Сенцовго Сахаров сыйлыгы ыйгарылды

Олег Сенцов түрмөнүн ооркуанасында. 29-сентябрь, 2018-жыл

2018-жыл үчүн Сахаров сыйлыгын Европа парламенти Москванын Крым жарым аралын каратып алышына каршы чыккан, учурда орус абагында жаткан украин режиссеру Олег Сенцовго ыйгарды.

Европарламенттин борборчул-оңчул EPP жана либералдык ALDE топторунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, сыйлык Сенцовго дүйнөдө адам укуктарын коргоого “өзгөчө салым кошкону” үчүн берилди.

- Кинорежиссер Олег Сенцов өзүнүн кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү менен, өз өмүрүн тобокелге салып, Орусияда жана бүткүл дүйнөдө абакта отурган саясий тутукундарды бошотуу күрөшүнүн символуна айланды, - деди 25-октябрда Страсбургда Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни.

Антонио Таяни сыйлык ээсин жарыялап жаткан учурда.

Ал кошумчалагандай, Европарламент Сенцовду сыйлоо менен ага тилектеш экенин көрсөттү.

Антонио Таяни 145 күндүк ачкачылыктан кийин абалы кооптуу экенин айтып, орус бийликтерин кинорежиссерду тезинен абактан бошотууга чакырды.

Европарламент.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Крымда туулуп-өскөн Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Ал 14-майдан тартып Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө 145 күн бою ачкачылык кармаган. Сенцовдун башкы талабы - Орусиянын абактарынан 64 украиналык саясий айыпкерди бошотуу болгон. Ал ачкачылык акциясын 6-октябрда токтоткон жана мындай кадамга түрмө жетекчилиги күч менен тамактандырышына жол бербеш үчүн барганын билдирген.

Крым татарларынын ардагер лидери Мустафа Жемилев украиналык режиссерго абройлуу Сахаров сыйлыгынын ыйгарылышын кубаттады:

- Мен кубанып турам, бул татыктуу сыйлык. Ал Крымды бошотуу үчүн абдан көп нерсе жасады. Мен бул сыйлык анын абактан чыгышын тездетет деп үмүттөнөм.

Мустафа Жемилев Олег Сенцовду колдогон акция учурунда.

Сенцовду сыйлыгы менен украин лидерлери да куттуктады. Президент Петро Порошенко "Европарламенттин чечими Олег Сенцовдун абактан чыгышын тездетет" деп жазды.

Ал эми терроризм айыбы менен соттолгон украин режиссеруна Сахаров сыйлыгынын берилишин Москва сынга алды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова муну "саясий чечим" деп баалап, "ал чечим кандай себептен кабыл алынды, эмнеге негизделди - бул мага белгисиз" деди.

Ушундай эле ойду Мамдуманын вице-спикери Петр Толстой да билдирди. "Баа берүүдө европалыктар менен биздин ортобуз улам алыстап баратат" деди депутат.

Москванын Батыш менен мамилеси 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы өкмөткө каршы чыккан жикчилдерди колдогондон кийин бузулган. Донбасстагы уруштарда ушул күнгө чейин 10 300дөн көп адам көз жумду.

2014-жылы Беларустун борбору Минскте түзүлгөн тынчтык макулдашуусу уруштарды толук токтото алган жок.

Европарламенттин советтик физик жана диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлыгы 1988-жылы негизделген. Сыйлыктын акчалай бөлүгү 50 миң еврого барабар жана жыл сайын 12-декабрда Страсбургдагы салтанатта тапшырылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.