Украинанын армиясы чыгышта бир топ аймакты бошоткондон кийин түштүк облустарда да контрчабуулун жандантты. Стратегиялык Лиман шаары орус аскерлеринен толук тазаланган соң украиндер дагы бир катар конуштарды кайтарды.
Ал арада Украинанын төрт облусун аннексиялоону Орусия парламентинин эки палатасы тең жактырды. Иш жүзүндө Батыш өлкөлөрү тааныбаган процедура формалдуу түрдө аяктады.
Согуш талаасынан куш кабар
Украинанын Куралдуу күчтөрү соңку суткаларда Херсон облусундагы бир нече айылды бошотконун маалымдады. Иш жүзүндө украиндер Днепр дарыясынын оң жээгин өз көзөмөлүнө алууга басым жасап жаткансыйт. Дарыя Херсон аймагынын ортосунан кесип өтөт, орус армиясы сол жээгин да, оң жээгин басып алган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда мындай деди:
“Бүгүн биздин армиянын, биздин коргоочулардын душмандарды сүрүп чыгаруу кыймылы улантылды. Бир нече облуста бошотулган жаңы калктуу конуштар бар. Фронттун көпчүлүк тилкелеринде кармаш айыгышкан мүнөздө жүрүп жатат. Бирок бул согуштук аракеттердин бир нерсе анык көрүнүп калды. Баскынчылардын көбү качып кеткенге аракет кылышууда, душмандар көп жоготуулар учурап жатат. Орусия Украинага согуш ачып, чоң жаңылыштык кетиргенин түшүнүп баратат”.
Дагы караңыз Москванын агрессивдүү аннексиясына Бишкек үн ката элекУкраинанын армиясы августтун аягында орус армиясына каршы масштабдуу контрчабуул баштаган. Жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.
Ортодо аракет аз-маз жайлап калган. Бирок украиндер соңку күндөрү Донецкидеги стратегиялык Лиман шаарын толук бошотуп, Северодонецк жана Славянск калааларына багыт алды. Кеминде Кременная шаарчасына жакындады.
Орусиянын Коргоо министрлиги болсо чабуулдарды улантып жатканын, тескерисинче алардын күчтөрү бир катар жерлерде жылыштарды жасаганын кабарлоодо. Мекеме мобилизацияга тартылган аскерлер да Украинадагы согушка жөнөтүлөрүн билдирди.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 4-октябрдагы жыйында буларды билдирди:
“Орусия Федерациясынын президентинин жарлыгына ылайык, 21-сентябрдан бери өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында ушул күнгө чейин куралдуу күчтөргө 200 миңден ашык адам тартылды”.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы соңку суткада Орусиянын 370 аскерин, 44 танкын жок кылганын маалымдады. Алардын эсебинде муну менен орус тараптын аскердик жоготуулары 60 миңден ашты жана талкаланган танктарынын саны 2 жарым миңге жетти. Расмий Киев ошондой эле Москванын 250дөй учагы, 200дөй тик учагы талкаланганын тактады.
Дагы караңыз Украина: Лиман шаары толук бошотулдуУлуу Британия Орусиянын 25 миңдей жоокери кырылып калды бааласа, АКШ өлгөндөрдү жана жарадарларды кошкондо орус армиясы 70-80 миңдей жоокерин жоготконун билдирип жатат. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мурдаарак өзү 6 миңдей жоокери өлгөнүн моюнуна алган.
Ошол эле маалда Москва 60 миңдей украин аскерин жок кылганын кабарлаган. Киев 9 миңдей жоокеринен айрылганын тактаган.
“Аннексия сүйлөшүүгө чекит койду”
4-октябрдын таңында Орусиянын парламентинин жогорку палатасы – Федералдык Кеңеш Украинанын төрт облусун Орусия Федерациясына кошуу тууралуу келишимдерди жактырды. Мунун алдында документти төмөнкү палата – Мамлекеттик Дума да бекиткен. Чечимди Конституциялык сот да мыйзамдуу тапкан. Иш жүзүндө Украинанын аймактарын аннексиялоо, же мыйзамсыз басып алуунун формалдуу процедуралары аяктады.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров муну чет өлкөлөрдүн таанып-тааныбаганы айырмасы жок экенин айтты:
“Бул аймактардын Орусияга кошулушун Батыштын тааныбаганы Москва үчүн принципиалдуу эмес. Албетте, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү болбой койбой турган жаңы реалдуулукту түшүнүшсө жакшыраак болмок”.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге 30-сентябрда кол коюшкан. Ал келишимдер аталган аймактарда өткөн жасалма референдумдарга негизделген.
Дагы караңыз Украина Путиндин аннексиясына жооп болорун эскерттиУкраинанын президенти Владимир Зеленский бул аннексияны тааныбай турганын кайталап, Путиндин кадамы мындан аркы сүйлөшүүлөргө чекит коёрун билдирген. Батыш өлкөлөрү да бул референдумдарды жана аннексияны тааныбай турганын маалымдап жатышат.
Украиналык саясий талдоочу Владимир Фесенко аннексиядан кийин эки тараптын сүйлөшүүсү мүмкүн эмес деген пикирде:
“Башка маселе, Зеленский аймактардын макамына байланыштуу эч кандай сүйлөшүү болбой турганын мурдатан эле айтып келген. Орусия алар дагы аннексияланган аймактар жөнүндө такыр сүйлөшпөй турганын билдирди. Украина да аларды Орусияныкы деп тааныбайт. Украина тескерисинче ал аймактарды бошото баштады. Ушундан улам жакынкы аралыкта согуш келишкис мүнөзгө айланып калды. Теория жүзүндө алганда да, азыр сүйлөшүүнүн предмети калбай калды”.
Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Сегиз жылдан кийин – быйыл февралда орус аскерлери Украинанын калган аймактарына кол салган.
Орусиялык аскерлер жана жикчил күчтөр учурда Москва аннексиялаган төрт облустун бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана кармаш дале уланууда.