Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Орус абагындагы режиссер Сенцовго Сахаров сыйлыгы ыйгарылды


Олег Сенцов Ростов-на-Дону шаарындагы сотто. 25-август, 2015-жыл.
Олег Сенцов Ростов-на-Дону шаарындагы сотто. 25-август, 2015-жыл.

2018-жыл үчүн Сахаров сыйлыгын Олег Сенцовго Европа парламенти ыйгарды. Европарламенттин борборчул-оңчул EPP жана либералдык ALDE топторунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, сыйлык Сенцовго дүйнөдө адам укуктарын коргоого “өзгөчө салым кошкону” үчүн берилди.

Сенцов 6-октябрда Орусиянын түрмөсүндө 145 күнгө созулган ачкачылык акциясын токтоткон болчу жана мындай кадамга түрмө жетекчилиги күч менен тамактандырышына жол бербеш үчүн барганын билдирген.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Ал 14-майдан тартып Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө 145 күн бою ачкачылык кармаган. Сенцовдун башкы талабы - Орусиянын абактарынан 64 украиналык саясий айыпкерди бошотуу болгон.

Европарламенттин советтик физик жана диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлыгы 1988-жылы негизделген. Сыйлыктын акчалай бөлүгү 50 миң еврого барабар жана жыл сайын 12-декабрда Страсбургдагы салтанатта тапшырылат. (UE)

XS
SM
MD
LG