Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Дүйнөлүк банк Украинанын чыгашалары үчүн акча берди


Эл аралык каржы уюмдарынын башчылары Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүн онлайн угушууда. Марракеш, Марокко. 11-октябрь, 2023-жыл.
Эл аралык каржы уюмдарынын башчылары Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүн онлайн угушууда. Марракеш, Марокко. 11-октябрь, 2023-жыл.

Украина Дүйңөлүк банктан мамлекеттик чыгашалар программасынын алкагында 1,34 млрд доллар алды.

Бул жардам өлкөнүн административдик мүмкүнчүлүгүн бекемдөө максатында берилгенин Украинанын Финансы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, каражат өлкө бюджетинин коргонууга жана коопсуздукка тиешеси жок чыгашасын жабууга жумшалат.

Негизинен социалдык төлөмдөргө жана мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө кырдаал учурларында төлөнүүчү төлөмдөргө сарпталат.

Финансы министри Сергей Марченко эл аралык жардам "Украинанын финансы-экономикалык туруктуулугун камсыздоого чоң салым кошконун" белгиледи.

"Америка авазы" радиосу Дүйнөлүк банк Украинага 1,086 млрд доллар, Норвегия 190 млн, АКШ 50 млн, Швейцария 20 млн доллар бергенин жазды.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Андан бери НАТО өлкөлөрү Украинага миллиарддаган доллар аскердик, финансылык жана гуманитардык жардам берип келет.

XS
SM
MD
LG