Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Сауд Арабиясы Украинага 410 миллион доллар жардам бөлүнөрүн жарыялады


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауд. Киев, 26-февраль, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауд. Киев, 26-февраль, 2023-жыл.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауд эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиле түзүлгөн 30 жыл ичинде биринчи жолу Украинага барды.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Телеграм-каналына жазды.

"Украинадагы тынчтыкты, биздин көз карандысыздыкты жана аймактык бүтүндүгүбүздү колдоо үчүн ыраазычылык билдирем", - деген украин лидери.

Киевде өткөн басма сөз жыйынында саудиялык министр Украинага 410 миллион долларлык гуманитардык жардам берилерин айтты.

"Саудия падышачылыгы украиналыктардын азабын азайтууга көмөктөшөт", - деди.

Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтыкты орнотууга Сауд Арабиясы да аракет кыларын белгиледи.

Расмий Эр-Рияд менен Киев мунай ташуу боюнча тилектештик меморандумуна кол койду.

Буга чейин Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуп берерин билдирген. 2022-жылы сентябрда Эр-Рияд Украина менен Орусиянын согуш туткундарын алмашуусуна катышкан. Сауд Арабиясына Украина тарапта согушуп жүрүп, Орусиянын туткунуна түшкөн чет элдиктер жеткирилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG