Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Орусияда аскер комиссариаттарына кол салуу күчөдү


Иркутскиде өткөн мобилизацияга каршы нааразылык акциясы.
Иркутскиде өткөн мобилизацияга каршы нааразылык акциясы.

Орусияда согушка каршы чыккан жаран аскердик комиссарды атып салды. Өлкөдө жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери комиссариаттарга кол салуулар күчөдү. Айрым аймактарда нааразылык уланып жатат, ошол эле маалда чек арадан чыгып кеткендер да арбыды.

Орус бийлиги мобилизация менен Украинадагы урушта жоготуулардын ордун толтурууну көздөйт. Согуш айыгышкан мүнөздө уланууда.

“Азыр баарыбыз үйгө кетебиз”

Орусиянын Иркутск облусунун Усть-Илимск шаарындагы аскердик комиссариаттардын биринде аскерге чакырылган адам ок чыгарды. Андан аскерге чакыруу комиссиясынын башчысы Александр Елисеев жаракат алып, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени кабарланды.

Маалыматка караганда, кол салган жаранга согушка чакыруу келген. Күбөлөрдүн айтымында, ал ок чыгарардын алдында “азыр баарыбыз үйгө кетебиз” деп кыйкырган.

Социалдык тармактарга тараган видеодо, ок аткан киши кармалып, сурак берип жатканы тартылган.

Сурак жүргүзүүчү: Аты-жөнүң ким?

Кармалган киши: Зинин Руслан Александрович.

Сурак жүргүзүүчү: Зинин?

Кармалган киши: Ооба. 1997-жылдын 26-июнунда туулгам.

Сурак жүргүзүүчү: Кайсы жерде жашайсың?

Кармалган киши: Усть-Илимск шаарынын Белград көчөсүндө жашайм.

Сурак жүргүзүүчү: Кайсы жерде иштейсиң?

Кармалган киши: Жумушсузмун.

Тергөө комитети бул факт боюнча “мыйзамсыз курал алып жүрүү” жана “тартип коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Деген менен мунун өзү Орусияда мобилизацияга каршылыктар акырындан радикалдашып баратканынан кабар бергенсийт. “Медиазона” басылмасы орус аскерлери Украинага кол салган февралдан бери Орусиянын аймактарында аскердик комиссариаттарды жана административдик имараттарды 54 жолу өрттөө аракеттери катталганын жазды. Мунун 17си мобилизация жарыяланган акыркы беш-алты күндүн ичинде болду.

Якутиядагы мобилизацияга каршы нааразалык акциясы.
Якутиядагы мобилизацияга каршы нааразалык акциясы.

Орусияда мындан сырткары мобилизацияга каршы бир катар шаарларда ири акциялар өттү. Ишемби-жекшембиде митингдерге чыккан эки жарым миңдей киши кармалганы маалым болду. Анын ичинде Дагестандын борбору Махачкалада нааразылыкка чыккандар менен полиция кагылышты. Полиция асманга ок чыгарып, калкты кууп таратты.

Махачкаладагы митингчилердин бири балдарын Украинага жөнөтпөй турганын айтты:

“Биз согушка каршыбыз. Эмнеге биздин балдарды алып кетип жатасыңар? Орусияга ким кол салды? Эч ким кол салган жок. Тескерисинче, Орусия Украинага кол салды”.

Дагестандагы мобилизацияга каршы акция.
Дагестандагы мобилизацияга каршы акция.

Бул арада аскерге чакыруудан качкан жүздөгөн адамдар, негизинен эркектер Орусиянын аймагынан чыгып кетип жатат. Алар Казакстан, Кыргызстан, Армения, Грузия, Беларус жана Финляндия сыяктуу мамлекеттерге учак менен да, кургактыктагы чек ара бекеттери аркылуу да кетип жатышат. Акыркы суткаларда Казакстанга эле 40 миңдей орусиялык жаран келгени маалым болду.

Буга байланыштуу Орусиянын бийлиги аскерге милдеттүү жарандарга өлкөдөн чыгууга тыюу салышы мүмкүн. "Медуза", "Сота", "Важные истории" басылмалары Кремлге жакын өз булактарына таянып жазгандай, мындай чечим 28-сентябрга чейин кабыл алынышы ыктымал.

Орусиялык укук коргоочу Анастасия Буракова Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоору – “Настоящее Время” телеканалына берген интервьюсунда мындай деди:

Анастасия Буракова
Анастасия Буракова

“Азыр Орусиядан учак менен чыгып кетсе болот. Бирок билеттер өтө тартыш. Маселен, салыштырмалуу Кыргызстанга учуу калгандарынан арзаныраак болуп жатат. Ошондо да, баалар 800-1000 долларга чейин болуп жатат. Түркияга, Арменияга жакын арага билеттер таптакыр жок. Же алысыраак даталарга коюлган жана баалары бир нече миң доллар деп көрсөтүлгөн”.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Коргоо министри Сергей Шойгу мунун алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. Бирок бир катар басылмалар тиешелүү жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга чакырыларын жазды.

“Эт менен темирдин кармашы болот”

Москванын аскердик мобилизациясы орус аскерлеринин Украинадагы согушта көп жоготууларга кабылган учурга туш келди. Орусиянын Коргоо министрлиги ушул убакка чейин 6 миңдей гана аскери өлгөнүн билдирүүдө. Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрү орус тараптын жоготуулары 57 миңден ашканын кабарлоодо. Мына ушундан улам жаңы чакырылгандар боштуктардын ордун толтурушу керек.

Аскердик эксперт Роман Свитан мобилизацияланган адамдар эки-үч күндүк даярдыктан кийин эле согушка жиберилип жатканын айтууда. Ал ошол себептүү жаңы чакырылгандардын көбү согушта кырылып калат деп эсептейт.

Роман Свитан
Роман Свитан

“Алар миллион адамды азыр дароо чакыра алышпайт. Андан да аны ноябрга чейин ишке ашыра алышпайт. Анткени Орусиянын мобилизациялык системасы модернизацияланган эмес. Тиешелүү органдары айына 100 миң болбосо, ашып кетсе 50 миңдей жоокерди чогултуп, уюштура алат. Сөз жок, орусиялыктардын жалпы мобилизациялык потенциалы 15 миллионго чейин, бирок дароо миллион адамды чогултушу кыйынга турат. Башкы маселе, канча адамды мобилизациялаганында эмес, аларды курал менен камсыздоодо. Согушта аскерлерин, алар менен чогуу техникаларын, курал-жарагын жоготкон Орусия мынчалык көп аскерди керектүү нерселер менен толук камсыздай албайт. Бул жарылып калган дөңгөлөктү үйлөгөндөй эле. Сен канчалык жел киргизсең деле, ал жыртыгынан чыга берет. Эгер орой айтсак, Орусия канчалык көп адам топтобосун, согушка жөн гана этти жөнөтөт. Украина болсо Батыштан курал-жаракты, техниканы көп алды. Мындан ары эми эт менен темирдин кармашы болот”, – дейт эксперт.

Орусиянын кол салуусун агрессия деп атаган Украинанын бийлиги Москванын мобилизациялык чараларын да "кылмыштуу аракет" деп баалап жатат. Украинанын президенти Владимир Зеленский мобилизация биринчи кезекте согушту узартуу эле эмес, Орусиянын өзүндөгү этносторду тукум-курут кылууну көздөй турганын эскертүүдө.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Биз жарандар, анын ичинде Дагестандагы тургундар өз өмүрү үчүн күрөш баштаганын көрүп жатабыз. Алардын өмүрү коркунучта турганын түшүнө башташты. Эмне үчүн алардын күйөөлөрү, бир туугандары, балдары бул согушта өлүшү керек? Бул бир эле адам каалап жаткан согуш. Биздин элибизге каршы, биздин жерибизде болуп жаткан согуш. Ал бул согушка өзүнүн балдарын жөнөткөн жок. Силер да өз балдарыңарды согушка жөнөтпөө үчүн күрөшкүлө. Орусиядагы бул кылмыштуу мобилизацияга каршы тургула. Анткени эгер силер биздин балдардын өмүрүн алганы келсеңер, анда силерди тирүү коё бербейбиз”, – деди Зеленский соңку видео кайрылуусунда.

Украинадагы согуштун уланып жатканына жети айдан ашты. Орусиялык аскерлер ушул тапта Украинанын төрт облусун – Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынын көпчүлүк аймактарын ээлеп турат. Украиндер аларды Харьков, Николаев облустарынан дээрлик сүрүп чыкты.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 23-сентябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 23-сентябрга карата карта.

Москва жаңы маалыматтарында согуш башталгандан бери Украинанын 60 миңдей аскерин жок кылганын кабарлады. Киев мурдараак өз жоготууларын 9 миңдей деп тактаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG