Орусия менен Украина кайрадан кайым айтышка өттү

Украин аскери Мариуполдун жанындагы Широкино айылында кыйраган имараттын жанында турат.

Украинанын чыгышында майдан тилкесинин айланасында атышуулардын күчөшү үчүн орус жана украин бийликтери кайрадан бири-бирин айыптоого өтүштү.

Келерки аптанын башына барып Украинадагы кырдаал Берлинде жогорку деңгээлде талкууланганы жатат. Бүгүн болсо Донбасстагы кырдаалдын курчушун ЕККУнун туруктуу кеңеши кароодо.

Украин тараптын эсебинде, уруш аймагында акыркы бир суткадагы атышуулардан үч украин аскери, эки жөн-жай тургун жаракат алды. Президенттик администрациянын антитеррордук операциялар боюнча өкүлү Андрей Лысенконун айтымында, Луганск тарапта атышуулар орто ургалдуулукта жүрүп жатат.

Донецк багытында болсо бүгүнкү күнгө карата аскерий аракеттердин ургалдуулугу басаңдады. Бирок жикчилер Лысенко ырастагандай, майдан тилкесинде минемот, танк жана артиллериясын кармап турат. Мариуполь багытында да Лысенко белгилегендей, жикчилер украин армиясынын турумдарын аткылоону улантты жана көптөн бери биринчи ирет калибри 120 миллиметрлик минемотторду колдонду.

Буга чейин 18-августа украин тарап ырастагандай, алар бир аскерин жоготуп, бирөөсү жаракат алган. Андан бир күн мурда болсо майдан тилкесинин эки тарабынан өлгөндөр саны тогузга жеткени кабарланган.

Украин бийликтеринин эсебинде, орусиячыл жикчилер азыр алардын де факто борбору - Донецк шаары менен өлкөнүн түштүк – чыгышындагы порттук Мариуполь шаарын туташтырган жолго көзөмөл орнотууга аракеттенишүүдө.

Армиянын басма сөз өкүлү Владислав Селезнов билдиргендей, алар акыркы күндөрү жикчилердин чагым жаратууну көздөгөн кол салуулары көбөйгөнүн байкашууда. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов болсо чагымчыл аракеттердин күчөшүн өлкөнүн көз карандысыздык күнү жакындап калганы, Москва муну каалабаганы менен байланыштырды.

Ал эми Орусия кырдаалдын курчушу үчүн өз кезегинде Киевди күнөөлөп жатат. Президент Путин өзү Крымда, Украина айыптаган сапарда жүргөн жеринен буларды айтты:

- Тилекке каршы, биз бүгүн эскалацияны байкап жатабыз. Бул үчүн Донбасстын коргоочулары эмес, тескери тарап күнөлүү. Дал ушул Донбасстын коргоочулары калибири 100 миллиметрден төмөнкү аскерий техниканы чыгарып кетүүнү сунуш кылышкан. Тилекке каршы экинчи тарап муну жасаган жок. Тескерсинче биздин маалыматтарга караганда, алар өз бөлүктөрүн жана техникасын топтоону күчөтүп жатат. Иш ачык, тикелей, ири масштабдагы тирешүүгө жетпейт деп үмүттөнөбүз.

Бул аралыкта ЕККУнун байкоочу миссиясы кырдаалдын азыркы курчушунун башаты болгон окуя – Мариуполь шаарынын жанындагы Сартана кыштагынын аткыланышы боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, аткылоолрдун көбү чыгыш тараптан жасалып, снаряддар калибри 122, 152 миллиметрлик куралдан жасалган. Бул Минск келишиминин шарттарын бузгандык.

Донбасстагы кырдаалдын курчушун бүгүн ЕККУнун туруктуу кеңеши талкуулоодо. Бирок Украинанын мурдагы тышкы иштер министри Владимир Огрызко “Азаттыкттын” украин кызматы менен маегинде сүйлөшүүлөрдүн форматы өзгөрмөйүнчө мындай эл аралык жыйындардагы талкуулардан майнап чыкпай жатканын белгилейт:

- Анткени, Орусия жыйында кырдаалдын курчушу үчүн бизди күнөөлөйт. Бизге өз жарандарыбызды атат деген, жана башка дооматтарды тагат. Орусия Еврошаркет менен АКШны да айыптайт, албетте Украинага буга өз жообун берет. Бирок талкуудан ары биз бир кадам да алдыга жылыш жасабайбыз. Себеби ЕККУ консенсус принциби менен иштейт, баарынын макулдугуусуз бир да чечимге жетүү мүмкүн эмес. Орусия ЕККУнун туруктуу кеңешинде тургандыктан бир кадамга да алга жылыш болбойт. Баары азыр Украина, анын айланасындагы кризис жөнүндө айтып жатышат. А чынында кризис агрессиялык саясатынан улам Орусия да жана анын айланасында.

Украинанын чыгышындагы соңку кырдаал президент Порошенконун немис канцлери Ангела Меркел, француз президент Франсуа Олланд менен жолугушуусунда да талкууланганы жатат. Үч лидер келерки дүйшөмбү Берлинде кездешет деп күтүлүүдө.