Киевдин өкүлү маселени саясий жол менен чечүүгө чейин жикчилдер менен ок атышпоо макулдашуусунун кынтыксыз аткарылышын камсыздоо зарыл деп билдирди.
Талкуу маалында баш катчынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Тайе-Брук Зерихун 2014-жылдын апрелинде Украина чыгышында тутанган куралдуу жаңжалда ушул күнгө чейин 9 миң 333 киши каза тапканын жана 21 миң 396 киши жараланганын билдирди.
Дипломат акыркы апталардагы эскалация 2014-жылдын августундагы эң жогорку чекке жеткенин белгилеп, тараптарды согуштук аракеттерден карманууга чакырды. Зерихун ошондой эле эки жак тең Минск келишимдерине ылайык түзүлгөн эл аралык мониторинг тобунун ишине тоскоолдук кылып жатканын, бул негизинен жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарга мүнөздүү экенин айта кетти.
Украин тышкы иштер министринин орун басары Вадим Пристайко ушул жекшембиде белгиленип жаткан Пасха майрамы акыркы айларда кайрадан күчөгөн зордук-зомбулукка чекит коюп, ок атышпоо келишимин бекемдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Анын айтымында, андан кийин бара-бара аскерлерди уруш тилкесинен чыгарып кетүү, миналардан тазалоо, гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүгө өтсө болот.
Украина маселесине арналган акыркы жыйын Коопсуздук кеңешинде өткөн декабрда болгон эле. Бейшемби күнкү талкуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары Донецк облусунда акыркы апталарда аткылашуулар өтө көп катталып жатканы маалымдагандан кийин Киевдин өтүнүчү боюнча өткөрүлдү.
Алсак, уюмдун маалыматы боюнча, 27-апрелде Донецк облусундагы Еленовка айылы аткыланганда төрт жай тургун набыт кетти.
Өздөрүн Донецк Элдик жумурияты деп атаган аймактын өкүлдөрү ал окуя үчүн украин аскерлерин айыпташты. Ал эми Украина президентинин администрациясынын Антитеррордук операциялар боюнча өкүлү Александр Мотузяник трагедияга мыйзамсыз куралдуу кошуундардын Минск келишимдерин бузуп жатышы алып келгенин белгиледи:
- Украина тарап миномет, оор артиллерия, башка техниканы, танктарды уруш тилкесинен макулдашылган аралыкка алып кеткен. Байкоочу миссиянын өкүлдөрү муну бир нече ирет ырастаган.
Украинанын өкүлү коопсуздук кеңешиндеги жыйында Орусия Донбасстагы жикчилдерди курал-жарак менен камсыздоодо деген айыптоолорду конкреттүү маалымат менен бекемдеп, аймакка 34 миң аскер жөнөтүлгөнүн, контингент орус куралдуу күчтөрүнүн жоокерлеринен жана чет өлкөлүк, жергиликтүү согушкерлерден куралганын билдирди.
“Орусиялык генералдар жана офицерлер ошол мыкты куралданган мыйзамсыз кошуунга түздөн түз буйрук берип, көзөмөлдөп турат”, - деген Пристайко Орусиянын жикчилдер курал-жаракты жергиликтүү дүкөндөрдөн сатып алып жатышат деген ырастоолорун четке какты.
“Акыркы жолу текшерүү жүргүзгөндө өзүм күбө болгондой, темир-тезек саткан дүкөндөрдө ракета системалары же гранатомет турсун, түзүгүрөөк бир бычак сатып алалбайсың, - деди украин тышкы иштер министринин орун басары.
Москва болсо жикчилдерге аскерий жардам берип жатат деген айыптоолорду четке кагууда.
АКШ, Франция жана Британия расмий Киевдин дооматтарын колдоп, жаңжалга Орусиянын агрессиясы түрткү болгонун кайталашты.
“Бүгүн болуп жаткан окуяларга Орусиянын кошуна мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузушу алып келди. Ал жараян Крымды оккупациялоодон башталып, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге масштабдуу аскердик колдоо менен коштолууда, - деди Комшо Штаттардын Улуттар уюмундагы элчиси Саманта Пауэр.
Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин болсо Украина Коопсуздук кеңешиндеги талкууларга жамынып, өз армиясын Минск келишиминде нейтралдуу тилке деп таанылган чөлкөмдөгү шаар-кыштактарды алуу үчүн колдонуп жатканын айтып, кайым айтышты.
- Бириккен Улуттар Уюму пропаганда платформасы катары пайдаланылып келатат. Курулай сөздөр көп айтылып, Минск келишимдерин аткаруу боюнча бир да конкреттүү план жок, - деп сындады Чуркин. Орусия менен Украинаны мурункудай эле бириктирип жаткан Пасха майрамдалган ушул апта соңунда ок атышпоо сакталат деп үмүттөнөрүн кошумчалады.
Франция, Германия, Украина жана Орусиянын тышкы иштер министрлери май айынын башында жолугуп, Минск келишимин аткаруу аракеттерин талкуулашмакчы.