко дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан да барган жоон топ адам кошулуп кеткен.

Андан бери экстремисттик топтун Ирактагы жана Сириядагы дээрлик бардык очоктору талкаланды. Ошентсе да бир катар Батыш өлкөлөрү Түркиянын Сириянын түндүк-чыгыш аймагына жүргүзгөн аскердик операциясы сириялык күрд күчтөрүнүн камактарында отурган «миңдеген согушкерлердин эркиндикке чыгып кетишине жол ачпайбы» деген тынчсыздануусун билдирип келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.