Митинг Януковичти Евробиримдикке кайрыды

Киевдеги өкмөт үйүнүн алдына чыккандар Украина менен Европаны кызматташууга чакырууда. 2-декабрь,2013-жыл.

Толкундоолор каптаган Украинада президент Евробиримдик менен сүйлөшүүнү кайра жандантуу ниетин билдирүүдө.
Дүйшөмбү күнү Киевде демонстранттар өкмөттүк башкы имаратты жана анын айланасындагы көчөлөрдү курчап алып, мамлекеттик кызматкерлерди ишке киргизбей коюшту.

Киевдеги аянттан түз видео

http://radiosvoboda.share.rferl.org/flashembed.aspx?t=t&id=42&w=500&h=284



Мурдагы ички иштер министри, азыркы оппозиция башчысы Юрий Луценко бул акциялар токтобойт деп сөз берди. Ал эми Европа комиссиясынын президенти Жозе Мануэл Баррозу украиндерди сабырдуулукка чакырды:

- Биз Украинадагы окуяларга өтө тынчсыздануу менен жакындан көз салып турабыз. Биз мурда эле айткандай, украин бийликтери албетте демократиялык эркиндиктерди жана элдин демонстрацияга чыгуу укугун сыйлашы керек. Ошол эле убакта биз демонстранттарды сабырдуулукка чакырабыз. Көптөгөн украиндер өз келечегин Европа менен байланыштырат, бирок аларды Вильнюстагы Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүгү" саммитинин жыйынтыгы нааразы кылды.

Дүйшөмбүдө Европа Комиссиясынан "Азаттыкка" билдиргендей, украин президенти Еврокомиссиянын башчысы Баррозуга телефон чалып, Евробиримдик менен ассоциативдик келишимдин айрым аспектилерин талкуулоо үчүн делегация жиберүү ниетин билдирди. Баррозу ага комиссия жаңы шарт коюусуз сүйлөшүүнү улантууга даяр экендигин бышыктады.

Украинадагы толкундоолорго ишемби күнкү демонстрациянын күч менен басылышы шыкакчы болгон эле. АКШнын Украинадагы элчиси Жеффри Пайетт буга байланыштуу «Ишемби күнкү окуяларды көрмөксөнгө салып коюу мүмкүн эмес» деди.

Янукович Европа Биримдиги менен Ассоциативдик келишимге кол койбой койгондон кийин, ишембиде чыккан демонстрацияны полиция күч менен басууга аракет кылган.
Аталган келишимге өткөн аптада Вилньюстагы чоң жыйында кол коюлушу керек болчу. Орусияга бул келишимге каршы болуп, Украинага карата чара көрүлөөрүн эскерткен.

Украинадан айырмаланып, мындай келишимге кол койгон Грузия менен Молдова эми Орусиянын каарынан коркуп жатышат. Жума күнкү кол коюу салтанатынан кийин Молдованын өкмөт башчысы Юрий Леанке Мосваны Кишинев менен сүйлөшүүдөн баш тартпоого чакырды.

Грузия Батышка ыктап, НАТО менен келишим түзгөндөн кийин 2008-жылы Орусия Грузияны бомбалап, ага караган Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. Москва ошондой эле экономикалык чараларды көрүп, анын ичинде грузин виносунун импортуна тыюу салган эле.

Киевдин Көз карандысыздык майданындагы жүз миңдеген киши катышкан демонстрациялар 2004-2005-жылдардагы Кызгылтым ыңкылабынан кийинки эң ири акциялардан болуп калды.

Жекшембиде да демонстранттар менен полиция президенттик администрациянын жанында кагылышып, полиция аларга каршы ачуу газ жана таяк колдонду.

Бул толкундоодо эки тараптан тең 200дөй киши жабыркады. Жараат алгандардын арасында жергиликтүү жана чет элдик журналисттер да болду. Киевдин шаардык администрациясынын жана Борбордук кесиптик кошуундун имараттарын басып алган демонстранттар түнү менен ошол жакта болушту.

Украинанын башка шаарларында да миңдеген киши демонстрацияларга катышты. Батыштагы Львов шаарында жекшембиде 40 миңден ашык киши көчөгө чыкты. Премьер-министр Микола Азаровдун маалымат катчысы Виталий Лукьяненко өкмөт чукул абал киргизүүнү пландап жатат деген кабарларды четке какты.

Оппозиция жапырт иш таштоого чакырып, өкмөттү ишенимден ажыратууну эртең шейшембиде парламентте кароону талап кылууда.