Украина Кара деңиздеги портко сокку урду

Феодосия портундагы өрт.

Шейшембиге караган түнү украин армиясы аннексияланган Крымдын түштүк-чыгышындагы Феодосия портуна сокку урду. Анда бир киши мүрт кеткени кабарланды.

Порттогу "Новочеркасск" десанттык кемеси бутага алынганы айтылууда.

Орусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылып, тынч заманда 19 миң киши жашаган Марьинка шаарын "ээлегенин" билдирди. Киев муну четке какты.

Кара деңиздеги порт бутага алынды

26-декабрда Орусиянын Коргоо министрлиги "Новочеркасск" десанттык кемесине Украинанын Куралдуу күчтөрү сокку урганын ырастады.

РИА Новости агенттиги маалымдагандай, кеме жарым-жартылай жабыркаган.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын Москва дайындаган жетекчиси Сергей Аксенов шейшембиде украин армиясы Кара деңиздеги Феодосия портуна абадан ракеталык чабуул жасаганын, бир киши каза болгонун, экөө жараат алганын, алты имарат жабыркаганын кабарлады.

"Мэш" Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, Феодосия портунун аймагында катуу жарылуу болгонун, портту өрт түтүнү каптаганын жазды.

Крым көпүрөсүндө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилгени да айтылууда.

Ал эми "Военный обозреватель" Телеграм-каналынын маалыматында, Украина 100 чакырымдан алыс уча турган Storm Shadow ракеталары менен сокку урган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командири Николай Олещук Феодосия портуна канаттуу ракеталар менен сокку урулганын ырастады.

"Орусиядагы флот азайып баратат! Бул жолу Орусиянын Кара деңиз флотунун флагманы "Москва" крейсеринен кийин чоң "Новочеркасск" десанттык кемеси турат. Аскер-аба күчтөрүнүн учкучтарына жана катышкандардын баарына кылдат иштери үчүн ыраазычылык билдирем",- деп жазды Олещук.

"Новочеркасск" десанттык кемеси. Архивдик сүрөт.

Кремль бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Азырынча көз карандысыз булактардан украин армиясынын билдирүүсүн да ырастоо мүмкүн эмес.

Жекшембиде да Олещук Телеграм-каналына Су-34 бомбалоочу учагы Мариупол багытында атып түшүрүлгөнүн жазган. Ошол эле күнү украин аскерлери Кара деңизде Су-30ну атып түшүргөн.

Киев Марьинка басып алынганы тууралуу кабарды четке какты

Дүйшөмбү күнү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге Украинанын Донецк облусундагы Марьинка шаары орусиялык армиянын колуна өткөнүн билдирип, бул аскерлерге илгерилөө мүмкүнчүлүгүн бергенин айткан.

"Активдүү чабуулдун жүрүшүндө "Южная" дивизиясынын аскерлери бүгүн Донецкинин түштүк-батышындагы Марьинка аймагын толугу менен бошотушту", - деди Шойгу.

Владимир Путин жана Сергей Шойгу.

Бирок шейшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Александр Штупун Шойгунун сөздөрү чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ал шаарда салгылашуу уланып жатканын, украин аскерлери админстративдик аймактардан чегинбей турганын кошумчалады.

"Марьинка үчүн күрөш уланууда. Азыр биздин аскерлер Марьинканын чегинде турат, шаар толугу менен талкаланган. Бирок Марьинкадан толук чегиндик деп айтуу туура эмес" деди Александр Штупун жергиликтүү телеканалга берген маегинде.

Би-Би-Си кабарлагандай, Марьинка орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү тууралуу маалымат ырасталса, анда Орусия андан ары Новомихайловка аймагындагы украин армиясынын турумдарына сокку урушу мүмкүн. Орусиялык күчтөр андан ары Угледар багытында чабуулга өтөт.

Марьинка шаарынын урандылары. 12-май, 2023-жыл.

Орусия Украинага бастырып киргенге чейин бул шаарда 9 миңден көбүрөөк адам жашаган. Азыр калаа дээрлик толук талкаланган. 2022-жылдын мартынан бери Марьинканын тегерегинде айыгышкан салгылашуулар уланып келет.