Казакстан Кытайдын Украинадагы согушту жөнгө салуу планын кубаттады. Эксперттер чөйрөсү мунун артында Кремлдин кызыкчылыгы турат деп сыпатташууда.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Украинадагы согушту жөнгө салуу планын кубаттаган билдирүүнү 25-февралда таратты. Анда Бээжиндин демилгеси аймактык бүтүндүктү сактоого жана кан төгүүнү токтотууга "татыктуу позиция" катары бааланат. Казакстан согушуп жаткан тараптар тез арада сүйлөшүү үстөлүнө отурушун жактай турганын жана дүйнөлүк коомчулук буга мүмкүн болгон салымын кошушу зарылдыгын билдирүүдө.
Бирок Орусиянын Украинага басып кириши, жарандык жана энергетикалык инфраструктурага жасаган соккусу айыпталбайт.
Тымызын колдообу?
Талдоочу Димаш Алжанов Кытайдын согушту жайгаруу планын жана Астананын бул демилгени кубаттоосун мындай чечмеледи:
“Украинанын болжол менен жазга пландалаган контрчабуулдары Москванын шаштысын алып коюшу мүмкүндүгүн эске алып, Орусия өзү согушту убактылуу токтото турууга кызыкдар. Мындай жагдайда Кытайдын согушту жөнгө салуу планы аябай ыңгайлуу. Бирок Бээжиндин сунушунда Орусия эл аралык нормаларды бузганы, башка өлкөгө бастырып киргени айыпталбайт. Бул план Орусияга оккупациялаган аймактарын көзөмөлдөгөн абалда гана тыныгууга шарт түзөт. Демек, Казакстан Кытайдын демилгеси аркылуу Орусияны колдоп жатат десек болот”.
Алжанов согуш башталгандан бери Астана калыс көз карашты карманып, Украинага гуманитардык колдоо көрсөтүп келатканы менен негизги маселелерде Орусиянын тышкы саясатынын багыты менен эле баратканын кошумчалады. Буга Бириккен Улуттар Уюмундагы согушка байланышкан резолюцияларга добуш берүүлөрдө калыстыкты кармаган турумун мисал келтирди.
Согуш башталгандан кийин президент Касым-Жомарт Токаев анын өлкөсү Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан. Бирок Москваны сындаган эмес.
"Калыстык коомду экиге бөлүнүүдөн сактайт"
Украинада казак активисттери боз үй тигип, украиндерге тилектештигин билдирип келатат. Казакстандын өзүндө да Украинаны жактап, Орусияны айыптаган активисттер арбын. Бирок акыркы учурларда бул өлкөдө Украинага тилектештик билдирүүнү каалагандарга акцияларды өткөрүүгө уруксат берилбей жатат. Сенаттын депутаты Жанна Асанова бул жаатта Казакстандын турумун эң туура деп сыпаттады:
"Жарандык коомдо ар түрдүү көз караш болот. Бирөө бул тарапты, экинчиси тигил тарапты колдойт. Мындай учурда пикир келишпөөчүлүктөр жаралат. Ошондуктан, бизге калыс көз карашта болуу маанилүү. Эгер казак бийлиги украиндерди колдогон акцияларга уруксат берип, Москваны колдогондорду андай укуктан ажыратып койсок, анда коом экиге бөлүнүп кетет. Бизге анын кереги жок"
Өткөн аптада Кытайдын тышкы иштер министрлиги Украинадагы урушту басуунун "тынчтык планын" сунуштаган. Кремл Бээжиндин 12 пункттан турган планын кызыгуу менен карап жатканын билдирген. Бирок Кытай Украинадагы кандуу кармашты “согуш” деп ачык атаган жок.
Бээжиндин Украинадагы согушту токтотууга чакырган документине бир катар эксперттер жана Батыш ишенбөөчүлүк менен карап жатат. Алар Кытайдын Орусия менен бекемделип жатканын алакасын эске алганда Бээжин мунасага данакер боло аларынан күмөн санашууда.
Дагы караңыз Украина: Кытайдын "тынчтык планы" кандай максатты көздөйт?Казакстан Украинадагы согушка байланыштуу эл аралык коомчулукта талкууланып жаткан Кытайдын планына көз карашын, колдоосун билдирген Борбор Азиядагы биринчи мамлекет. Кошуналары азырынча бул жаатта эч кандай турумун көрсөтө элек. Бирок чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн дээрлик баары согушта калыс экенин айтып, ошол эле учурда Москва менен тыгыз ымаланы сактап келатышат.