Атайын прокурор Конгрессте сүйлөдү

АКШнын мурдагы атайын прокурору Роберт Мюллер Өкүлдөр палатасынын Сот иштери жана Чалгын комитеттеринде көрсөтмө берди. 24-июль, 2019-жыл.

АКШнын мурдагы атайын прокурору Роберт Мюллер 24-июлда Конгресстин өкүлдөр палатасында Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу көрсөтмө берди.

Атайын прокурордун үч ай мурда жарыяланган отчетунда Орусиянын АКШнын шайлоо процессине кийлигишкени боюнча көптөгөн маалыматтар камтылган.

Мюллер андагы маалыматтар тууралуу суроолорго жооп берди. Үч жыл мурдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп Демократтардын талапкери Хиллари Клинтонду утуп, президент болгон.

Дагы караңыз АКШ, чуулгандуу иликтөө, демократтардын сыны

АКШнын мурдагы атайын прокурору Роберт Мюллер Өкүлдөр палатасынын Сот иштери жана Чалгын комитеттериндеги сөзүндө 2016-жылдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына орусиялыктар кандайча кийлигишүүгө аракет кылганын, бул ишти командасы менен кантип иликтегенин баяндап берди.

Атап айтканда, ал Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү, анын ичинде кийин айыпталган орусиялык 12 офицердин аракети тууралуу иликтөө жасаган. Мюллер Орусия шайлоого тынымсыз кийлигишкен деп эсептейт.

Өкүлдөр палатасынын Сот иштери боюнча комитетинин башчысы Жеррод Надлердин суроосуна жооп берип жатып, “иликтөө жүргүзүү учурунда анын жыйынтыгы президентти толук актоо болушу керек деген максатты көздөдү беле” деген соболго “жок” деп жооп берди.

“Президентти актадыңыздарбы” деген суроого “жок” деп жооп берген Мюллер «Президент жасаган болушу мүмкүн деген иштер боюнча андан шек саноо али алынган жок» деди.

Ошол эле кезде Мюллер иликтөөнүн жүрүшүндө Трамп өзү же анын шайлоо штабы Орусия менен алдын ала келишүүгө барганына жетиштүү далилдер табылбаганын маалымдап, президенттин өзүн айыптай алышпасын, бирок анын айлансындагы башка адамдарга айып коюлушу мүмкүн экенин белгиледи.

РОберт Мюллер.

"Эгер бизде президент ачык эле кылмышка барганы тууралуу ишеним болгондо, ошентип эле айтмакпыз. Бирок биз президент кылмыш кылганбы же жокпу деген маселеде жыйынтыкка келе алган жокпуз".

Ошол эле кезде мурдагы атайын прокурор Трампка президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин айып коюлушу мүмкүн экенин кошумчалады. Ал командасы бир жыл ичинде Трамп жеке өзү келип суроолорго жооп берсин деген маселе койгонун, бирок президент жазуу түрүндө гана жооп берүүгө макул болгонун белгиледи. Ага берилген 65 суроонун 30уна байланышкан окуялар тууралуу Трамп "билбейм" деген жооп узаткан.

Мюллер Орусияга байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, Трамптын шайлоо штабынын мурдагы менеджери Пол Манафорттун ролун баса белгиледи.

Роберт Мюллер эки жылга созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту быйыл апрелде Конгресске жөнөткөн. Конгресстеги демократтар анда аныкталган кээ бир фактылардын айрым өңүттөрүн жана Трамптын кээ бир ишкерлигин иликтөөгө киришкен.

Дональд Трампты сындаган демократтар президент сот акыйкаттыгына бут тосконун, мыйзамды бузууга барганын айтып келе жатышат. АКШ президенти Дональд Трамп болсо бардык дооматтарды башынан бери эле четке кагып келүүдө.

Дональд Трамп.

"Эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Эч кандай келишүү да болгон эмес. Эч нерсе болгон эмес. Жөн эле шектенүү болгон. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын, демократтардын жана алардын өнөктөштөрүнүн артыман түшүп алуусу болгон", - деди Дональд Трамп.

Роберт Мюллер прокурорлор эл алдында жооп берген тажрыйба болбогонун жүйө келтирип, Конгресстеги угууларга өз ыктыяры менен келүүнү каалабай келген. Ал көрсөтмө берүүгө келсе да өз жоопторунда отчетто айтылган корутундунун алкагынан чыкпай турганын эскерткен.

Мюллер өз баяндамсында Орусия шайлоолорго хакердик чабуулдар жана такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен кийлигишкенин жазган.

Ошол эле маалда атайын прокурор президент Трамптын же анын командасынын Орусия менен кутумга барганы тууралуу далилдерди тапкан эмес. Бирок президентти «күнөөсүз» деп атоодон баш тартып, бул маселени башкы прокурордун кароосуна калтырган. Уильям Барр өз кезегинде Трампты жоопкерчиликке тартпоо жөнүнө чечим кабыл алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.